Бош жатам дебей тырмакка кам көрсөңүз болот

Бош жатам дебей тырмакка кам көрсөңүз болот

21.05.2020 Выкл. Автор bulut.kg

                     Чеснок кошулган лак                    

Чесноктун 1-2 тишчесин майда туурап түссүз лакка кошуп 7-10 күн күтөбүз. Убактысы келгенде дары лак менен менен боёп коюу аркылуу тырмактын бекем жана катуу болушун камсыздай аласыз.        

                      Лимон согу            

Бир лимонду так ортосунан бөлүп, тырмактын учтарын матырып 10 мүнөт отуруп туруңуз. Андан кийин лимонду фольгага ороп муздаткычка сактап коёсуз, ал дагы бир жумага чейин күн алыс тырмакка маска үчүн керек болот. Мындай лимон масканы эки жума жасоо абзел.    

                Деңиз тузу            

250 мл жылуу сууга 1 чай кашыктан аш содасын, деңиз тузун жана үйдө болгон шампундан аралаштырып аласыз. Эгер болсо лаванда, лимон, розмариндин эфир майын кошсо да жакшы. Мындай аралашма менен тырмакка 15-20 мүнөт ванна жасоо каралган. Эринбесеңиз күн сайын жасаңыз. Кургаганда колдун терисине азыктандыруучу атайын кол крем сыйпап коюу керек. 

                  Йод маска         

Жатарда кисти  менен йодду тырмакка сүртүп коёсуз. Адегенде тырмак саргарып калат, сарсанаа болбоңуз, ал эми эртең менен йод сиңип тырмак адепкидей эле көрүнөт. Бул ыкма тырмактын сыйрылып катмарланышынын алдын алат. 

                 Желатин ваннасы   

Бир стакан кайнак сууга жарым аш кашык желатинди аралаштырып, муздаганча күтүңүз, андан соң 10- 15 мүнөт тырмакты салып ванна жасайсыз. Жумасына эки ирет жасалат.   

САНИЯ УЛАНБЕКОВНА