Депутат Дастан Бекешев медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо маселесин көтөрдү

Депутат Дастан Бекешев медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо маселесин көтөрдү

21.05.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеште Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчетун кароо маалында депутат Дастан Бекешев медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоо маселесине токтолду.    

Депутат прокуратура системасы жаңыланат деген үмүт менен эки жыл мурун Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду колдогонун белгилеп: “Тилекке каршы бүгүнкү күндө эч кандай жыйынтык жок. Оңдуу өзгөрүү болбоду. Бардык кайрылууларыбыз ар кайсы жакка жөнөтүлүп калууда. Жакында эле эл алдында кечирим суроого мажбур болгон, басымга кабылган дарыгерлер боюнча кайрылгам. Бирок Башкы прокуратура дарыгерлер өз демилгеси менен кечирим сурашкан, — деп жооп берди. Бул туура эмес”, – деди.

Муну менен катар Дастан Бекешев мыйзамсыз байыгандар тууралуу фактылар боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөй жатканын билдирип: “Ошол эле прокуратура кызматкерлери айлык маянасынын аздыгына карабай кымбат унаа айдап, хан сарайларда жашап жатышат”, – деп кошумчалады.   

Өз кезегинде Башкы прокурор өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шартында 25 факты катталып, анын ичинен 26 киши өз ыктыяры менен кечирим сурашканын маалымдады.

“Ал эми мыйзамсыз байыгандар тууралуу айтсак, мурдагы жылдары бул жаатта эч кандай кылмыш иши козголгон эмес. 2019-жылы болсо 19 кылмыш иши ачылды. Бирок иликтөө ишин ыкчам бүткөрүү мүмкүн эмес экенин да белгилеп кетким келет. Анткени далилдик база керек. Ага ылайык тиешелүү жумуштар жасалууда”, – деди Өткүрбек Жамшитов.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы