Гүлнара Сыдыкбекованын абалы оор. Учурда 18-химиясын алууда

Гүлнара Сыдыкбекованын абалы оор. Учурда 18-химиясын алууда

17.10.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасынын ээси, Маданияттын мыкты кызматкери, Ат-Башы районунун ардактуу атуулу, «Бийиктик» коомдук фондунун «Ак эмгек» орденине, “Biyiktik ” Эл аралык журналынын Эл аралык деңгээлдеги “Ардак грамотасына” арзыган Гүлнара Сыдыкбекова ушул күндөрү 18-химиясын алууда. Учурда кыякчынын ден соолугу орто.

Айта кетсек, он бир жылдан бери көкүрөктөгү рак илдети менен жабыркап келген кыякчы, комузчу, ооз комузчу, ырчы Гүлнара Сыдыкбекова операциядан баш тартып, бул жылдар аралыгында элдик дарыланууда жүргөн. Мындан тышкары Казакстан, Индия өлкөлөрүнө чейин каттап, дартына даба издеген.

Оорунун айынан бир топ кыйынчылык, азап тарткан Сыдыкбекова үстүбүздөгү 2020-жылы дүйнө жүзүндө болуп жаткан жугуштуу оорунун кесепетинен чек ара жабылып, сыртка чыга албай көкүрөгү үч-төрт жерден жарылып, 27-октябрда операция болуп, 4-стадия коюлган. Операция ийгиликтүү аяктады дегени менен азыркы күнгө чейин жакшы боло албай келет. Соңку күндөрү бир колу шишип кеткен.

Кыргыз маданиятына зор салым кошуп келе жаткан Гүлнара Сыдыкбекованын жакшы болуп кетүүсүн тилеп, дуба кылып коюңуздарды өтүнөбүз.