Жалал-Абад ШИИБи балдар үйүнө материалдык колдоо көрсөттү

Жалал-Абад ШИИБи балдар үйүнө материалдык колдоо көрсөттү

04.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

 Жалал-Абад ШИИБнин кызматкерлери тарабынан №6 орто мектебинде жаштардын ынтымагын бекемдөө максатында конференция уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Окуучуларга «Кылмыштуулуктун арты темир тор» аталышындагы чакан сахналаштырылган көрүнүш жана  патриоттук видеороликтер көрсөтүлдү. Өспүрүмдөрдүн кызыктырган суроолоруна жооптор берилип, окуучулар менен кенен талкуу орун алды. Ошондой эле милиция кызматкерлери жаштарды мыкты билим алууга, мекенди сүйүүгө жана коргоого, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырышып, кылмыштуулуктан, тамеки тартуудан, спирт ичимдиктерин алыс болууга үндөштү.

Мындан сырткары «Ак-Жол» балдар үйүндө тарбияланган өспүрүмдөргө Жалал-Абад ШИИБи тарабынан материалдык колдоо көрсөтүлдү.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы