«Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков бир айга камалды

«Дордой-Дыйкан» базарынын директору Эркин Салымбеков бир айга камалды

15.10.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Ишкер Эркин Салымбеков УКМКнын тергөө абагына бир айга чейин калтырылганын Биринчи май райондук соту кабарлады.

Анын баш коргоо чарасы тандалып, сотко чейинки өндүрүш иши аяктагыча, тактап айткаеда, 6-декабрга чейин камакка алынган.

Буга чейин Эркин Салымбековдун УКМК тарабынан кармалгандыгы маалымдалган болчу. Ишкердин эмне себептен кармалганы боюнча ачык маалымат бериле элек.

Эркин Салымбеков «Дордой-Дыйкан» базарынын директору. Ишкер Аскар Салымбековдун иниси.