Джанысак Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун администрация башчысы-акими:   “Эгер убада берсем сөзсүз аягына чыгам”

Джанысак Сатыбалдиев, Базар-Коргон районунун администрация башчысы-акими: “Эгер убада берсем сөзсүз аягына чыгам”

26.01.2022 Выкл. Автор bulut.kg

Эмгекчилдикти баалаган, убадага бекем, иштеген ишинин майын чыгарган, жөнөкөйлүктү туу туткан Джанысак Манасбековичти кепке тарттым.

—      Менин алгачкы суроом,  артка кайтаргыс, кол жеткис балалыгыңыз жөнүндө кеп салуу менен маекти баштасак дегим келип турат.

—      Балалыгымдын издери Токмок шаарында калган. Токмок шаары СССР мезгилинде өнөр жайга бай ири шаарлардын бири болчу. Орус мектепти аяктагам. Союз  мезгилинде мектептерде билим берүү жана идеология  аябай күчтүү эле. Биздин балалык жүрөгүбүздү ачып мекенге болгон сүйүүнү, мекенчилдик сезимди ойготкон. Азыр ойлоп көрсөм менде болгон мекенчилдик сезим мектепте окуган окуучулук кезимден калыптана баштаган экен. Катардагы эле жумушчунун үй- бүлөсүндө төрөлүп-өстүм. Беш бир тууганмын. Эки кыз үч эркекпиз. Атам Токмок шаарындагы ПОШто (жүндү иштеткен фабрика) иштечү.

Ал эми апам болсо, кийиз тиккен фабрикада катардагы жумушчу эле. Ата-энем эрте кетип кеч келгенине карабай, бизге таасирдүү тарбия берди деп айта алам. Бала үйдө ата-энесинин сөзүнө караганда баскан турганынан тарбия аларын түшүндүм. Ал эми алардын айткан кеби, насааты дале кулагымда жанырат. «Ачуу душман акыл дос»,  «ачуулунун алдынан чыкпа»,  «улууларды урматта» деп көп айтчу. Алардын накыл кептери турмуштук практикамда пайдасы зор.

—      Бала кезде кайсыл кесиптин ээси болгуңуз келчү…

—      Биз бала кезде азыркыдай депутат, министр болом деген жок эле да. Ал кезде идеалдар башка эле: космонавт,  милиция, инженер, өрт өчүрүүчү деген кесиптер популярдуу болгон  Жеке өзүм сегизди аяктаганда Бишкек шаарындагы Суворов атындагы аскер училищасына тапшырууну кыялдангам. Бирок  үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бара албай калдым да, айыл чарба техникумуна тапшырдым. Аны аяктаган соң Кыргыз техникалык университетинде радио электроника бөлүмүн аяктадым.

—      Сиз багынткан ийгиликтердин башаты ким деп эсептейсиз…

—      —           Мен өзгөчө белгилеп кетким келет, менин бүгүнкү жетишкендигимде ата-энемдин эмгеги чоң. Мага берген татыктуу тарбиясынын астында бүгүнкү күндө элиме кызмат кылып жатам. Атам өз жумушун сүйгөн, өз кесибине кыянат кылбаган адам. Баары сыйлап турчу. Азыркы күнгө чейин атамдын баласы экенимди укканда, атамды тааныгандар «атаң, Манас жакшы киши»  деп жакшы кептерин айтса өзүмчө кубанып бир чети жакшы атанын уулу болуш жоопкерчилик экенин жон терим менен сезем.

—      Ата аска тоо демекчи, жакшы атанын уулу экенсиз. Сиз балдарыңызга кандай атасыз…

—      Мен кандай ата экенимди билгендер айтар. Бирок мен атама окшоп артымдан жакшы сөз ээрчиткен, кайсыл кесипти аркалабайын, кай жерде иштебейин таза, так, туура иштегенге аракет жасайм. Кийин менин балдарым мен үчүн жер карап уялбагандай болсун деген тилегим бар. Келечекте балдарым, неберелерим мени менен сыймыктанса дейм.

—      Жашоодогу принцибиңиз кандай…

—      Кайсыл жумуш болбосун таза иштеш керек деген принцибим бар. Таза, так милдетти аткаруу керек. Менин оюмча, ар бир атуул өзүнүн кызматын, жумушун таза, берилүү менен аткарса анда натыйжалуу жыйынтык  жогорку деңгээлге жеткирет.

—      Эгер сыр болбосо, мурун кайсыл жерлерде иштегенсиз…

—      Алгачкы эмгек жолум студент кезде эле башталган, атам иштеген ПОШто катардагы слесарь болуп иштедим эки жылдай. Ал жерде кондиционердик орнотууларды карачумун. Окууну бүткөн соң эки жылдай Бишкектин радио борборунда инженер болуп иштедим.  Министирликте, Таш-Көмүрдө кристал заводунда иштедим. Башкы директордун жардамчысы болуп эмгектендим. Экономика жана инвестиция тартуу боюнча бөлүмдө, бөлүм башчысы болуп иштедим. Анан Кыргыз- Кытай кагаз фабрикасында, мэрияда коммуналдык чарба жана турак жай башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштедим. Аппарат жетекчиси болуп иштедим. Долбоорлордо иштедим Аристе. Анан резерв кадрга конкурс жарыяланып, документ  өткөрүп конкурска катыштым. Ушул жылдын май айларында Президентибиз Садыр Жапаровдун   жарлыгы менен Базар-Коргон районуна аким болуп шайланып келдим.

—      Өзүңүз Токмок шаарынан келсеңиз. Түштүк жеринин менталитетине, диалектисине  көнүп жатасызбы…

—      Биз баарыбыз кыргызстандыкпыз,  мекенибиз бир. Башында көнө албай жаттым. Бирок тез эле үйүр алышып көнүп кеттим. Базар-Коргон району Кыргызстандагы чоң райондордун катарын толуктайт. Эли  меймандос,  иштерман келет. Алар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериш керек.

—      Базар-Коргон районун кантип, кайсыл жагынан өнүктүрсө болот деген идеяларыңыз…

—      Райондун мүмкүнчүлүктөрү көп: туризмди, айыл чарбаны өнүктүрсө болот. Кийинки жылга үч жылдык программа түзөйүн деп жатам. Азыр мына жарым жылдын ичинде көрдүк-билдик кандай долбоорлорду ишке ашырсак болот. Декабрь айдын ичинде жакшы бир программа түзөбүз. Айыл өкмөт башчылары райондук жетекчилер менен биргеликте. Ошол программанын үстүнөн иш алып барабыз.

—      Кандай идеялардын үстүндө иштеп баштадыңыз…

—      Жакшы идеялар бар, демилгелер бар, ошону колдош керек. Быйыл музей ачтык, эс алуучу парк оңдолду. Мунун баары жеке эле менин ишим дебейм, мени менен иштегендердин колдоосу менен ишке ашырылган жыйынтык 

Андан сырткары быйыл жаңгак фестивалын болсо өзгөчөлүк менен өткөрдүк. Жөнөкөй жармаңке кылбай илимий конференция уюштуруп, бир эмес бир нече жерде  өттү. Экскурсия да болду жаштарга. Практикалык конференция болду.  Андан сырткары айта кетчү нерсе,  беш жерде микро ГЭС салганга документ даярдап жатабыз. Эки жерге муципалдык менчик базар уюштурганы жатабыз. Мунун баарын жалгыз ишке ашырбайм командам менен, идеялаштар менен ишке ашырабыз. Көпчүлүк идея, сунуштарды элден алабыз.

—      Убадага бекемсизби…

—      Кыргызда «жигиттин сөзү өлгөнчө өзү өлсүн» деген кеп бар. Бирөөгө сөз, убада бербейм. Эгер убада берсем сөзсүз аягына чыгам.

Учурда алты айдын жыйынтыгы менен долбоорлор башталган, бирок аягына чейин жеткен жок.  Базар-Коргондун эң маанилүү долбоорлору бүтө элек,  мисалы,  Кеңеш айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылындагы № 38 мектеп боюнча. Ошол айылдын эли менен жолуккам. Дүйшөндүн мектеби деп коет экен. Эски, кулайын деген мектеп. «Канча аким, губернатор, депутаттар келет, баары эле  сөз берет, мектеп салабыз дейт» деп эл айтып берди жолугушууга барганда.  Мен сөз бербейм,  бирок мунун үстүндө иштейбиз дедим.   Катлаванын казып башташты, Кудай буйруса, мектеп салынат.  Чечилбеген маселе жок. Бардык маселе чечилет,  болгону чече турган жолдорду табыш керек.

BUIUT.KG