«Дүйнө мырзасы” сынагынан ырчы Даниель Бегалиев 2-орунду алды

«Дүйнө мырзасы” сынагынан ырчы Даниель Бегалиев 2-орунду алды

26.08.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Филиппиндин борбору Манила шаарында жыл сайын өтө турган «Mister World-2019» («Дүйнө мырзасы») сынагы 6-августтан 24-августка чейин өттү. Бул сынакка Кыргызстандын атынан ырчы Даниель Бегалиев катышып, үнү боюнча «Талант шоу» сынагынан 2-орунду алды. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасына жазып чыкты.

«Бул сынактан мен көптөгөн тажрыйба алдым. Кызыктуу сапар болду жана жаңы досторду таптым. Эң негизгиси Кыргыз мамлекетимди бүт дүйнөгө тааныттым десем деле болот. Биздин мамлекет тарыхта калат, анткени биринчи жолу мен мырзалардын арасынан сынакка катышып жатам. Дагы көптөгөн сынактар болот, мындан аркыларында биринчи орунду алып келүүгө болгон аракетимди жумшайм», — деп жазды ырчы.

Эскерте кетсек, бул сынакка 80ге жакын өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Эл аралык сынакта ар түрдүү спорттук мелдештер, тамак жасоо жана башка сынактар болду. Ал эми «Дүйнө мырзасы» сынагы 1996-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Булак:zaman.kg