Братваны колдогон Банкир
06.05.2019Братваны колдогон Банкир
Банкир алтымыш жашты аркалаганы менен салабаттуу басыгынан жазбай, дале өзүнө тың. Үч уктаса түшкө кирбес кылмыштын автору. Тээ Союздун маалында чымын кире алгыс банкты тоноп, изин жашырып кеткен. Республикага дүң дей түшкөн бул кылмышты түп көтөрүлө издөө салып, аты-жытын таппай айласы куруп, нечендеген жетекчилер кызматынан кол жууган ошондо. Бирок, арадан көп өтпөй Банкир жасаган кылмышын мойнуна алып, уурдалган акчаны чып-чыргасын коротпой банкка өткөрүп бергени өзүнчө сенсация жараткан. Неге андай кадамга барды? Али ушу күнгө чейин табышмак. Түрмөдө мүнөт, секундун күтө олтуруп, общактын казынасын кайтаруу ишенимине арзып, Банкир атка конгон. Кылмыш дүйнөсүндө анын аброю өзгөчө. Кара кылды как жарган калыстыгы, жалтанбас көкжалдыгы, бир сүйлөгөн жигитчилигинен жазбай келет. Ал сотсуз, прокурорсуз, милициясыз мамлекет болбошу мүмкүн эмес экенин билгени менен мамлекеттик органдын биринин да ишин жактачу эмес. “Кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамы демократиялуу. Биз өз мыйзамдарыбыз менен коомду чириген адамдардан тазалайбыз”, деп келет. Ким билет? Балким ошондойдур. Банктан уурдалган акчаны кайтарып бергенине караганда айтканынын жөнү бардай. Бизге караңгы. Канткен менен ал биз үчүн кылмышкер. Уурулугу уламышка айланган авторитет.
Шам мында эртерээк келип Банкирди күтүп олтурду. Теребелге көз чаптыра, маашырлана карайт. Чыны кооз жай эле. Шаркырап аккан суулары, булбул куштун сайраганы кудум жомоктогудай. Банкир өз колу менен өстүргөн бак-дарактар. Баарын өз табитине жараша олтургузган. Бул жерге Арстанбап, же Аркытты көчүрүп келгендей, керемет. Кытай чебиндей кыдырата тизилген бийик коргондун ичи бүт Банкирге карайт. Анын ичинде не бир зат бар. Жер жемиштин миң түркүн түрү, гүлзарлар өзүнчө эле экзотика. Айтор Банкирдин багбанчылыгына сөз жок. Анын ишенимине кирген адам гана мында конок боло алат.
Банкир коюу бактын түбүндө күтүп жатканын билдиришти. Жанында бир гана стул бар эле. “Жалгыз сүйлөшөйүн деген экен” деди ичинен. Шам коштой келген жан сакчыларын калтырып, Банкирдин маңдайынан орун алды. Ал – абалды сурашкан соң Банкир:
— Депутаттык креслого кызыгып калган экенсиң, балам?.. – деп маселени кабыргасынан койду.
— Шанс болуп атат… – деди Шам күлө карап.
— Мунуңду братва колдобойт, балам.- Банкир тынчсыздангандай үн катты.
— Неге антип ойлойсуз?… Сиз колдосоңуз болду да… Башкасы…
— Жок!.. Антип кесир сүйлөбө. Сен бийлик үчүн ири бизнесмен болсоң, анан да кылмыштуу топтун башчысы экениңди унутпа.
— Эми азыр демократия деп атышат, баарыбыз шайланууга укугубуз бар да.
— Оболу биздин мыйзамды сыйла, анан депутат бол.
— Сыйлап эле келатпаймынбы…
— Сыйлаган жоксуң. Кылмыштуу топтун башчысы болуп туруп өзүңдүн капчыгыңа гана иштеп, таза бизнесменмин дегениң болбогон сөз. А эгер чын эле таза бизнесмен болсоң, кылмыштуу топту башкарууга кандай акың бар?
— Акым бар!.. Сиз өзүңүз көтөргөнсүз мени…
— Анда эмнеге ишканалардан, базарлардан сага берген “кол кесерди” братва менен бөлүшпөйсүң? Братванын ашын жеп, чайын ичкениңди унутуп койдуңбу?! Сен асмандан түшкөн жоксуң да. Же натуурабы?! Эсиңе келчи, балам!
— Туура айтасыз. Бирок, шайлоого көп акча кетет экен. Шайлоону бүтүрөйүн. Качан сиздин сөздү эки кылдым эле.- деп Шам бир аз басынгандай сөз козгоду.
— Шайлооң биздин проблема эмес, ал сенин түйшүгүң. Кантип депутат болосуң өз ишиң. Мойнуңа арткан милдетиңди аткар!… Чыдасаң топту башкар!…- Банкир айтканынан кайтпагандай өкүм сүйлөдү.
-Мен жөндөн жөн эле депутаттыкка бараткан жокмун да. Ак үйдүн сунушу менен …
— Алар биздин идея менен жашайт бекен! — деп алаканын шак чаба карсылдап айлананы жаңырта күлдү. Анан ал обдула ордунан туруп:- Жок!.. Керек болсо сен өз чөйрөңдүн президентисиң. Эми кимдин сунушуна көнүп, кимге иштегени баратасың, чунак бала?!- деди Банкир башын чайкап.
— Мен ал жакка өз мыйзамымды орноткону баратам. Биздин мыйзам адилет дечү эмес белеңиз. Элдин ырыскысын жеген коррупционерлерди кустурамын. Көзүнөн кан чыгарамын!…
— Абайла. Мен сага балам катары айтып жатам. Бир жолду танда. “Эки тоонун чөбүн эңсеген эчки ачкадан өлүптүр” дейт. Сындырып коюшат…
— Депутат болгондун биринчиси, же эң акыркысы эмесмин го акыры. Башка жакта канча ворлор олтурат.
— Алар братваны чанган жок да. Эх балам, айтор мени айтпады дебе. Акыл калча. Эстүү бол, — деп Банкир Шамдын мурдунун учунан өөп бакты аралап басып кетти. Бул “Бошсуң, кете бер” дегени эле.
Шам ким?…
Шам акча табуунун айлакери эле. Абадан акча жасачу. Ал капчыгын гана кампайтуунун камын ойлобой, уюшкан ири кылмыштуу топту кыңк эттирбей башкарууну билчү. Шамдын тобунда өзүнчө разведка, коопсуздук кызматы, курал колдоно билген атайын отряды, деги койчу бөркүн ал десе башын алган жанкечтилери жетиштүү эле. Душман даай албас түптүү системаны түзүп койгон. Анын авторитети төгөрөктүн төрт бурчуна дайын болчу. Ал өзүн короновать эткенди максат кылган эмес. Эгер “вор” болсо сходкага катышуу керек, талаш маселе боюнча пикириңди айтасың. Чечим чыгарасың. Бирөөнө жакса, бирине жакпайт. Жакпаганы нааразы болот. Орто жолдо ошентип душман күтөсүң. Андай оокаттын Шамга кереги жок эле. Эгер вор болсо, азыркы жашоосундагы дүйнө-мүлкүнө көз карашын өзгөртүшү абзел. Анын не кереги бар?! Шам азыр жаман жашаган жок. Эч кимге отчёт бербейт, эч кимге көз каранды эмес. Шамдын пиринциби ушундай болчу.
Сапердин жан сыры
Полковник Муталибов олигархтын коопсуздук кызматын башкарып жатканын уккан күндөн баштап ушул ой Сапердун көөдөнүнө бүлүк салып келет. Ал Шамдын кол алдынан кетүүнү көздөп жүргөн болчу. Далай “чыла” иштер анын колу менен жасалды. Эртели кеч баары бир артынан сая түшкөн адам болсо, жалгыз өзү гана күнөлүү болору айдан ачык. А Шам кайсыл жерде болбосун суудан курук чыгары бештен белгилүү. Убакыттан утуу керек эле. Негизи Шамдын колу ачык. Каражаттан деле өксүү болгон жери жок. Арийне, түбөлүгүн ойлоду. “Өмүр бою Шамды чарк айланып жүрө бермек белем”, деген бүтүмгө таянган. Мындайда полковник Муталибовдун “элегинен” дагы бир ирет өтүүнү туура көрдү.
Сапер Шамдын олигарх менен алгычкы жолугушкан күндөн жылдызы келишпей калганын жакшы билчү. Өткөн жылдагы ири бизнесмендер катышкан экономикалык форумда олигарх атыккан Азамат Кеңешович Шамдын жасаган докладын таптакыр жокко чыгара сындап, “кечээки самопал арак сатып, бирөөлөрдү коркутуп-үркүтүп байыган айрым бизнесмен сөрөйлөрдүн бүгүн “экономиканы өз күчүбүз менен көтөрөбүз” деген сөздөрү арык аттап, суу кечпейт. Экономиканын реалдуу секторуна жандуу инвестиция керек. Коррупция, рэкет, алдамчылык мамлекеттик деңгээлде күчөп атканда жандуу инвестициянын келиши күмөн. Ким кепил боло алат инвесторго?! Бизнесмен – сөрөйлөрбү?!” деп олуттуу маселе койгон. Ошол жыйындан кийинки фуршетте Шам олигархты колдоп:
— Азамат Кеңешович өтө жөндүү маселени көтөрдүңүз. Куттуктаймын! Чын эле инвесторлорго өкмөт кепил боло албай жатпайбы. Туура айттыңыз. Биз сиз менен сыймыктанабыз, — деп тост көтөрөйүн дегенде, олигарх рюмкасын өзүнө тарта:
— Токто, балакай… Силер суу кечпеген сөздөрдү сүйлөп жатпайсыңарбы. Чет өлкөгө Президентти, өкмөттү жандап чыгып, чыгымын төлөп бергениңерге чоңдоруң курсант. Кана, инвестор?! Круизден келип ар кимиң өз билгениңерди кыласыңар. Неге бардың, не апкелдиң?… деп сурап алчу башкарма барбы бу өлкөдө?… Сен нанды “нана” деген баласың. Ушу силерге ишенген өкмөтүңө да бали…
— Аша чаппаңыз, Азамат Кеңешович. Жаштардын демилгесин колдоонун ордуна басынтканыңызга жол болсун…
— Жакпаса укпагыла… Биздин бир гана ишкана айына жүз миңдеген сом салык төлөйт… Жүз миңдеген… А силер… –деп теңсинбей басып кетерде Шам:
— Салыкты дагы көбүрөөк төлөөгө биз жардам беребиз, Азамат Кеңешович,- деди кекээрлүү жылмая.
Ошол күндөн Шам олигархка катуу өчөшүп калган. Сапер алардын тирешүүсүн көз жаздымда калтырган жок. Шам алдына тике карап, каяша айтканды аячу эмес. Мындай шартта Сапердин бүйүрү кызыды. “Не дээр экен?!” деген суроого кулагы сак. Шам ал түнү сыр билгизбей бейгам тарады. Эгерде олигарх жөнүндө пикирин сураса ортого от таштоого даяр эле. Ал унчуккан жок. А күндөр өтө берди. Туптуура беш айдан кийин Шам олигарх жөнүндө Саперге сөз козгоду.
— Олигарх биз жиберген “аудиторду” киргизбей коюптур. “Акыл жаштан” дейт. Тарбиялап койсок, кантет… Айына жүз миңдеген салык төлөйт, билесиң да… — деди Саперго кайрыла.
— Качан эле мойнуна каргы салыш керек болчу…- деди Сапер ишенимдүү.
— Кантип?…
— Кандай заманда, ким менен жашап атканын билсин да.
— Каргы салынбай, мойну жоон болуп жатпайбы. – Шам суроолуу тигилди.
Ал мындай иште бирөөнүн демилгесин укканга маш эле. Эгерде кимдир бирөө “ушинтүү керек” десе, ошо милдетти кайра өзүнө арта салганды катуу өздөштүрүп алган. Азыр да соболдун төркүнү демилге сурап жатканын Сапер чү дегенде эле аңдаган. Баса, ага асмандан издегени жерден табылып атпайбы. Демилгени колго алууну ойлоду.
— Шам, -деди Сапер жанына ыктай олтуруп:- Коркуталы… Кулагынын түбүнөн ок өткөндө алласы оозунан түшөт… “Хоп, ляппай” деп калат…
— Жок, коркпойт…
— Анда, Шам… – деп столдо жаткан олигархтын сүрөтүн алып, карандаш менен башын тегерете сызып, кресть коюп алдына таштады. Бул “жок кылалы” деген белги эле.
— Ушу туура болобу?…- Шам сүрөткө көз кырын салды.
— Башка жол жок. Жардам берели…
— Фараны тап…- деди мүдөөсүнө жеткендей.