Бөйрөктү тазалоочу азыктар
27.08.2019Зыяндуу адаттар жана туура эмес тамактануудан улам, өзүбүз эле организмибизге күч келтирет экенбиз. Өзгөчө бөйрөгүбүзгө.
Бөйрөк аркылуу заара менен кошо суу, туздар, организмдин өзүндө пайда болгон же сырттан кирген уу заттар бөлүнүп чыгат.
Төмөнкү азыктарды колдонуу менен сиз бөйрөктүн мыкты иштөөсүн камсыз кылган болосуз.
Жашылча өсүмдүктөр
Бөйрөккө керектүү А витаминге бай
Алма
Алма дагы организмге жеңил келип, жеген тамакты жакшы сиңирет
Балык
Бөйрөккө керектүү диеталык тамак-аш болуп саналат
Дарбыз
Дарбыз заараны бат айдап чыгаруучу жана бөйрөктөгү кумдарды кетирүүчү мыкты азык
Ашкабак
Ашкабак турдүү витаминдерге жана минералдарга бай
Ит мурун
Ит мурундун курамы С витамине өтө бай
Кара нан
Кара нан дагы витаминдерге бай келип, тамак-ашты жакшы сиңирет жана артериалдык басымды төмөндөтүүгө жардам берет
Кызыл карагат
Кызыл карагат магний, бор, цинк жана кальций витминдерине ээ болуп, бөйрөккө абдан пайдалуу.
БУЛАК: zaman.kg