Ерке Есмахан менен Кайрат Нуртастын ортосунда чечилбеген кандай чыр бар?

Ерке Есмахан менен Кайрат Нуртастын ортосунда чечилбеген кандай чыр бар?

04.11.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Казак эстрада жылдызы Ерке Есмахан  менен Кайрат Нуртастын апасы жана   продюсери Гүлзира Айдарбекованын ортосунда нааразычылыктар жаралганын казак басылмалары жазып чыгышты.

Айтылган маалыматтарга караганда, Ерке Есмахандын «Кайда?» аттуу ыры YouTube каналында 100 миллиондон ашуун көрүлгөн. Еркенин ыры баласыныкынан көп көрүү болгонуна ичи күйгөнбү же андан да башка себеби барбы, айтор, Кайраттын энеси Гүлзира Айдарбекова жергиликтүү журналистке мындай болушуна ишенбестигин билдирген. Ал » – Менимче, Кайраттын Ерке Есмаханга караганда катталуучулары да, көрүүчүлөрү да көп. Казакстанда Кайрат биринчи орунда деп ойлойм. Али Кайраттан эч ким ашкан жок. Мага буга чейин, кароону көбөйтүп беребиз деп кайрылгандар болгон. Аларга акча берсең, кароону кошуп беришет экен. Бирок, мен мындай иштерден алысмын», — деген.

Казакстандын дагы бир белгилүү ырчысы Жанар  Айжанова да бул туурасында  өз оюн калтырган: “– Менин катталуучуларым кудайга шүгүр, калк алдында өзүңдүн чыныгы алган бааң сиңимдүү болот эмеспи. Мейли катталуучуларың көп болсун, бирок эл алдында эч нерсе  дей албай турсаң, анын эмнеси жакшы”, — дейт ал өз сөзүндө.

Буга жооп кайтарган Ерке Есмахан  интернет баракчасына өзү ырдаган видеосун жүктөп, “ – Эми эмне деймин, мен эч кимге жаккым келбейт, эч кимдин көңүлүн калтыргым келбейт. Кыскасы, баары жакшы болушун каалаймын. Менин угармандарым, көрүүчүлөрүм да абдан көп.

Менин ата-энем продюсер эмес. Алар жөн гана менин угармандарым. Бирөөнүкүн тартып алган жерим жок, баардыгы өз эмгегим менен келип жатат. Бул заманда баардыгын сатып алса болот чыгар, бирок өнөр адамы элдин сүймөнчүлүгүн эч качан сатып ала албайт.

Менин чыгармачылык жолумдагы жеткен ийгилигим — эл. Ютубду мен кандай сатып алам?!! Эгер сатып алууга мүмкүн болсо, акчасы көптөр сатып алып, миллиардер болуп кетмек.

Мен  ийгиликке  жетиш үчүн  өмүрдүн канчалаган сыноолордон өттүм. Баардыгын кудайга тапшырдым. Гүлзира апай, мен сизди баары бир жакшы көрөм, сыйлайм! Кайрош досум, бакытың арта берсин! Ээсиңде чыгар, сага айтып эле жүрөм,  сен “номер один” экениң чындык! Аман бололу”, — деп жазган ырчы айым.