Депутаттар Канат Исаев менен Бакыт Жетигенов мушташканы чынбы?

Депутаттар Канат Исаев менен Бакыт Жетигенов мушташканы чынбы?

15.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынан депутат Канат Исаев менен КСДП фракциясынын депутаты Бакыт Жетигенов менен чатакташканы тууралуу маалыматты Фейсбук социалдык баракчасына Фабула пресс редакциясынын башкы редактору Алмаз Темирбек жазды.

“Канат Исаев эки күн мурун Жогорку Кеңештин борбордук трибунасына чыгып катуу бакылдаган эле. Дал ошол күнү Бакыт Жетигеновдон өз кабинетинде оозу-мурду канжалап өлөрчө токмок жептир. Ошондон бери эдиреңдеген Канат мышык сопу болуп, дайынын билгизбей жок. Сүрөттөрүн беребиз дешти. Колго тийсе чыгарам го…”,-деп жазды Алмаз Темирбек.

Ошол эле маалда Алмаз Темирбек бул айткандарына эч кандай далилдерди келтирген жок. Колдонуучулар пост тууралуу ар кандай пикирлерин билдиришүүдө. Бул Канат Исаевдин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алып салуу жөнүндө комиссия түзүү тууралуу демилгесинен жана Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүнөн кийин ага каршы жүргүзүлгөн кара пиар болушу мүмкүн дешүүдө.

Булак:barometr.kg