Даллол өрөөнүндө жашоо жок экени аныкталды

Даллол өрөөнүндө жашоо жок экени аныкталды

04.11.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Франциядагы Париж-Сюд университетинин окумуштуулар тобу Эфиопиядагы Даллол өрөөнүндө бактерия жок экендигин билдиришти. Бул туурасында Известия басылмасы жазып чыкты.

«Жер планетасынын кээ бир жеринде суунун болушу ал жакта жашоо бар экенинин далили катары эсептелип келет. Бирок биздин изилдөө суу болгон жерде дагы жашоо жок болушу мүмкүндүгүн көрсөттү», — дешти окумуштуулар.

Алардын айтымында, Даллол өрөөнүндө өтө ысык (109 градус Цельсийге чейин жетет), абдан кычкыл жана курамында магний бар туздуу суу агат. Мындай курамдагы суюктук тирүү клеткаларды жок кылат.