Гүлайда Джоробекова: “Бүркүт багууну бизнес катары эмес балуулук катары сактап калгым келет”
26.03.2019Мүнүшкөрлүк кесип көптөгөн кылымдар бою атадан –балага мурас катары сакталып келген сыйлуу ары татаал кесип экени талашсыз. Негедир акыркы мезгилдерде бул кесипти аркалаган замандаштарыбыздын саны азайып баратканы өкүндүрөт. Бүгүнкү күндө эр азаматтар жасай турган мүнүшкөрлүк кесипти аркалап келе жаткан Гүлайда айымды кепке тарттым.
— Эже, эркектерге таандык болгон сейрек кездешүүчү мүнүшкөрлүк кесипти аркалап калышыңызга эмне түрткү болду?
— Менин атам Бекен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк- Арт өрөөнүнө гана эмес жалпы республикага белгилүү мүнүшкөр болгон деп сыймыктануу менен айткым келип турат. Бала күнүмдөн баштап атам таптаган куштардын жашоосуна аралашып, алардан эргүү алып чоңойдум десем болот. Үйүбүздө жок эле дегенде эки үч бүркүт болор эле. Атам алар менен кадимкидей сүйлөшүп жаш баладай аздектеп бакчу. Бала күнүмдөн бүркүткө болгон аяр сезимимби же болбосом канда ойногон ата-кесиби мени өзүнө оп тарттыбы атамдын көзү өткөн соң мен негедир бүркүт таптап, ата-бабамдын жолун улагым келди. Себеби менин атам гана эмес, чоң атам, чоң атамдын атасы бабамда мүнүшкөр деген кылым карыткан касиетүү кесипти аркалап келишкен.
— Бүркүт таптоону шыр эле баштадыңызбы же кандайдыр бир санаркообу болбосом артка чегинүү сезимдери болдубу?
— Башында айтып өтпөдүмбү. Атам мүнүшкөр болгон деп бул мен үчүн ата кесип болгону менен чындыгын моюнга алуу керек толкундоо, астымда бир жоопкерчиликтүү ишти баштап жатканымды жон терим менен сездим. Ар бир ишти баштоодо өз жөрөлгөсү болот эмеспи. Менин атам мүнүшкөр болгон деп бүркүттү ала калып эле багып баштабай касиетүү Ысык-Көл жергесиндеги атактуу мүнүшкөрдүн астынан өтүп ак батасын алгам. Бөкөнбаев айылындагы Сары ата Сатылганов мээрими жүзүнөн төгүлгөн, адамдын ички оюн айттырбай түшүнгөн инсан экен. Өмүр бою эле бүркүт менен алектенип жүрүптүр. Менин колума бүркүттүн томогосун белек катары карматып жатып, кызым атадан калган улуу көчтү улаганы жатыпсың, колуңдан келсе таптап жаткан бүркүтүңдү какпагын силкпегин, башка чаппагын. Бүркүт деген куштардын кырааны ага аяр жакшы мамиле жаса колуңдан келсе мээримиңди төк деген кептерди айтты. Кызыккан суроолоруң болсо берип, жазып сактап алсаң болот деди. Негедир атанын сыпайылыгын, мүнүшкөрлүккө берилген касиетине арбалып оозумдан кебим учуп, көп суроо узаткандан айбыккам.
— Атаңыз мүнүшкөр болсо, бүркүт таптоонун жол жобосун бала кезиңизден эле өздөштүрсөңүз керек.
— Тура бала күнүмдөн аралашканым менен анда жоопкерчиликтин баары атамдын моюнунда болучу. Азыр эми мен өзүм мүнүшкөрмүн. Таптаган бүркүтүмө өзүм жоопкермин. Атамдын доорунда бала болупбу көп нерселерге маани бербесем керек. Атам табиятынан сырдуу киши эле. Достору жакшы санаалаштары өтө көп боло турган. Атам ким менен болбосун бүркүт тууралуу барлашчу. Жада калса маек алуу үчүн келген журналистерге болсо бүркүт тууралуу айтып берүүдөн тажачу эмес. Менин оюмча атам өтө кыраакы мүнүшкөрдүк сапатка ээ болгон. Азыр эми бул кесипти аркалаган жаштар солгундап баратпайбы. Мүнүшкөрдүк бул түмөн түйшүктүү кесип. Азыр асманда канчалаган бүркүттөр учуп жүрөт бирок колуна ким кондуруп аны менен сырдаш муңдаш болгондор жокко эсе. Атам бүркүттөрдүн уясынан балапандарын алып балапан кезинен багар эле..
— Атаңыздын бүркүт багышы менен сыймыктанган учуруңуз болду беле?
— 31-августарда чоң парад өтчүү ошол кезде атам колуна бүркүтүн кондуруп, параддын алдында бара жатканын көрүп кадимкидей сыймыктана сыртта карап турар элек. Атамды сапаттарына токтолсом өзү жөнөкөй , айкөл, кайраттуу, кыргыз элинин сыймыгы болгон өнөрдү аздектеген болгон. Атамдын көзү өткөндөн кийин баалуулуктарды сезе баштадым. Анткени өзүңөр билесиңер бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндар өтүп жатат. Ушунчалык кыраан күлүктү көрсөң, көк-бөрүсүн көргөндө, эр эңишин көргөндө, кыз куумайын көргөндө кыргызды кыргыз кылып жаратып койгон, дүнүйө элинде кыргыздын баалуулугун өзгөчө кылып көрсөткөн нерсени мен бүркүт менен да мен абдан чоң байланыштыра алдым да. Бүркүт жүргөн жерде чыгаан адам турат. Бүркүтү, тулпары анан кыргыз тайганы жана кыргыз жаасы турат. Ар бир элементин өз өзүнчө карап олтуруп кыргыздын жоокер даанышман айкөл эл экенине дагы бир жолу ынанасында. Ушул атамдын чоң жакшы касиеттерин мындай өзгөчө баалап караганга мезгилдагы өзү тараза экен. Жакын турганда бири-бир иңди анча бааалй бербейсиң, канчалык мезгил алыстатканда адамдагы баалуулук ошончолук бийиктен көрүнө баштайт экен. Жылдыздар деле аябай бийик болгондо жакшынакай болуп көрүнөт го ошол сыяктуу. Мен кыргыз болуп жаралып калганыма айрыкча ата мурас бабалардан калган касиеттерге сыймыктанам.
— Бүркүт багуу бала кездеги кыял беле…
— Бала кезде бүркүттүн сапаттарын, өзгөчө кызыгат элем. Бирок качан гана атам дүйнө салганда бүркүттү өз колума алып атам тарткан түйшүк менен түйшүктөнүп калдым.
— Экономикабыз аксап жумушсуздук күч алып сомубуздун баркы кеткен заманда жалаң эт менен тамактанган бүркүт багуу түмөн түйшүк болсо керек…
— Туура түмөн түйшүк экени ачуу чындык. Этин учурунда бериш керек. Жалаң эт менен тамактанары чындык. Эми ошол түмөн түйшүгүнө чыдап ата мурасты аркалап аздектеп келе жатам. Эт жагынан жакшы санаалаштарда колдон келген жардамын аяшпайт. Бүркүт багууда да жоопкерчилик өтө чоң эртең менен уйкудан ойгонгондо эле өзүмдөн мурда бүркүтүмдү тамактандырам.
— Бүркүттү кайсыл учурда багуу керек…
— Бүркүттү балапан кезинде алып баккан дурус. Өз колуңда чоңойгон бүркүт башкача таасир калтырат. Анын ар бир сапаты, кылыгы жалтанбасы, эрктүүлүгү мага чоң күч дем берет. Күнгө чагылышкан канаттары, тике качыра караган көз карашы таасирдүү.
— Учурда акча табуучу бизнести өркүндөткөндөр көп эмеспи. Сиз деле бүркүт багып аны бизнеске айлантайын деген ойлор барбы?
— Жакшы суроо болду. Мен бизнестеги адам эмесмин да. Мен бүркүт багууну бизнес катары карагым келбейт. Ар бир адам баласынын өзүндө бир арзуу тилеги бар мен сиз айткан бизнес жагына эмес муну улуттук баалуулук, дөөлөт катары, ата мурас, ата кесиби катары карагым келет.