Болот Дыйканбаев: “Күчтүү мамлекетти мекенин сүйгөн эл курат”

Болот Дыйканбаев: “Күчтүү мамлекетти мекенин сүйгөн эл курат”

31.12.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Ош облусунун Көк бөрү федерациясынын президенти, жеке ишкер, меценат, элим-жерим дегенде ичкен ашын жерге койгон мекенчил уул Болот мырзаны кепке тарттым.

  • Болот мырза,  бала кезде ар бирибиз эле кыял менен жашайт эмеспизби… Сиз кантип кыялданчу элеңиз…
  • Аныңыз туура, бала кездеги кыялдарга чек жок эле… Жашыңа жаш кошулган сайын улам мурункусу эскирип жаңысы пайда болгон сезим балалыктын өзгөчөлүгү окшобойбу. Билбейм эмнеге, бирок ошондо аябай көп балалуу болсом деп кыялданчумун. Андан сырткары папка көтөргөн кызматта иштегенди ойлончумун. 
  • Бала кездеги кыялдар орундалдыбы…
  • Кыялдарым орундалды дегенден алысмын,  негиздүүсүн иш жүзүнө ашыруунун жолундамын. Анткени эс тартканда кыялдануу башкачараак болот экен. Учурда менин келечекте боло турган кыялдарым бар. Буйруса ошол кыялдарыма жетем деген ой бар.
  • Адамдардагы сиз жаман көргөн терс сапаттарын санап өтсөңүз.
  • Менин эң жаман көргөн сапатым,  мисалы,  кээ бир мамлекеттик кызматкерлерди айткан болсом,  өзү коррупционер болуп туруп,  “элдин алдында тазамын” деп актангандардан жийиркенем. Андай адамдар менен достошкум да, катташкым да келбейт.
  • Бай адам бактылуу болот деп коюшат, ошол туурабы…
  • Жок, бай адам бактылуу деп бир жактуу баа берүү калыстыктан тайдырат.  Бай болуш үчүн ошол адам канча азап менен түйшүктү баштан кечирип, күнү-түнү уктабай иштеп, идея, киреше кууп, байлыктын изин сүрүштүрүшөт. Ал жол ары татаал, ары кыйын.  Андан калса элди иш менен камсыздайт. Эки адам болсо да ишке аласың ишкананын салыгын төлөш керек дегендей. Кээ бири байыгандан адамкерчиликти жоготуп коюшат. Байлардын да өзүнө жараша азап тозогу болот…
  • Сиз үчүн бактылуулуктун формуласы …
  • Мен үчүн бактылуулуктун формуласы – балдарымдын, үй-бүлөмдүн, жакындарымдын оорудан алыс болгону, үйдөгү жылуулук, жан дүйнөмдүн тынчтыгы! Андан сырткары карыз болбой жашап,  беш убак намаз окуп, дагы бирөөлөрдүн бактылуу болушуна себепкер болуу деп айта алам.  
  • Сурообуздун өңүтүн өлкөбүздө болуп жаткан көрүнүштөргө бурсак…
  • Учурда мамлекетибизде аябагандай бир оор сыноо турат. Ал оор сыноону эл ынтымак менен биргеликте өткөрбөсөк мамлекетибиздин стабилдүүлүгүнө аябай чоң доо, жарака кетет деген ойдомун. Ошондуктан мен элимди, кыргызстандыктарды, биримдикке чакырам. “Ынтымак болсо элиңде ырыскы жайнаар жериңде” дейт. Биз колубуздан келсе-келбесе да, түшүнүп-түшүнбөй оозубузга келген сөздү сүйлөп жалаң гана саясат менен жашап калгандайбыз. Биз   саясатты токтотуп, ар бирибиз өзүбүздүн колдон келген иш менен алектенсек…
  • Себеп…
  • Себеби биз отуз жылдан бери эле дыйканыбыз, багбаныбыз, уйчу, койчубуз —  баарыбыз эле саясат менен алектене берип, мамлекетибизде өсүп-өнүгүү болбой жатат.
  • Учурда эч ким алдыга жылууга умтулбай жатат дегиңиз келип турабы…
  • Саясат менен алектенбей, табият менен үндөш жашап, оокатын тыңдаган, ак эмгек жасап мээнеттенген замандаштарыбыз деле бар. Бирок, алардын катары аз болуп жатат. Менин жеке пикиримде, спортчулар гана астыга көбүрөөк умтулуп жаткандай сезилүүдө.
  • Учурда сынчылар көбөйгөндөй…
  • Бирөөнүн жасаган ишин сындаш оңой, айтуу оңой,  жасоо кыйын. Сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей, бирөөнү сындап отура бербей эмгектенүүнү үйрөнсөк.
  • Сиз деле мамлекеттик кызматтарда иштедиңиз, учурда коррупция менен күрөшүү жүрүп жатат, ошол жаатта сиздин пикириңизди билгим келди…
  • Мен коррупционер эмесмин. Кайсыл мамлекеттик кызматта иштебейин бирөөдөн акча албай, таза иштедим деп кесе айта алам. Себеби мен бирөөдөн акча албай өмүр бою таза иштөөнү ниеттендим. Мен таза иштесем, менин бала-чакам мени менен сыймыктанса дейм.  Андан сырткары  “Таза кол таза коом үчүн!” деген урааным бар.
  • Урааныңыздын мааниси кандай…
  • “Таза кол таза коом үчүн!” деген ураандын мааниси анчалык табышмак деле эмес, элестетиңиз, кол таза болсо эле жүрөк таза болот. Кол менен арам дүнүйөнү кармабаса,  коррупциялык жаман иштерге  аралашпай  өзүңдү тартып турсаң коом тазарат деген маанини туюнткум келди. Менин ниетим, элибизде ынтымак болсо мамлекетибизди сактап калсак, алдыда келе жаткан  2021-жылдын 10-январында боло турган президенттик шайлоодо татыктуунун татыктуусун,  акчасыз, эч кандай кызыкчылыксыз эл жүрөгүнөн чыккан инсанды колдоп тандап алсак утушубуз болмок! Биз тандаган инсан өзүн, ишмердүүлүгүн, билимин, дүйнөсүн элине арнап, мамлекетибизди бардык тарабынан өнүктүрүп кетсе, мамлекетибиз сакталып калса деп тилейм. Менин баамымда, күчтүү мамлекетти мекенин сүйгөн эл курат!

Булак:Кеңеш KG журналы

.