Гулмира Кудайбердиева билим берүүнүн «билигин» өчүрүп, кызматынан кетти

Гулмира Кудайбердиева билим берүүнүн «билигин» өчүрүп, кызматынан кетти

06.09.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Буга чейин мектеп окуучулары чатырларда, палаткаларда, урайын деген эски имараттарда окуп келишкен. Эми контейнерлерде билим алган тестиер балдардын видео, сүрөттөрү чыгып, көпчүлүк катмарды нааразы кылууда.Эшикте XXI кылым! Төрт жылдан бери Гулмира Кудайбердиева мына ушундай чекке жеткизип, акыры министрлик кызматтан кетти.Китептердин, аттестаттардын ката басылышы көндүм жорукка айланганы, мамлекеттик чоң иш-чараларда трибунадагы сөздөрдүн теңирден тескери жазылышы,эки-үч тамганын түшүп калышы… Айтор, Кудайбердиева билим берүү тармагын жетектегени оркойгон кемчиликтер кетсе да уялып койбой, кызматында тырмышып келген эле. Кыргызстандын тарыхында мынчалык эрке, жоопкерчиликсиз министр болду беле? Эрксизден баш чайкайсың! Эмне мынча элди шылдыңдадык, ыя?

Булак: Азиянюс