Гүлнара Сыдыкбекова операция болду

10 жылдан бери рак илдети менен жабыркап келе жаткан белгилүү ырчы, кыякчы Гүлнара Сыдыкбекова Бишкек шаарында жайгашкан КАФ медициналык борборунун онкология бөлүмүндө 27-октябрь күнү операция болду. Бул тууралуу журналист Айбек Нур билдирди.

«- Азыркы тапта абалы канааттандыраарлык,» — дейт журналист өз сөзүндө.


Айта кетсек, буга чейин кыякчынын өмүрү коркучта экендиги, тез арада оор операция жасатууга мажбур болуп жаткандыгы кабарланган.
Соңку мезгилде болуп жаткан кырдаалга байланыштуу Алматы шаарына дарыланууга бара албай калып, көкүрөктөгү рак илдети карантинде күчөп, жарылып кеткен.Айткандай эле ал Индияга жана Казакстанга тынымсыз барып дарыланып турган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ардак грамотасына» жана Ж.Шералиев төш белгисине, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу наамына, «Бийиктик» Эл аралык журналынын «Ардак грамотасына» арзыган ырчы, заманыбыздын залкар кыякчысыГүлнара Сыдыкбекова Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын астындагы Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринде 35 жылдан бери эмгектенип келет. Жеке чыгармачылыгында бир нече күүлөрдү аткарып, ырларды ырдаган жана клиптери бар.