Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусу текшерилди

Жалал-Абад шаарында өспүрүмдөрдүн жумушка тартылуусу текшерилди

18.06.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Жалал-Абад ШИИБи тарабынан жашы жете электердин эмгекке тартылуусунун алдын алууга багытталган «Эмгек жана өспүрүм» аталышындагы рейди өткөрүлдү. Рейд учурунда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылган 8 учуру аныкталды. Анын ичинен 7 өспүрүм Сузак районунун тургундары экени такталып, топтолгон материалдар сунуш иретинде Сузак РИИБне жөнөтүлдү.

Рейд учурунда өспүрүмдөр көбүнчө курулуш материалдарын сатуу жана жасалгалоо тармактарында, унаа жуучуу жайларда эмгектенип жатышкандыгы белгилүү болуп, жумуш берүүчүлөргө эскертүүлөр берилди.

Жайкы каникул учурунда өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу багытындагы иштер алдыда дагы улантылмакчы.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы