Бырышты алдын алган табигый маска
30.10.2019
Бүгүн кырк жашка чыктыңызбы?!. Бир көз ирмем күзгү алдына байырлап бетиңизге байкоо жүргүзүңчү! Көздүн алдында, ооздун тегерегинде алгачкы бырыштар байкалдыбы? Эмесе, бырыштын алдын алуу үчүн беттин терисин тарттырган табигый маскалар тууралуу бөлүшөбүз.
- Жумуртканын агы беттин терисин тарттырган үй шартында жасалган масканын негизги азыгы. Масканын курамы: бир жумуртканын агы, жарым чай кашык Е витамин майы, бир нече тамчы лимон же апельсин согу. Текши аралаштырып, макияжы тазаланган беттин терисине сааттын жебеси боюнча жеңил укалоо менен сиңдире сүйкөп, кургаганча тынч отуруп, 15 мүнөттөн кийин жылымык суу менен жууп саласыз.
- Каймак аралашкан маска теринин бардык түрү үчүн ыңгайлуу. Бир аш кашык каймакка бир чай кашык лимон согун, 2-3 тамчы лаванда же герандын эфир майын кошуп адат болуп калгандай 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз. Бул маска курактык өзгөчөлүктөн улам пайда боло калган кара тактардын, безеткинин өңүн өчүрөт, дүүлүккөн терини жылмакай кылат.
- Жарым авокадону майдалап, блендерден өткөрүп, ага эки аш кашык бал, бир жумуртканын агын кошуп, маска жасап, 15 мүнөттөн кийин жууп, нымдандыруучу бет май сүйкөп коесуз.
- Жакшы бышкан бир банандын жарымын вилка менен эзип, ага эки аш кашык камкаймак, бир жумуртканын агын жана Е витаминдин бир капсуласын кошуп текши аралаштырып сүйкөп, 15 мүнөт өткөндө жууп саласыз.
- Жарым стакан кайнак сууга эки аш кашык сулу акшагын жарым саат чылап, эзилип коюу масса болгондо бир жумуртканын агын, бир аш кашык бал аралаштырып беш мүнөт тынытктырып, бетке, моюнга жаап, 15 мүнөттөн кийин сүт кошулган жылымык суу менен чайкап салыңыз.
!!!Үй шартында жасалган бул маскаларды жумасына эки-үч жолу жасаса болот. Натыйжасы байкалыш үчүн улам бирин алмаштырбай жума боюнча кезектештирген оң болот. - Сания Уланбекова