Депутаттыкка талапкер

Депутаттыкка талапкер

22.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Д

Арадан бир ай өттү. Айдан аз да болсо айткан убадасын аткарууга жетишти. Ал Шамды ресторанга чакырып, гезиттеги Президенттин Указдарын көргөзүп, иштин ийгилиги үчүн тост көтөрө жакшы ымаланы белгилешти. Ошентип, айлар жылга алмашып Шамдын оюндагыдай кадрлар кызматка орношуп, наркотрассага “жашыл” жарыкты камсыз кылды. Айдан менен болгон мамиле майдай жуурулушуп, акча десе атасын саткан бу азаматтын каалаганын жасап, ага бейиштей шарт түздү. Жылдар жалгашып эки жыл тез эле өтүп кетти. Ал атасы менен чет өлкөгө иш сапарга чыкканда Шам жол чыгымын көтөрүп, коштоп жүрүп кыйла жерди кыдырышты. Айдан Шамды Президентке ири ишкер катары тааныштырып, тамырын тарттырган. Бирок, ушуну менен эле баары телегейи тегиз болот деп, айрым бир тиш кайраган душмандардын көбөйгөнүн да билген жок. Шам президенттин уулу менен болгон байланышты өтө терең кетет деп ойлогон эмес. Убакытка укурук жок тура. Бир күнү Айдан Шамга телефон чалып:

— Шаамир, жакында депутаттыкка шайлоо болот. Президент шайлоо алдында өзүнүн көңүлүнө жакын адамдардын тизмесин тактап жатат. Ал тизмеде сен да барсың. Так что даярдана бер… – деп трубканы коюп койгон.

Бул Шам үчүн күтүүсүз сунуш эле. Түн уйкусуна бүлүк салды. Тогуз толгонуп акыл калчап, ой түбүнө жетпеди. Депутат болуу вазийпасын элестете албай, санаасы он талаа. Депутаттык кумардын даамын татпаган Шамга кызыксыз көрүндү. Ал түнү бою Президенттин уулунун сунушуна жооп таба албай, Айдан менен маңдай-тескей олтура ой бөлүшүнү эп көрдү. “Балким анын бир билгени бардыр” деген бүтүмгө келди.

Алар экөө жолугушканда Шамдын суроосуна көбүнчө Айданды коштоп келген орто жашап калган киши жооп берип жатты. Керек болсо депутаттык мандат алууга шайлоодо штабдын башчысы ушул киши болорун ишенимдүү билдирип жиберишти. Шам сөзгө конок берип олтуруп, үстүнөн “тон бычкан” өтө кылдат даярдалган иш чара экенин баамдады.

— Шайлоо деген ири суммадагы акчаны талап кылат, — деди Шам алардын сөзүн бузуп.

— Сен эмне жарды белең… Колуңа тийчү ырыскыңды чанба эми… Туура каражат сөзсүз керек, Шайлоо фондуңун акчасын мен төлөп берейин. Дагы башка жардам болот… Сен көңүлдү коюп, макул болсоң болду, Шам, — деп Айдан аны көндүргөнгө далалат кылып жатты.

— Кош, макул, депутат болоюн… Андан не пайда?..

— Пайдасы болот, — деп тиги киши мыйыгынан күлө карап сөзүн улады. – Биринчиден, депутаттык кол тийбестикке ээ болосуз. Сиз мыйзамдын негизинде корголосуз…

— Ал эмнеси? – Шам таңдана сурады.

— Айткан сөзүңө, кылган ишиңе жооп бербейсиң… – деп Айдан кепке аралашты. Тиги киши “Туура” дегендей башын ийкеп:

— Экинчиден, Жогорку Кеңеште укук коргоо тармагын тескеген комитетти жетектеп алсаңыз, сот, прокурор, милийса баары сизге отчет берип, баары сиздин алдыңда болот. Өкмөттүн составы түгөл, ал эмес райондук соттор депутаттардын макулдугун алмайынча шайланбайт.

— Дүйнөнүн төрт тарабын кыдырасың… – Айдан кызыктыра кулач жайды.

— А шайлоочулар эмне болот?.. – деди Шам.

— “Шайлоочуларга берген убаданы сөзсүз аткаруу керек” деген мыйзамда сөз жок. Кааласаңыз жардам бересиз. Бул эми көңүл иши.

— Кызык экен, көңүл иш болсо. Каалаганда барып, каалабаганда барбаса, ойношко мамиле кылгандай иш тура, мунуңар. Депутат деген ишеним арткан шайлоочуларына өз бүлөсүндөй мамиле кылат деп жүрбөймүнбү.

— Депутат болбой туруп деле элге жардам берип келбедиң беле. Ошону уланта бересиң… Калп эле маңыроо болбочу, Шам…- Айдан нааразы болгондой үн катты.

— Депутат деген убадасын аткара тургандай кылыш керек да.- Шам кайра тиги экөөнө суроолуу кайрылды.

— Мына буйруса сиз шайланып калсаңыз ушул талапты мыйзамдаштырганга мүмкүнчүлүгүңүз болот. Мен ишенем Сиз аны жасай аласыз…- деп тиги киши сылыктыгынан жазбады.

— Ойлонуп көрөйүн… өзүм байланышка чыгамын…- деп Шам  кетүүгө камынды.

— Шам, убакытты созбо… Макул десең Президент өзү кабыл алат,  — деди Айдан узатып чыгып баратып.

Шам Эдик менен кеңешип, көп ойлорго чайналып, акыры  Айданга макулдугун берип, эми Президент менен кезигишүүчү саатты күтүп жүрдү. Ак үйдөн, же резиденциядан жолугушат болушум керек деп сөзүн жаттап, өзүн таптап шагдам эле. Арийне күтүүсүз кезигишүү болду. Ишкерлердин эл аралык конференциясынан чыгып баратканда, Шамды жандай келген эки олбурлуу жигит: “Шаамир Төрөевич, биз менен жүрүңүз” деп узун коридорду көздөй басышты. Алар кенен бөлмөнүн каалгасына токтошуп, “Сизди  күтүп жатат” дешти. Шам бөлмөгө кирип келгенде Президент кучагын жая, эски таанышындай күтүп алды. Башка эч ким жок эле. Президент Шамды колтуктай:

— Биз сизди келечегинен көптү үмүттөндүргөн ишкер катары жогору баалайбыз… Анан эми Президенттин саясатын колдогон депутат болсоңуз өлкөбүз үчүн зор пайда алып келер элеңиз. Атайын, чакыртканымдын жөнү, ушул… – деп анын колунан кыса кармап:- Мандат алышыңызга ак жол каалаймын!.. Саламатта калыңыз!.. – деди.

Президент чыгып кеткенден кийин Шам көптөн бери кыялданган жолугушуунун кумарына канбай калгандай сыртка бет алды. Президентке жолуккан көз ирмемчелик убакытты түшүндө көргөндөй дендароо.  Ошол күндөн Шам саясаттын сары чырмоогуна чалынганын өзү да билбей калды. Ошол күндөн өкмөттүн маанилүү жыйындардын сыйлуу коногуна айланып, өзгөчө мамилеге курчалды.

Шам дачада башынан өткөндөрдү кайра эскерип, өзүн түйшөлтүп келген суроолорго жооп таап,  жолго чыкты.

***

Көпөстүн көзүн ачканда

Акылын пештеген күндөр аптага созулуп, Шам офисине келери менен Сапердун ишине кызыкты. Саткынды сазайын берип, ишенимге арзыган, билегине пилди олтургузар эр көкүрөк Али:

— Баары ойдогудай болду, шеф, — деп ичинде акча шыкалган дипломатты ачып алдына  койду.

— Бул олигархтын сыйлыгы да… – деди Шам акчаны уучтай кармап. Али үн-сөзсүз башын ийкеди. Ал дипломаттагы тизилген акчаларды үчтөн бирин бөлүп, столдун үстүнө үйүп:

— Мобу силердин үлүшүңөр… Балдарды нааразы кылбай бөлүп бер… Иштедиби үзүрүн көрүшсүн. Эми Сапердун милдети сенин мойнуңда… деп “акчаны алып кет” дегендей дипломатты колуна карматты.

Али Шамдын берешендигине таңдана, такымы карышкан сыңар кадала тиктеген калыбынан жазбай катып калгансыды.

— Сапер ушундай сыйды көтөрө албады… Эми сен ишенимди акта… Тең көргөндү теңирим сүйүптүр дейт, — деп Шам анын далысынан таптап: — Же туура эмеспи? – деди күлө карап.

— Базар жок, шеф… Сизге кызмат кылуу мен үчүн зор сыймык… Андан кам санабаңыз…- Али не деп ыраазычылыгын билдирерине сөз таппай туталанды.

— Сөзүңдө жан бар… Давай, балдарды нааразы кылба…- Шам аны жандай басып бөлмөдөн узатып койду.

Али үчүн бул зор ишеним болчу. Шамдын жанында жүрү, анын керегине жарап, алкоо сөзгө арзуу кийинки жаштарга мартабалуу эле. Ал көз көргөндү эле тегерегине жыйначу эмес. Ага жетиш үчүн не деген сыноолорду баштан кечирип, керек болсо өмүрүн тобокелге салгандар болгон. Айтор Шамдын офисинде иштегенге жүздөн бири тандалат. Али ошондой сыноолордон өткөн “адис”. Жаш болсо да өзүнүн токтоолугу кем сөздүгү менен назарга илинген. Шефинин калыстыгына көңүлү жибип, ак кызмат өтөөчү антынан танбасына дитин койгон, Али. Бүгүнкү жолугушууга курсант.

Шам Эдикти кабинетине чакырып, тийиштүү тапшырмаларды берген соң:

— Шайлоо жакындап келатат… “Менин талапкерлигимди койгонго шайлоо комиссиясы жолтоо  болуп жатат” дегендей пиар таратуу керек. Балдарга дайында. “Бийлик бут тосууда…”. “Эгер депутат болуп калсам өлкөнү карызга батырган коррупционерлердин жегенин кустурамын дегенинен коркту”. Ушундай лозунг болуш керек. Избирком менен иште. Алар билет кантип пиар таратышты. Түшүндүң да… – деп  Шам Эдилдин шыпылдата жазган кагазына тигилди.

—  Сени кечээ шайлоочулар сураганда, бийлик бут тосуп жаткандыгын катыра айттык. Коррупционерлерди жоготом дегениң элге жагып жатат… Эгерде сени депутаттыкка коё беришпесе, эл көчөгө чыгабыз деп атышат…

— Жок анын кереги жок. Бийликтен ыдык көргөн адам бололу, Эдик…

— Макул… Штабда сенин сүйлөй турган сөздөрүң дапдаяр. Баары ойдогудай болуп атат… Кете берейинби?… – Эдил турууга камынганда:

— Шашпа, маанилүү иш бар. Көпөстүн ишканасына балдардан бирөөнү жумушка орноштур. Мүмкүн болушунча жанында жүрө турган адам болсун… Кимди ортого саласың билбейм, ишти тездет. Угуп кой, ал биздин бала экенин экөөбүз гана  билишибиз керек… Бошсуң… – деп көзүн кыса жылмайды.

Көпөс дегени шаардагы ири бизнесмен Асхат Дооров эле. Анын карамагында эки мейманкана, бир нече соода түйүндөрү, түнкү барлары дүркүрөп иштечү. Асхат олигархтын Шамдын алдына барып каарып кеткенин уккандан кийин авторитеттин бийлиги урап бараткан экен деген кыязда мурдагыдай “момун” болуудан баш тартууну эп көргөн эле. Тийиштүү “кол кесерин” да бергиси келген эмес. Шамды “сынды” деп ойлогон. Бирок, айрым акыл кошчулардын Шамдан санааркашып, чочулашып көндүргөнүнөн улам акчасын жарымын берүүгө мажбур болгон. Шам да бергенин алып тынып калган. Мындай көрүнүш көпөстү жөн эле көптүрдү. “Тырп этирбес тирандан чындап кутулуп бараткан экенмин” деп күндө майрам, күндө той. Чыны Асхат оюн-зоокту жакшы көргөн, катынпоздугу жанда жок инсан эле. Муну ошол чөйрөдөгүлөрдөн билбегендер аз болчу. Мейманканасы —  “түнкү көпөлөктөрдүн” түнөгү.

Эдик эртеси күнү көпөскө жаңы жардамчы дайындалганын маалымдады. Бул Шамдын оюндагыдай иш эле. Ал “жаңы жардамчыны” өзүнө чакырып, өз инструкциясы менен кенен тааныштырды. Ар күнү кечинде көпөстүн ишмердүүлүгүн билдирип турууну айтты…

Ошентип, күндөр өтө берди. Ошол аралыкта көпөстүн ичкиликке көп берилип кеткенин, аягында өзүн таптакыр жоготуп койгонун, эң кызыгы акыркы күндөрү үйүнө барбай мейманкананы пааналап калганын билди. Анын жашоосунун өзөгү – оюн-күлкү, музыка, кыздар болуп бараткан. Ушундай шаңдуу күндөрдүн биринде “жардамчы” Шамга келип:

— Эртең көпөс финансистердин күнүн белгилейт. Бул ал үчүн өзгөчө майрам экен. Чоң дасторкон жайып  атат. Коногу көп болот го… Планды ишке ашыруучу кез келди, шеф, — деди.

— Тиги сулууну чанган жокпу?..- Шам  көпөстүн башын айландыруу үчүн тааныштырган кызды кызыгып сурады.

— Оо, сүйөт… Жанынан карыш чыгарбайт.

— Сени уят кылбайбы, анан…

— Жок… биздин адам… Кабатыр болбоңуз, шеф…

Андан аркысынын баары Шамдын  сценарийи боюнча жасалды…

Асхат табиятынан жайыл дасторкон. Конок күтүүнүн акесин таанытат. Ошол күнү майрамдап төгүлүп-чачылды. Өкмөттөгү финансистерден баштап өз сыйлыгын аяган жок. Оюн-күлкү түндүн бир оокумуна чейин созулду. Асхат көп ичип койгондуктанбы, өзүн кармай албай, конокторду көзүнө илбей калды. Жанындагы кызды жыттагылап, койнуна колун сала лаззат кумарына куштарлана, эзилип баратты. Аны сезген сулуу селки Асхатты колтуктай дайындуу бөлмөсүнө алып кетти…

Асхат ойгонгондо күн аркан бою көтөрүлүп калган эле. Жанындагы кызды таппай сыйпалап, эки жагын элеңдеп каранып, тээ бурчта бети-башы канга чылана жерде жаткан кызды көрүп, ордунан атып турду. Дырдай жылаңач денеге жакындап барууга даай албай калчылдады. Аңгычан эшикти тээп кирип келген азоодой эки жигитти тиктеген калыбында нестейди. Тиги экөө бөлмөнүн ичин кыдырата көз жүгүртүп, кыздын жүзүнө үңүлө карашып:

— Эй, жинди эмне кылып койдуң?! – деп селкинин алкымына алаканын коюп: — Тү-үй ата-а… тынчыткан турбайсыңбы!.. Кимди өлтүрдүң билесиңби, деги?.. – Бириси шейшепти кыздын денесине жаап, суроолуу кадалды.

— Билбейм… билбейм… Мен эмес… өлүп кетейин, мен эмес… – деди Асхат башын мыкчып.

— Бул деген Кобанын карындашы да… Бир айдан бери издеп жүрбөйбүзбү. Сени менен сайран куруп жүрөт дегенинен… Адам эмес экенсиң, — деп кабатыр болгондой каардуу сүйлөдү бириси. Жанындагы жигит соткасындагы камерасы менен сыдыра тартып, өз иши менен алек.

— Балдар, ишенсеңер… Мен эмес… Мында кантип келип калганымды да эстей албай турам… Кантип эле…- Асхат колун жайып актана баштады.

— Ишиң чатак достум… Жакшы эмес… Эмне?… Кобаны чакырталыбы? – жигит жанындагыга кайрылды.

— Кобаны чакырсаң, мунун терисин тескери сыйрыйт да… Бу кыз үчүн ал баарына барат… – деди  жанындагысы кыдырата тарткан калыбынан жазбай.

— Жок-жок, бир айласын кылалычы. Чакырганда не… – деп өзүн коерго жер таппай, Кобасы ким экенине да акылы жетпей турду Асхаттын.

— Анда мындай… – жигит каалганы ичинен бекем жаап, Асхаттын кийимдерин алдына таштап: — Аман калам десең, айтканга көн… – деди. Асхат шымалана кийинип, бөтөлкөдөгү суусундуктан көтөрө ичип:

— Көнбөгөндө анан… Көнөм балдар…- деп калчылдаган денесин түзөмүш этти.

— Мага эки миң, буга эки миң бакс. Болду ишиң чики-чики бүтөт. Кобага биз өзүбүз жооп беребиз…- деди.

— Кантип?…

— Канткенди эмне кыласың… Бар, же жок де… Ишиң чатак… Мында ак эткениң, так эткениңин баары бар, — деп телефонду көргөзүп: — Сөз сенде… – деди.

— Баары таза бүтөбү?..

— Бүтөт, бүтөт… Кадырың жан болсун… Өзүбүз тез жардам чакырып алып кетебиз.

— Макул… Качан берем, акчаны?..

— Кааласаң азыр бер…

— Азыр жок… Түштөн кийин саат төрткө даяр  болот…

— Анда шаардын четиндеги дачага бурулган жолдо сайдын жээгинен жолугалы. Төрттө… Азыр шырп алдырбай чыгып кет…

Асхаттын денеси муздак тер басып, бөлмөдөн кантип чыкканын да сезбей калды. Мейманкананын буфетине кирип, арактан стаканга толтура куюп, токтолбой ичип жиберип үшкүрүнө тунжурады. Эч нерсе эсине келбей жатты. Өлүк денени тезирек жок кылышса экен деген санаасы тынчын алып турду. Ал буфеттин төрүнөн жай алып, аракты “эрмектей” ээндикти самады. Бул да болсо жанагы каргашаны унутуунун амалы эле. Жардамчысы кирип келгенде колундагы стаканын сунуп, үн сөзсүз күтүп алды.

— Саунаны даярдатып койдум… Кеттикпи?..  – деди жардамчысы стаканды кайра ордуна коюп. Асхат ыйлап жиберчүдөй оор улутуна аялуу тиктеди.

— Шеф, эмне болду?.. Тынччылыкпы?..- жардамчысы таң кала сурады.

— Иш чатак… Туура, саунага түшүү керек. Мен түшүп чыкканча, кассалардан 4 миң доллар топтоп кел…- ал үшкүрүнө жер караган калыбында сөзүн улап: — Тездеткин, — деди.

— Эмне болуп кетти, шеф?…- деди жардамчысы кабатыр болгондой.

— Эмне болгону менен ишиң мине! Айтканды жаса!..- деп орой үн катты. 

— Сөз жок, шеф, — деп жардамчысы кетүүгө камынганда:

— Токто, — Асхат аны жалдырай карап: — Жаман иш болду… Гуляны өлтүрүп коюптурмун,-  деп башын мыкчып олтуруп калды.

— Шеф, түшүнсөм, өлөйүн. Акыл-эсиңиз жайындабы. Эмнелерди сүйлөп жатасыз?…- деди туталана.

— Болду… Бүттү…Ал Кобанын карындашы экен…Кайдан гана жолуктум десең…- деп саамга ойлуу теребелге көз жүгүртүп:- Бирок… бирок,  изди жашыруунун жолу бар,- деди акырын шыбырап.

— Кандайча, шеф?..

— Ошо, төрт миң доллар анын айласын табат.

— Да-аа, Кобанын карындашы болсо, чатак экен…- жардамчысы чын эле бушайман болгондой ойго чөмүлдү.

— Ким эле, Коба дегениң?.. Укпаптырмын… А сен эмнеге мага мурда айткан жоксуң, ал жөнүндө?- деп каарый тиктеди.

— Тиги кызды билген жокмун да. Андан калса кыз тандоодо менин пикирим менен эсептешпейсиз да, шеф,- деп акырын үн катып,- Ал эми Коба деген кримавторитет… Баш кесерлердин чоңу да… Шеф, эгер уруксат берсеңиз, мен акчага кеттим… Жакшы жагына оойт буйруса. Кабатыр болбоңуз, — деп шашыла кетүүгө камынды.  Ал эртең мененки окуяны жардамчысына айтып ички бугун чыгарып алгандай болду. Асхатка заматта акыл келгендей, өзүнчө чирене, бардыгына сергек мамиле жасоо керектигине көзү жетти. Ошон үчүн саунага түшүп, өзүн иретке келтирип, зирек акыл калчоону эп көрдү.

Жардамчысы кайра келгенде Асхат соолугуп, чыйрак көрүнгөнгө аракет кыйлганы байкалып турду. Арийне, дале көңүлү чөгүңкү. Жаш селкинин жансыз денесин элестеткенде өнө боюна муздак суу куйгандай чымырап, мейманканасына кайра барууга батына албай корунат. “Бу каргашага кантип кабылдым” деп ой түбүнө жетпейт. Ал жардамчысынын өңүнөн иши ойдогудай экенин байкап, башын ийкеп койду. Жардамчысы кагазга оролгон акчаны сунуп:

— Шеф, эгерде алар баарын камерага тартып алса, кийин кайра-кайра шантаж кыла беришпейби?..  Ошол кадрларды алыш керек го, дейм – деди эч ким укпасын дегендей акырын.

— Антпейт деп айтуу да кыйын… Кандай шайтан айдады билбейм. Тиги кызды ойлосом дүйнөм тарып кетип атат… Машинаны дайында экөөбүз гана барабыз…

— Жолугушууну болжогон жай өтө ээн жер болуш керек. Дачаларга бурулган жолдо дүкүйгөн бак-дарактан башка эч нерсе жок. Таекемдин дачасына бир-эки жолу барып көрүп калдым эле. Коопсуздукту камсыз кылсак жаман болбос эле.

— Туура айтасың… Алар кайра-кайра биздин тынчыбызды албай турган кылышыбыз керек. – Асхат кыйлага чейин ойго батып, ордунан шарт туруп:- Шамга барбасам болбойт…- деди да,-  Канча жылдан бери аны багып келатам. Кандай дейсиң?..- деп жардамчысына кайрылды.

— Мурда эле  ушундай чечимге келишиңиз керек болчу, шеф. Анын сөзүнө жок дегендер аз дешет го…

— Ал мени кабыл алабы, албайбы, кеп ушунда турат. Өткөндө мага нааразы болдум дептир…- Асхат бармагын тиштей термеле ойго бөлөндү. Анан жардамчысын колдон алып:-  Тобокел… Кеттик…- деп чечкиндүү кадам таштады.

Шам көпөстү жакшы маанайда тосуп алды. Асхат анын жүзүндөгү ысык ымаланы сезип, ичи жылый түштү.

— Угуп атам, келген экенсиң… Убакыт тар, — деп Шам суроолуу тиктеди.

— Шам, башыма иш түшүп турат. Жардам сурап келдим, — деди Асхат тутулана, бир эсе док кылгандай. Шам андан мындай мамилени күткөн эмес эле. Бирок, кантсе да өзүнүн сценарийи менен иш жүрүп жаткан соң, ролду аягына чейин аткарууга милдеттүү эле да. Ошондуктан Асхаттын ою менен болгон адамдай түр көрсөтүп:

— Сага жардам бербегенде, кимге жардам беребиз. Бирок, толук эмес,  жарым-жартылай…- Шам ставканын жарымын кыйытып өттү. Асхатка анын ушул жообу көп нерсеге  үмүттөндүрүп койду.

— Өткөндө бир аз мүчүлүштүк кетти… Аны оңдойбуз…- деди астырттан билгендей.

— Оңдогонуң жакшы экен… Давай, ток этер жерин айт, не дегиң келип турат? – деп маселени созгусу келбеди Шам. Андан калса Асхаттын тиги жигиттер менен жолугуусуна аз эле убакыт калган болчу. Ал  болгон окуянын баарын төкпөй-чачпай айтып, тиги балдардын талабын да толук билдирди. Шам кунт коюп угуп, нааразы болгондой оор дем ала:

— Жакшы эмес… Коба менен мен сый мамиледемин… Алыш-беришибиз жок дечи.. Ал өз иши менен, мен өз ишим менен. Бирок, сен Кобанын карындашын өлтүрүп койсоң, мен сени коргошум керек экен да. Туура эмес болуп калат го… Сен үчүн  мага ашыкча душман арттыруудан не пайда?!. Өзүң ойлонуп көрчү?..

— Шам, Коба эч нерсе билбейт. Билдирбөөнү тиги балдар мойнуна алып жатпайбы. Алар… алар сотка  менен тартып алышкан. Төрт миң доллар бергеним менен кайра-кайра шантаж кыла берет да. Ошондон коркуп атам. Колунда бардык маалымат бар. Алардан көп нерсени күтсө болот. Шам, жардамыңды аябачы, сураныч…

— Эми  төрт миң доллар сен үчүн акча деле эмес. Үстүнө акча кош да, ошол маалыматты сатып ал. Башында ошентип сүйлөшүшүң керек болчу.

— Эсиме келбептир… Шам, алар мени угушпайт… Канча жылдан бери жакшы кызматташып келатабыз. Сенин сөзүңдү жок дебейт. Жардамыңы аяба… Балдардан сүрөттөрдү алып бер, суранам… Дагы көп жакшылыктар алдыда… Не айтсаң аткарайын. Кызматыңа ар дайым даярмын… Каргашадан чыгарчы, — деп шолоктоп ыйлап жиберди.

— Болду эми!.. Кылгылыкты кылып… Жаш кыздын өмүрүн кыйдың. Ушуну түшүнөсүңбү?! Коба билсе сени тирүүлөй  көмөт. Эгер Кобанын билбегени анык болсо, сүйлөшүп көрөйүн, балдар менен… – деп, трубканы көтөрүп: “Эдил Барктабасовго айтып кой, бүгүнкү саат төрттөгү чогулуш эртең болот” – деп ал көпөскө кайрылып: —

— Сен үчүн маанилүү ишти да жыйыштырып койдум… Көрдүңбү?.. – деди.

— Рахмат, Шам… Тоюңда кызмат кылайын… Жакшылыгыңды унутсам, жарыбай калайын…- мурдун шор тарта ыйга буулукту.

— Сенин мейманканаңда эле жолугушса болмок…- деди Шам алыска баргысы келбегендей.

— Билбейм неге антишти экен…

— Кандуу жайды тандашыптыр… Курал-жарак колдонушпайбы. Оюн көрсөтүшпөйбү, анан…- кабатыр болгондой көпөскө суроолуу кадалды.

— Жо, — жок… Андайга барбайт болуш керек. Сен жөн гана түшүндүрүп койсоң, сөзгө келишет го. Алардын тилин билесиң да…

— Ошондойбу?.. Төрттө ошол жерден жолугалы… – деди Шам.

Чыны болжошкон жер тоо боорун өрдөй кеткен жолдун башталышы, шаркырап аккан суунун бою, бак-дарактуу ээн жер эле. Шам өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен обочороок жерге токтоп турушту. Аңгычаң Асхаттын машинасы келип, жардамчысы экөө Шамды коштой тиги жакты көздөй басышканда, маңдайынан тарс эте жаңырган октун добушунан улам жардамчысы экөөнү тең кучактай баса жыгылып, жатып калышты. Заматта арт жактагы Шамдын жан сакчылары ок чыгарышып эки жигитти кулатышты. Суунун шарпылдаганы гана болбосо тынчтыкка бөлөнгөн айланага башын көтөрө караган Шам ордунан атып туруп:

— Сен мени мишен кылганы алып келген экенсиң да, — деп Асхатты жаткан жеринен тепкилеп кирди.

— Өлүп кетейин, Шам. Мындайды мен да күткөн эмесмин,- көпөс башын катып сүйлөнүп жатты.

— Давай, тигилердин телефонун алгыла… Кеттик!..- Шам баарын шаштыра кайра жолго чыкты. Асхат, “дагы кандай каргашага кабылдым” деп үн сөзсүз келатты.

Шам жан жөөкөрлөрү менен кайра кеткенден кийин, куру дүрмөттөр менен атылган тиги жигиттер өз ролун ийгиликтүү аткарганына курсант болушуп, кагынып-тазаланып жатышты. Тигилер тоону өрдөп төмөн түшкөндө:

— Сен мойнуңда бир өлүм илинип турса, эми экөө кошулду – деди Шам Асхаттын оюн бузуп: — А мени окко салып бергениң үчүн мобу акча биздин эсепке өтөт, — деп көпөстүн чөнтөгүндөгү долларды алып салонго ыргытып койду. Асхат нес болгондой башын ийкегенге араң жарап келатты. Шамалдай учкан машиналар Шамдын дачасына келип токтоду. Алар бөлмөгө киргенден кийин көпөстүн көңүлүн бир аз көтөрүүгө аракет кылыша тост сүйлөшүп:

— Аман калганыбыз үчүн – деп жабыла ичип жиберишти.

— Бардык маалымат биздин колдо… өмүрдү тобокелге салып тилегиңди орундаттык… – деди Шам көпөстүн көңүлүн өзүнө бурдуруп.

— Шам… кулуң болоюн… Жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын… Не десең аткарайын… Коргоп кал, менин тагдырым сенин колуңда. Рахмат балдар, силер болбосоңор мени өлтүрүп коюшмак экен…- Асхат ар бирине жүгүнө ыраазычылыгын билдирип жатты.

— Оболу өзүңдүн жардамчыңа рахмат айт. Ал болбосо ок экөөбүздүн бирибизди тандамак… Мындай бериле иштеген адисти сыйлаш керек… Рас, айтканыңы аткара турган болсоң, ушу балага үй сатып бер, өсө турган жигит экен, — деп жардамчынын колун кысып: “Рахмат сага, иним” деди.

— Албетте, албетте… Сөзсүз аткарылат…- деп Асхат жардамчысына эң жакын адамында жалооруй карады. Шам бир жакка шашкандай улам саатына карап:

— Кадырың жан болсун… Баары жабылуу бойдон калат. И, баса, ставкаңды унутпа.- деп көпөскө эскерте сүйлөдү.

— Керек болсо эки эселеп төлөп берем. Шам, жакшылыгыңды унутсам өлөйүн… Айланайын балдар, өмүрүңөрдү берсин, — деп жалбарып турду.

Асхат эртеси күнү эле калган тийиштүү сумманы алып келип:

— Мындан кийин өзүм жеткирип турам, — деп чыгып кеткен. Шыпылдап сылык-сыпаа болгон көпөстүн өңүн көргөн Эдик ал чыгып кеткенден кийин, күлө карап:

— Көзү ачылыптыр. – деди да, сөзүн улап:-  Шам,  роль аткарган тиги кыз менен балдарды сыйлап койдум. Нааразы болушпайт. Эми алигархты кантебиз? – деп суроолуу карады.

— Шайлоо бүтсүн ага да сюрприз бар…- деди.

***

                          Банкирдин өкүм талабы

Шам депутаттыкка атаандаш болгон беш талапкерден олуттуу көп добушка ээ болуп, биринчи турдан эле депутаттык мандатка жетти. Эң биринчи Банкир куттуктап келди. Бирок экөө кучак жая көрүшкөнү менен ортодо ысык ымала жок экени байкалып турду. Банкир маңдайына олтуруп, маселенин ток этер жерин айтып:

— Эми сен депутатсың… Балдарыңды тарат да, жөн жаша…- деди бүркүт кабагын сүзүп.

— Эмнеге?..- Шам мындай соболду күтпөгөндөй таңдана кайра суроо узатты.

— Бир мыйзамды танда… — Банкир тиктеген калыбынан жазбады. Ортодо тынчтык өкүм сүрдү. Шам ордунан туруп, буга чейин таптакыр тагып көрбөгөн галстугун оңдоп-түзөп:

— Мен балдарды тарата албайм,- деди. Банкир жаңы формага көнө албаган баласына мыйыгынан күлө карап:

— Ыктыяр өзүңдө… Анда  братванын  казынасына болгон карызыңды төлө…- деп алаканын жайды.

— Ал кандай карыз?..- Шам туталана креслосуна чалкалады. Банкир чыдамы кеткендей, ордунан обдула туруп:

— Эки жүздүү болбо, балам… Карызыңды менден жакшы билесиң. Анан дагы 20 кг. герион киргизесин тиги жакка… Болбосо мен братванын өкүмүн колдобой кое албаймын. Эсиңе кел…- деди.

— Эмне, братва мени грузит эткиси келип атабы?!.- Шам кытмыр үн катты.

— Жок, алар сени колдоп келген… Сен да братваны колдошуң керек. Президент сени колдой албайт эч качан… Сатып кетиши мүмкүн… Алардан баарын күтсө болот.- Банкир качантан бери айтып келе жаткан принцибин дагы кайталады. Шам ушул сөздү буга чейин нечен ирет угуп, анын чындыгына кайыл болуп келгени менен, азыр анын ою таптакыр башкага бөлүнүп, сөзүн эки кылбай келген Банкирдин пикирин да четке кагып турду. Ал олтурган калыбынан жазбай:

— Ким кимди сатып кетет мезгил көрсөтөт деңизчи. Бирок, мен көздөгөнүмөн кайтпаймын. А керек болсо өзүм президент боломун… Өзүмдүн мыйзамымды орнотомун. Биздин мыйзам баарынан адилеттүү дечү элеңиз го. Же, аныңыздан тандыңызбы, ата. — деди ишенимдүү. Банкир анын сөзүнө көп эле ынана бербегендей кайдыгер карап:

— Төбөңдөн бийик секире албайсың, балам… Мен сага айттым, эскерттим… Кайыр эми… – деп чыгып кетти.  Депутаттык тар бөлмөдө деми кыстыккандай, галстугун мойнунан сыйрып таштап,  терезе тушунан кере-кере аба жута, Банкирдин айткандарынан улам тээ көктөгү канатып жайып калкыган бүркүттөй эркиндигинен ажырагандай арасат кыялга алданып, кайра өзүнчө чирене:

— Жаңылышасыз, ата,  чындык мен тарапта, — деп ой түбүнө сүңгүдү.

(Биринчи китептин соңу.)