Дасторкон ажары
06.06.2020«Менин генералым» салаты
Керектүү азыктар:
Уйдун эти – 200 гр
Жумуртка – 4 даана
Кызылча – 2 даана
Сабиз – 2 даана
Сыр – 100 гр
Чеснок – 3 тишче
Укроп
Даярдоо ыкмасы:
Эт, жумуртка, сабиз, кызылчаны өз-өзүнчө сууга бышырып алабыз. Бышкан этти чарчы түрүндө туурап, үстүнө майдаланган чеснокту салып, майонезден кошуп аралаштырабыз. Сабиз, кызылча, жумуртка, сырды сүргүчтөн өткөрөбүз. Даяр болгон азыктарды салат салчу идишке кезектештирип кабаты менен жайгаштырабыз. Ар бир курамдын ортосунда майонез менен торчолонот.
1-кабат эт
2-кабат сыр+майонез
3-кабат жумуртка+майонез
4-кабат сабиз+майонез
5-кабат кызылча+майонез.
Даяр болгон салаттын үстүн укроп менен кооздоп, дасторконго койгончо бир саат муздаткычка салып коёбуз.
Булак: BULUT.KG