Дарыгерлер Нургазы Нишановго ыраазы

Дарыгерлер Нургазы Нишановго ыраазы

05.08.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Жалал-Абад шаарындагы “дарыгерлерге даамдуу тамак” акциясы уюштурулуп жатканына бир топ күн болду. Уюштурулган акцияны колдоп күнүгө шаар тургундары дарыгерлерди таттуу тамактар менен камсыздап жатышат. Сырттан карап элибиздин меймандос, берешен экенине ичим жылыйт. Акцияны колдоп жаткан шаардыктарга рахмат айткым келет.

        Ал эми акциянын уюштуруучусу Жогорку Кеңештин экс депутаты,  кыргыздын мыкты мекенчил уулдарынын бири Нургазы Нишанов тууралуу кеп козгогум келип турат. “Дарыгерлерге даамдуу тамак” акциясынан сырткары Жалал-Абад шаарындагы ооруканаларга 20дана дем алдыруучу апараттарды, таңсык болуп жаткан дары-дармектерди, дарыгерлер үчүн коргонуучу кийимдерди, андан сырткары күндүзгү стационарга 100даана керебет матрастары менен сатып берди. Ошол дем алдыруучу апараттар менен канчалаган бейтаптардын өмүрү сакталып калганы белгилүү болууда. Медиктерге көрсөтүп жаткан ар тараптуу жардамдарына дарыгерлер кубануу менен алкыш айтып жатышат.

Таажы вирус өлкөбүзгө баш баккандан бери Нургазы мырза замандаштарыбызга талыкпай жардам берип келе жатат. Берген жардамдарын өзү кеп кылып, айтканын уга элекмин. Жардам алган инсандардан эле угуп калам. Жетим-жесир, жалгыз бой адамдардан жардамын аябай кол сунуп келе жатканын билем.  Элибиздин башына келген сыноо Нургазы Нурлановичке окшогон чыныгы элим жерим деген уулдарыбызды таанып алууга түрткү болду го дейм. Өзүн пиар кылбай эле көп иштерди жасап жатканы көңүл кубантат. Нургазыдай  иш жүзүндө эл-жерине жардам берген уулдарыбыз бар, биз бул кыйынчылыкты майышпай жеңебиз деген кепти айткым келет.  

Нурайым Асылбекова

Булак: BULUT. KG