Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги областка эмгеги сиңген айымдарды куттуктады

06.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги 8-март – Эл аралык айымдардын күнүнө карата областтык мекеме-ишканаларда көп жылдан бери иштеп, эмгеги сиңген жана милиция менен тыгыз кызматташып, маалыматтык колдоо көрсөтүп келген айымдарды куттуктады. Айымдардын майрамы менен Жалал-Абад ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди каалады. Энелердин бул жашоодо орду толгус экендиги майрамдык жолугушууда белгиленди. Жумушунан сырткары үй-бүлө мүчөлөрүнө кам көрүп, балдарына татыктуу тарбия берүү менен дагы чоң жоопкерчиликти аткарып жатышкандыгы айтылды. Аялдардын эч качан көз жашы төгүлбөй, уул-кыздарынын сый-урматын көрүүсүн тилеген жетекчи айымдарга арналган атайын белектерин тапшырып, ардак грамоталар ыйгарылды. Өз кезегинде областтык милиция тарабынан белек алып, жылуу сөз угушкан айымдар ыраазычылыктарын билдирип кайтышты.

Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы