Бут эмне себептен түйүлөт?

Бут эмне себептен түйүлөт?

30.08.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Уйку жана физикалык факторлор өзүбүздүн кыймыл-аракетибизге байланыштуу. А бирок айрым факторлор биздин уйкубуздун сапатын бузганга себеп болот. Мисалга, түн ичинде буттун түйүлүп калышын алсак болот.

Адистер буттун түйүлүп калышы бир гана түн ичинде эмес, айрым адамдарда күндүз деле боло тургандыгын айтып келишет. Мисалга, эркектерге салыштармалуу аялдарда буттун түшүйүлүшү көп кездешет.

Анын себептери

Генетикалык фактор себеп болот

В12 витамининин жетишпестиги

Диабет ооорусу

Бөйрөгү ооругандар

Организмде магний жана фолий кычкылынын жетишпестиги

Тамеки чегүү

Айрым дары-дермектер

Булчуң оорусу

Стресс

Кыймылсыздык

Аны дарылоо үчүн айрым адамдар уктап жатканда, алардан тест алынат. Тесттин жыйынтыгы менен адамдар уктап жатканда булчуңдары канчалык иштеп жаткандыгын аныктоого болот.

Адистер буттун түйүлүп калуусун витаминдер менен алдын алса боло тургандыгын эскертет.

Өзгөчө боюнда бар аялдарда витаминдер, калий жана магний жетишпестиктен улам буттары түйүлөт. Ошондуктан дарыгердин көзөмөлүндө болуп, убагында керектүү дары-дармектерди ичүүнү сунуш кылат.

Булак:zaman.kg