Skip to the content 
Бурул Раймалиева, ырчы: Жолдошум мени кызганбайт
02.07.2019 Автор bulut.kg - Саламатсызбы? Кайсыл жердин асыл кызысыз?
- Саламатсызбы? Мен Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылында туулуп, өстүм. Балалык курагым ошол туулган жеримде өттү. Айылымдагы Райкан Шүкүрбеков атындагы орто мектепти аяктагандан кийин борбор шаарыбыздагы Ишенаалы Арабаев университетинин филология факультетине тапшырып, беш жыл окуп, ийгиликтүү аяктадым.
- Үй-бүлөдө таланттуулар барбы?
- «Аккан арыктан суу агат» деген жакшы кеп бар эмеспи. Чоң атам Раймалыдан өттү окшойт деп ойлойм. Бала кезден чыгармачылык менен өсүп, музыка каныма сиңип калган. Үй-бүлөдө атам баш болуп, баарыбыз ырчыбыз. Атам комузда кол ойнотот. Апам болсо аны коштоп, обон созот. Эжелерим комузда, ооз комузда, домбурада ойношот. Үй-бүлөбүз чогулганда үйүбүз чоң концертке айлантат. Ата-энем жети баланы тарбиялап, өстүрдү.
Бир туугандардын улуусу Руслан байкем, андан соң беш кыз. Кыздардын улуусу Нуржан эжем Талас облусунда мугалим болуп эмгектенет. Быйыл «Эл агартуунун отличниги» наамын алды. Андан кийин Каныкей эжем КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Ал эми Бүбүжан эжем Эл аралык фестивалда биринчиликти багындыра алды. Ал эми Гүлбара «Камбаркан» оркестрынын солисткасы, «Доор» оркестрында ырдайт. Анан да баса белгилеп айта кетсем, жыйырма үч тилде обон созот. Алардын артынан ээрчип мен дагы келе жатам. Өнөр өргөсүндө жүргөнүмө он беш жылдын жүзү болду. - Репертуарыңызда канча ыр, канча клибиңиз бар?
- Репертуарымда ырларым көп. Анын ичинде эстрадалык, фольклордук ырларым бар. Көбүнчө фольклордук ырларга басым жасайм. Учурда беш клибим бар. Соңку клибим бөбөктөргө арналган»Тай-тай» аттуу ырымдын клиби болду.
- Ыр деп калдык, акындар менен иштешесизби?
- Ооба, акындар менен иштешем. Мисалга Жылдызбек Турсунбаев, Алтынбек Алымов сыяктуу мыкты акындар менен кызматташам. Ырдын сөзүнө, маани маңызына сөзсүз көңүл бурам. Жеңил-желпи ырлардан алысмын.
- Жеке концерт берейин деген максатыңыз барбы?
- Ооба, албетте андай максатым бар. Бирок, төрт бир тууган эл алдында ырдап жүрөбүз да, төртөөбүз биригип чоң концерт берсекпи деген ойлор бар. Учурда жаңы ырыбызга клип тарттыруу менен жүрөбүз.
- Үй-бүлөңүз жөнүндө айтсаңыз?
- Жолдошум Акыл Кара-Балта шаарынын тургуну, үй-бүлөбүздүн президентти, эки баламдын атасы… Кудайга шүгүр, баш кошконбузга он беш жыл болду. Балдарымдын ысымы Жаныбек, Чыңгыз.
Жолдошум менин чыгармачылыгыма аралашып, кызганып, кийлигишпейт, тескерисинче колдоп турат. Ал өз жумушу менен, мен өз чыгармачылыгым менен алекмин. Кудайга шүгүр, урушпай-талашпай жашап келе жатабыз. - Алдыга койгон пландарыңыз барбы?
- Жакшы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып, элиме маданият тармагында эмгек кылып жүрө берейин деп тилек кылам.
- Булак: Bulut.kg