Болот Дыйканбаев: Көк бөрү бүйүр кызыткан оюн
19.02.2020Кыргызга чындап күйгөн, бабалардан калган баалуулуктарды кадырлап-кастарлай билген, эч убакта ак калпагы башынан түшпөгөн, меценат, мекенчил мырза Көк бөрү федерациясынын Ош облусу боюнча президенти Болот Дыйканбаевди кепке тарттым.
— Болот Жусупович, көк бөрү менен аламан улактын айырмасы барбы?
— Көк бөрү менен аламан улактан айырмасы бар. Адамдар жалпы тегиз отуруп, мындайча айтканда, ыңгайлуу шартта көк бөрүнү көрө алат. Көрүп ошол жерде калыстардын ышкырыгын төрттөн сегиз оюнчу ойноп жаткан болсо, алар угат. Алар аркылуу эл да угат.
Ал эми аламан улак бир жерге токтобой алыскы аралыктарга чабылуучу оюн болуп эсептелет. Жалпысынан алганда экөө окшош эле. Бүйүр кызытат, аттардын адам сыяктуу эрегишүүсү, жигиттердин шамал менен жарышкан шамдагайлыгы, чапчаңдыгы көрсөтүлөт. Эки оюндун айрымасы, көк бөрү оюнунда бир адамга баш ийсе, аламан улакта эч кимге баш ийбей эркин куш сыяктуу ээн-эркин оюн ойнолот.
— Көк бөрүнүн негизги максаты эмнеде деп ойлойсуз?
— Көк бөрү оюнунун негизги максаты — бул бир адамга баш ийүүнүн формуласы. Бир адамды угуп үйрөнүш керек. Мисалы, футболду карасаңар, футбол деле ошол максатта чыккан. Жүз миңдеген көрүүчү көрүп олтурат. Жыйырма эки оюнчу гана оюн талаасында ойнойт. Бир калыс ышкырыкты ышкырганда оюн токтойт. Ошол сыңары, көк бөрүдө да бир адамга моюн сунганды үйрөтүүчү илимий жагы бар.
-Акыркы учурларда көк бөрү оюнуна кызыккан жаштардын катары өсүп бараткандай…
-Жаштардын оюнга кызыкканынын жөнү бар. Чынында көк бөрү ушунчалык бүйүр кызыткан оюн . Футболдо дагы мынчалык эмоцияга берилип, адреналин көтөрүлбөсө керек. Оюнчулар тай казанга барып ыргытарда өзүң отурган жериңден ыргып кетчүдөй болуп көрөсүң го. Аттар чыгып алып, бири-бирин түртүшүп адам сыяктуу астыларын тозуп, жылкынын акылдуулугун көргөзүп жатканы. Анын үстүндөгү чабандес жылкынын ою менен чогуу бири-бирине ымалалары келишип кыймылдап жатканы бул да болсо кыргыз менен жылкынын жан дүйнөсү окшош деген ойду далилдеп тургансыйт. Кыргызды жылкысыз, жылкыны кыргызсыз элестетүүгө болбойт.
-Жылкы деп калдыңыз, өзүңүз жылкы баласына кандай мамиле жасайсыз?…
-Ат таптайм, ушул күндө үйдө 11 ат бар. Анан туугандарым, досторум айтат “эмне кереги бар ушунча аттын” дейт. Канча чыгым дешет. Чын эле карасаң он бир ат он бир үй-бүлөнүн акчасын жейт да. Бирок мен аттарыма жем-чөп бергенден, ат минип бастыргандан, чаптыргандан рахат алам! Кудайга шүгүр, жаман эмес, он бир жылкыны багып жатсак деле кудайым, ырыскыны кенен кылып эле берип жатат. Ошондон улам дааалымдардын айтканы туура экен дегенойго кептелем. Жылкы баккан адамга кудайым өзү берекесин берет деп.Менин жеке пикиримде, ар бир кыргыздын жигити бирден ат багып, ошону сүйүп, минсе дейм. Кыргыздын жигиттеринин мекенчилдик сезими өсөт эле. Мекен деген эмне? Эл деген эмне? Биз жылкы аркылуу көп нерсени үйрөнсөк болот да.
-Көк бөрү оюнунда эки жаат болуп урушат. Бул оюн бизге керек эмес дегендер да жок эмес…
-Көк бөрү оюну ойнолуп жатканда кээ бир учурда эл туура эмес түшүнүп калат. Чүй менен Талас ойноп жатса, же Талас менен Ысык-Көл ойноп жатса, же болбосо Ош менен Талас ойноп жатса, душман менен ойноп жаткандай бири-бирине туура эмес түшүнүк калтырышат. Мен ошол элди туура багытта ой жүгүртүүгөчакыргым келет. Бул оюн, бул спорт! Спорт — ден соолук. Ден соолугу чың адам дос күтө алат. Ошондуктан бул спорт достуктун, ден соолуктун кепилдиги, кубанычтын туу чокусуна жеткен бир чоң нерсе деп түшүнөм да мен. Ал жерде урушуунун кереги жок. Жөн гана спорттук оюн катары кабыл алуу керек. Спорттук оюндарда жеңилүү да, жеңүү да бар эмеспи…
-Көк бөрү үчүн атайын ат баккан саяпкерлер көбөйүп бараткандай…
-Туура. Акыркы кезде көк бөрүгө атайын ат таптаган саяпкерлер чыгып жатат. Атты кантип таптап, үйрөтүш керек. Ветеринарлар көбөйүп жатат. Жылкыны кантип дарылаш керек… Деги эле бир аттын артынан канчалаган машакаттуу иш бар. Бирок, машакаттуу иш кызыктуу болгондугу үчүн ошол эле саяпкерлер, ветеринар, чабандестер бардыгы ошол машакатка макул.
Көрсө, жылкынын артында чоң сооп жатканын кыргыз эли бир канча кылымдар башта эле билген экен. Мына азыр биздин Чубак ажы, Максат ажы, Абдышүкүр ажы аалымдарыбыз бүгүн Курандан которуп, бизге айтып жатат. Бул туягынан от чыккан жылкыларга берген жем-чөбүң, караган акысы бардыгы садака дептир. Ошондон улам кыргыз алмустактан бери эле мусулман экенин, өзүнүн ислам жолунда экенин түшүндүм.
-Негедир баятан байкасам, бала кезиңизден эле жылкыга болгон кызыгуу бардай…
-Туура баамдапсыз, менин бала кезимде үйүбүздө атам дайыма ат таптачу. . “Балам, бир кыргыздын үйүндө бир аты болбосо ал кантип кыргызмын дейт…”,- деп кейип калчу. Атам дайыма ат таптачу, атамда бир аябай курч сөзү бар эле, мен анчалык курч боло албайм. Улакка жөнөп жатканда тапталган атын карап, “эгерде кокус улакта, сени уят кылып жыгылып калса союп ташта!” дейт эле да. Себеби атты таптаганына, ал ат жыгылбасына ушунчалык ишенет экен да. Атамдын ишеничин актап, аттары уят кылчу эмес.

-Биздин көк бөрү нү, аламан улакты коңшулаш өлкөлөрдө да кызыгуу менен ойноп жатышкандай, сиздин буга пикириңиз кандай?
-Менин пикирим жакшы. Акыркы кезде Өзбекстан, Казакстанда улак тартыштар болуп жатат. Кыргыздын жигиттерин конок катары чакырып жатышат. Биздин жигиттер ал жакка барып, аламан улак, көк бөрү оюндарын ойноп, өзүбүздүн кыраан эл экенибизди таанытып, тепсе темир үзгөн жигиттерибиз бар экенин билгизип жаткандары көңүл сергитет. Коңшулаш өлкөлөрдө өтүп жаткан улак, көк бөрүнү интернет желелеринен, ютуб каналдардан көрүп, башка өлкөлөрдүн жарандарынын биздин жигиттерге карата айткандары, “ кыргызда баатыр эр жүрөк жигиттер бар!” “кыргыздын жигиттери ат менен кошо төрөлгөндөй!” деген жакшы пикирлерди жазып жатышат. Казактар, өзбектердин биздин улакчы жигиттерибизге болгон урмат-сыйы жогору экени көрүнүп жатат.
-Улакчыларга болгон сый-урмат демекчи, Астанада өткөн көк бөрүдө казак туугандар биздин улакчыларды сабап койду деп ызы-чуу болуп жатып калдык эле…
-Негизи кыргыз эле чыгармачыл элбиз. Кичине нерсени аябай көбүртүп жабыртып жибергенге устабыз. Астанада өткөн оюнда “кокуй, биздин балдарды казактар сабады, мындай кылды…” дешип аябай айтышты. Көк бөрү эрендердин оюну. Аны сабап камчы менен уруп коюу эч нерсе эмес, бул оюн — чоң согуш, таймаш, атаандашуу. Бул жерде адамдар гана эмес, жадагалса аттардын да чоң таймашуусун, атаандашуусун байкоого болот.
-Москвада көк бөрү гө тыюу салынды беле…
-Негизи, Москвада орустар уруксат берип, жакшы эле маанайда өтүп жаткан. Тыюу салынышына өзүбүздүн кыргыздар күнөөлүүбүз.
Эшигин жаап билет түгөнүп калды десе эшиктерди, дарбазаларды бузуп кирип, кыйкырып, укук коргоочулар келип, ушундай нерселер болду да. Бул тарбиясыздык болуп калды. Биз тарбиялуу, маданияттуу эл болушубуз шарт. Арканы бир карашыбыз керек, ата-бабаларыбыз кандай маданият менен жашады. Чөнтөгүбүзгө беш сом түшүп калса эле, ааламдын баарын өзүбүз багындырып алгандай көрбөшүбүз керек.

-Ош-Талас ынтымагы деп көк бөрү оюнун уюштурдуңуздар эле…
-Көк бөрү оюнун уюштуруп, түндүк-түштүк маселесин ынтымакка келтирүү максатын көздөгөн Талас облусунун жигиттерине рахмат. “Ош-Талас ынтымагы” деп өткөрдү. Таластын жигиттери чыныгы ынтымактын туу чокусун көргөздү, эли да аябай колдоп турду. Кудай буйруса 22-23- февралда биз Ошто өткөрөбүз. Биз да эл-журт менен жапырт өткөрүп өзүбүздүн маданиятыбыздын, салт-санаабыздын, достугубуздун, тууганчылыгыбыздын белгисин көргөзөбүз.
Булак: bulut.kg