Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан  ири өлчөмдө баңгизатын сатып жаткан адам кармалды

Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан ири өлчөмдө баңгизатын сатып жаткан адам кармалды

13.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын опер кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында,  Токтогул районунун аймагында “А” аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сатып жүрөт деген ыкчам маалымат алынган. Аталган маалыматтын негизинде, 2020-жылдын 11-март күнү Токтогул районунун Үч-Терек айылынан өтүүчү Бишкек-Ош жолунун жээгинен ири өлчөмдө баңгизатын мыйзамсыз сатып жаткан жеринен Токтогул районунун тургуну 1983-ж.т. Т.З. кармалып, жанынан 10 (он) даана скотчко оролгон абалда болжол менен 4 кг 633 граммды түзгөн наркотикалык баңгизатка окшогон каражат видео тасмага тартылып, тийиштүү кагаздардын негизинде оозу печатталып алынган.

          Аталган факты Токтогул РИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

         Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т.З. баңгизатын өзүнүн айылдашы Токтогул районунун тургуну 1965-ж.т. Т.Ж.дан алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө кечиктирилгис тинтүү иштери жүргүзүлүп, даярдоого керектүү болгон далил буюмдар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Кылмышка шектүү жарандар КРнын ЖПКнын 98-беренесинин негизинде Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. 

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы