Дастан Жумабеков Баку шаарына жөнөп кетти

Дастан Жумабеков Баку шаарына жөнөп кетти

17.12.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков 18-19-ноябрь күндөрү Азербайжандын борбор калаасы Баку шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) IX пленардык жыйынына катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Сапардын алкагында Төрага Дастанбек Жумабеков Ассамблея кеңешинин отурумуна, ошондой эле  “Түрк дүйнөсүндөгү парламенттик дипломатия: Тынчтык жана коопсуздук боюнча аймактык кызматташтыкты бекемдөө” темасы боюнча пленардык жыйынга катышат. Мындан тышкары, Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын отуруму да мерчемделген.  Белгилей кетсек, иш-чарага Түркия, Азербайжан, Казакстан жана Өзбекстан парламенттеринин жетекчилери да катышат.

Булак:barometr.kg