Дасторкон ажары

Дасторкон ажары

27.03.2020 Выкл. Автор bulut.kg

“Жомок” салаты

Керектүү азыктар:

Тооктун сулп  эти —  2 даана

Козу карын — 200 гр

Пияз – 2 даана

Жумуртка – 2 даана

Жаңгак – 100 гр

Петрушка – 20 гр

Каймак — 5 аш кашык

Өсүмдүк майы

Даярдоо ыкмасы:

Тооктун этин сууга бышырып, узун-узун тилкелеп туурайбыз. Козу карынды узун кылып туурап, өсүмдүк майына кууруйбуз. Пиязды майдалап туурайбыз. Жумуртканы сууга бышырып, аны да узун  кылып туурайбыз. Чагылган жаңгакты блендер менен майдалайбыз. Петрушканы майдалап туурайбыз. Даяр болгон азыктарды салат салчу чуңкур табакка салып, аралаштырып, үстүнө каймак куюп тыныктырып коёбуз.

Булак:BULUT.KG