Дасторкон ажары
18.08.2020«Өзгөчөм» салаты
Керектүү азыктар:
Краб таякчасы — 200 гр
Козу карын — 300гр
Пияз — 2 даана
Сабиз- 2даана
Укроп бир боо
Зайтун майы
Суу май
Туз
Даярдоо ыкмасы:
Пиязды жарым шакекче кылып туурап, суу майга кууруп алабыз.
Козу карынды узун туурап, алтын түскө келгенче майга кууруйбуз.
Краб таякчасын узун туурап майга кууруйбуз. Куурулган массага сууга бышкан сабизди туурап кошуп, укропту майда туурайбыз баарын аралаштырып зайтун майы менен аралаштырып коёбуз.
Булак: BULUT.KG