Генийлерди гений кылган энелер
06.06.2020Көптөгөн бийиктиктерди багынтып, атактуулукка жетишкен генийлер да качандыр бир мезгилде кичинекей болушкан. Алар да биз сыяктуу кадам шилтеп, бал тили чыгып, тамга үйрөнүп, келечекке жол тартышкан. Кандай эне тууду экен Лениндей уулду демекчи, бүгүн ташка тамга баскандай тарыхта аты калган инсандардын энелери тууралуу кеп кылмакчыбыз.
Мария Лопес Пикассо

Өнөрү менен дүйнөнү дүңгүрөткөн сүрөтчү Пабло Пикассо эрдемсинген, өзүнө ишенген таланттуу адам. Таланты таш жарган сүрөтчү бир гана адамга карыз – ал өзүнүн энеси Марии Лопес Пикассо.
Мария Лопес буржуазиячылардын үй-бүлөсүндө төрөлүп, анын ата-энеси жүзүм өстүрүү менен алектенген. Ал 25 жашында өзүнөн эки жаш улуу сүрөтчү Хосе Руисага турмушка чыгып, Мариянын биринчи төрөтү оор сыноо менен коштолот. Бала эч кандай белги бербегендиктен аны өлүк төрөлдү деп ойлошот. Төрөт кабыл алган врач шек саноо менен баланы жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, баланын бетине карай демин чыгарганда, бала үн чыгарып ыйлайт. Ушундай окуя менен сүрөтчү Пабло Пикассо жарык дүйнөгө келген. Эне статусуна ээ болгон эне туң наристесин эч кимге ишенбей өзү тарбиялайт. Кичинекей кезинен тартып эле баласынынын ой-жүгүртүүсүн акылмандуулукка үйрөтүп, баласы улуу тагдыр үчүн даярдалганына ишенген. Паблодо өзүнө болгон чоң ишеним жана өзүмчүлдүк мүнөз бар. Баласынын сүрөттөн башка сабакка шыгы жоктугун байкап атайын сүрөтчүлөр мектебине которуп, анын келечеги аталган мектепте түптөлүп, популярдуулукка жеткен.
Пикассо апасына жакын өскөндүктөн, тез-тез Парижге келип, көп убактысын апасы менен өткөрчү. Сүрөтчүнүн сынчысы да, кеңешчиси да апасы болгон. Көптөгөн жаш муундардан өзгөчөлөнүп Пабло апасынан уялчу эмес. Ал кээде достору менен жолукканы барганда энесин да алып алчу, ал тургай ресторанга, казиного да энеси менен барчу. Жада калса өмүрлүк жарын тандоодо да энесинин кеңешин уккан. Балким, Мария Лопес менен баласы тыгыз байланышта болбогондо сүрөтчү мынчалык атактуулукка жетмек эмес. Мээрман эненин баласына болгон чексиз сүйүүсү,мээрими, ар кандай тоскоолдуктарды жеңип өтүп, жөнөкөй баладан гений жаралды. Пабло Пикассо өмүр бою энесине карыздар экенин сезип, ал апасына чоң сүйүү жана камкордук менен жооп берген.
Летиция Бонапарт (Рамолино)

Наполеондун апасы Летиция Рамолинонун тагдыры жөнөкөй канааттандыраарлык болгон. Ал тартынчаак, уяң жумшак мүнөз кишиге турмушка чыгып, үй-бүлөөнүн бардык камкордугу, түйшүгү анын мойнунда болгон. Көп аялдар катары чарбачылыкты өзү колго алып, чечимди жолдошу менен биргеликте чыгарган. Ар бир ишти майын чыгара аткарып, дүйнөсүн берип жасаган ишинен ырахат алчу. Летиция келбеттүү, сулуу жана чечкиндүү, кайраттуу эркек мүнөз болгон. Он үч баланы жарык дүйнөгө алып келген Баатыр эне балдарын аябай жакшы көргөн ошол эле учурда аларды катуу тартипте өстүргөн. Энесинин темирдей бекем, болоттой курч тарбиясы Напалеонду апасына болгон сүйүүсүн, сый-урматын күчөткөн. Ага энесинин кайраттуулугу, эрктүүлүгү, эмгекке болгон тактыгы, жоопкерчиликтүүлүгү жана терең ой жүгүртүүсү өткөн.
Атасы, жолдошу каза болгондон кийин Летиция жокчулуктун азабын тартып, үй жыл жакырчылыкта жашашкан. Кийин Напалеон юнкердик бригадада кызмат өтөп, тапкан акчасынын көп бөлүгүн үй-бүлөсүнүн муктаждыгына жөнөткөн. Жокчулук Летицияны сабырдуу, үнөмдүү болууга мажбурлап, бул сапаттар анда адат болуп калыптанып калган. Летиция узак өмүр кечирип, 85 жашында Римде каза болгон.
Мария-Магдалина Бетховен (Кеверих)

Мария Магдалина Бетховендин жашоосун оңой деп айтуу кыйын. Ал ашпозчунун үй-бүлөсүндө туулган.Театрдын ырчысы Иоганна Бетховенге турмушка чыгып, алардын биринчи баласы бөбөк кезинде каза болгон. Көп өтпөй эле Людвиг аттуу экинчи наристесин жарык дүйнөгө алып келген. Людвигден кийин алты бала төрөгөн. Кээ бир тарыхчылар Марияны сифилис менен ооруганын белгилешкени менен жетишерлик далил табылган эмес. Мария Магдалина кургак учук оорусуна кабылып, 39 жашында каза болгон. Ошол учурдагы өтө кооптуу, коркунучтуу, жугуштуу дартты Мария Магдалина оорукчан кызын караганда жуктуруп алга
Джулия Леннон (Стенли)

Джулия Леннонду эненин образы деп айтуу кыйын, анткени ал шамалдай шуулдап, ырдап бийлегенди жакшы көргөн, жеңил жашоону сүйгөн аял болгон. Ал эми үй-бүлөлүк жоопкерчилик, балага болгон кам кордук ал үчүн кызыксыз эле. Джулия жөнөкөй үй-бүлөөдө төрөлгөн. Ал дайыма шаңдуу,шайыр жүрчү. Бирок, анын тагдыры ийгиликсиз коштолгон. Ал никесиз төрөлгөн кызын Норвегиядагы туугандарына асырап алууга бергени менен Джон Леннондун атасы менен бактылуу никеге турган эмес. Умтулуп өзүнүн жашоосун курган Джулия баласы менен аз убакыт өткөргөн . Ошентсе да Джон Леннон үчүн апасы сүйүктүү жана эң жакын адамы болгон. Мүмкүн, Джулия баласын зоопаркка алып барып, үй тапшырмасын текшерген жоктур, бирок анын музыкант болуусуна чоң салым кошту. Ал баласы Леннонго биринчи гитарасын сатып берип, кийинчерээк аккордеон жана бонджону ойноону үйрөттү. Джулия 44 жашында жол кырсыгынан кө жумуп, Джон Леннонго апасынын өлүмү аябай чоң трагедия болгон. Кийин апасынын жаркын элесине бир канча ырларды жаратты. Белгилей кетсек, биринчи альбомун апасынын атынан Джулианом деп атаган.
Варвара Михайловна Булгакова

Орус жазуучусу Михаил Булгаковдун апасы Варвара Михайловнанын башынан көп сыноолор өтсө дагы ал өтө энергиялуу, кайраттуу, жүргөн жеринде позитив жараткан күчтүү аял болгон. Колундагы баласы менен эрте жесир калып, тагдырга таарынып наалыгандын ордуна бир туугандарынын тарбиялап, билим алуусун өз мойнуна алган. Алты бир тууганын, баласын кабак-кашым дебей багып, чоңойтуп жаткан учурда күйөсүнүн бир тууганы 3 тууганын тарбиялоо үчүн Варвара Михайловнанын колуна берген. Кыйынчылыкка карабай 10 баланы бооруна кысып, мээримин төгүп чоңойткон. “Тапкан эмес баккан эне” демекчи, балдары энелери тууралуу эскергенде “энебиз бизди катуу тартипте акылдуулук менен тарбиялады” деп айтышат. В.М Булгакова балдарын тарбиялоодо талыкпай эмгек жасап, убактысынын көбүн балдарына арнап, башка энелерге үлгү боло алган. Балысынын адабиятты, сүрөттү, театрды сүйүүсүнө өзү түрткү берип, проза жазганда ой-пикирин айтып, идеянын жаралышына себепкер болгон. Михаил Булгаков алгачкы аңгемесин 7 жашында жазган. Апасынын чыныгы сүйүүсү, тагдыры “Белая гвардия” романында чагылдырылган. Варвара Михайловна Баатыр эне деп эсептелген.
Булак: Жетиген журналы