Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өтөт
24.03.2020Бүгүн, 24-март саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кезексиз жыйыны өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, жыйындын күн тартибинде өзгөчө абал киргизүү маселеси каралат.
Белгилей кетсек, 23-мартка карата Кыргызстанда таажывируска чалдыккан 2 жаӊы учурлар катталган. Кыргызстан боюнча таажывирусуна менен ооруган адамдардын саны – 16. Алар: 7 эркек, 9 аял.