Жакшы кабар! Бир оператордон экинчисине чалуунун акысы арзандайт

Вице-премьер Равшан Сабиров байланыш операторлорунун өкүлдөрү менен кеңешме өткөрүп, анда телекоммуникация тармагын өнүктүрүү маселеси каралганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Сабировдун айтымында, телекоммуникациялык технологиялар экономикалык өнүгүүнүн негизги драйвери болуп саналат жана байланыш операторлорунун кызматтарынын сапаттуу өнүгүшү телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талаптын жогорулашынын фонунда өзгөчө мааниге ээ.

«Бүгүнкү күндө интернет жана байланыш жарандардын да, жалпы өлкөнүн да жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Биз тармактын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурушубуз керек, анын ичинде бүткүл республика боюнча телекоммуникация кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын көтөрүү, ошондой эле бешинчи муундагы (5G) уюлдук байланышты жайылтуу шарт», — деди вице-премьер.

Сабиров бүгүнкү күндө радиожыштык ресурстарын керектөө көбөйүп, мындан улам телекоммуникациялык кызматтарга суроо-талап өсүп жатканына токтолду. Бул өз кезегинде анын тартыштыгын шарттайт. Вице-премьер аталган ресурсту туура жана рационалдуу пайдалануу менен гана телекоммуникация тармагын өнүктүрүүгө жетишүү мүмкүн экенин кошумчалады.

«Бүгүнкү күндө радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиялары бар компаниялар келишимдик негизде үчүнчү юридикалык жактарга берүү практикасын жүзөгө ашырып келүүдө, ошол эле учурда алар өзүлөрүнүн тармактарын өнүктүрбөй, чектелген ресурсту гана «карманып» жүргөнү эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан бардык байланыш операторлорун радиожыштык ресурсун белгиленген стандарттарга ылайык натыйжалуу пайдаланууга чакырам», — деди өкмөт өкүлү.

Кеңешмеде өкмөт тарабынан ар кандай байланыш операторлорунун (интерконнект) ортосундагы туташуу үчүн тарифтик ставканы төмөндөтүү ырааттуулугу аныкталгандыгы белгиленди. 3,5 сом болгон тариф 2021-жылдан баштап 1 сомго чейин төмөндөйт.

Жыйындын жүрүшүндө телекоммуникация тармагындагы актуалдуу маселелер талкууланып, тармактык компаниялардын өкүлдөрү чечүүнү талап кылган бир катар маселелерди көтөрүштү.