Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылычбек Жолдошов: «Элдин милицияга болгон ишенимин жогорулата алдык»
29.02.20202019-жылдын жыйынтыгы менен Жалал-Абад ОИИБси Республикада биринчи орунду багынтты. Кесип көй, өз ишин так аткарган, мыкты милиция кызматкери, татыктуу жетекчи Кылычбек Жолдошовду кепке тарттым.

— Кылычбек Нурмаматович, Өткөн жылдагы ийгиликтериңиз жана област боюнча катталган кылмыштар жөнүндө токтоло кетсеңиз?
— 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында, ошондой эле кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүп берүүдө демөөрчүлөрдүн жардамы менен Сузак районундагы Атабеков, Ноокен районундагы Сакалды жана алыскы Чаткал районундагы Терек-Сай аймактык милиция бөлүмчөлөрү жаңыдан курулду. Ал эми Таш-Көмүр ШИИБдин жана Кочкор-Атадагы милиция бөлүмчөсүнүн имараттарын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Ошондой эле Таш-Көмүр ШИИБге 3 даана, Жалал-Абад ШИИБге 1 даана кызматтык автоунаа алганга үлгүрдүк. Мындан сырткары калкты жеринде тейлөө максатында Жалал-Абад, Кара-Көл шаарында, Ала-Бука районунда Бирдиктүү терезе ачылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик, ишеним, жаратмандык” программасын жана Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жакшыртууда төрт негизги багытты жеринде аткарууда өлкөбүздүн тарыхына жана маданиятына байланышкан көп сандаган маданий жана коомдук иш-чаралар өткөрүлүп, эл арасында коомчулук менен биргеликте жогорку деңгээлдеги профилактикалык иш-чаралар тынымсыз уюштурулуп, коомдук саясий абал жана криминогендик кырдаал көзөмөлгө алынып, натыйжада бүгүнкү күндө областтын аймагында коомдук коопсуздукту жана стабилдүүлүктү камсыздоого жетише алдык. Бул иш-чаралардын натыйжасында элдин бизге болгон ишенимин 54,6 пайызга көтөрө алдык.
Кылмыштуулук боюнча токтоло кетсем, 2019-жылдын 12 ай ичинде Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 5-беренесине ылайык, электрондук маалыматтарды каттоо журналына (ЭМКЖ, ЖУИ) жалпы 11580 окуя, кылмыш жана жоруктар боюнча маалыматтар катталып, кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине (КЖБР) жалпы 9192 маалымат которулуп, анын ичинен 4900 кылмыш жана 4292 жоруктар катталган. Жалпы катталган кылмыш жана жоруктардын бетин ачуу 81,3 пайызды түздү.

-Көбүнесе кандай кылмыштар катталат?
-Өткөн жыл ичиндеги катталган кылмыштардын негизинде жүргүзүлгөн талдоого таянсак, көп учурда алдамчылык, уурдоо жана майда бейбаштык фактылары катталган.

-Коррупция менен күрөшүү иш жүзүндө кандай жүрүп жатат?
-Коррупция менен күрөшүүчү тиешелүү кызматтар бар, алар өз деңгээлинде иштеп жатышат. Ал эми милициянын кадыр-баркын түшүрүп, өз милдетин так аткара албаган жана кызматынан кыянаттык менен пайдаланган, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту бузгандыгы үчүн 34 кызматкер ээлеген кызматынан четтетилип, 7 кызматкер ички иштер органынан толугу менен бошотулду.
—Жарандардын коопсуздугу, укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатат?
-Баса белгилеп жана ишенич менен айта аламын, жарандардын коопсуздугу, алардын укуктары жогорку деңгээлде корголуп келүүдө. 2019-жылдагы аткарган ишмердүүлүгүбүздүн жыйынтыгы менен элдин милицияга болгон ишеничин салыштырмалуу бир топ пайызга көтөрө алдык десем жаңылбайм. Жалпыга маалым болгондой эле, жемиштүү жумушубуздун натыйжасында республика боюнча 1-орунду багындыра алдык. Бул ийгиликтин болушуна областтагы ар бир милиция кызматкеринин салымы зор экендигин белгилеп кетемин.