Болот Дыйканбаев: “Алдыңкы үч жыл ичинде Өзгөн району Кыргызстандагы эң өнүккөн район болот”
26.03.2019Эл- жер үчүн жанын аябай, мекенчилдиги ашынган Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары Болот
Дыйканбаев менен маек курдук. Кызматка келгенине аз гана убакыт болсо да, бир топ чоң иштердин алкагында иш алып барып жатканына күбө болдук.
— Учурда жүрүп жаткан ишиңиз туурасында айтсаңыз?
— Бүгүнкү күндө Өзгөн шаарынын генпланын түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Шаар башкармасын, архитектураны чакырып, үч айдан бери талбай иштеп, аталган планды жарым жартылай бүтүп калдык. “Асмандап өсөлү” аттуу программанын алкагында Өзгөн шаарына көп кабаттуу үйлөрдү түшүрүү алдыда турат. Бул келечектин иши. Кудай буйруса ишке ашырабыз.
— Жер тилкелери менен камсыздоо кандай жүрүүдө?
— Өзгөн шаарынын элин жер менен камсыздай албайбыз. Себеби, жер тилкелери калбай калды.
— Кабат үй деп калдыңыз, канализация боюнча сурагым келип турат?
— Ооба, көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн канализация керек болот. Бул боюнча мурун бир нече ирет маселе көтөрүлүп, шаардык кеңештен колдоо таппай калып жаткан экен. Мен ошол шаардык кеңешди чакырып, аларга туура түшүндүрмө берип, 11 млн евролук долбоорду өткөрдүк. Кудай буйруса XXI кылымдын талабына ылайык базарларды курууну пландоодомун. Качанкыга чейин IXX кылымда жашай беребиз?! Дүйнө эли үйүндө отуруп соода кылып калган чакта бизде жада калса базарды кенен басып кыдырууга да мүмкүнчүлүк жок. Дагы бир мисал, эт сатуучу жайларыбыз да эски кылымдагы көрүнүштө калды. Муздаткычы жок, эт базарга кирсең асып алып сатышат. Ага деген чаң тийип, чымын-чиркей конуп, булганып, анан биз күтпөгөн оорулар пайда болушу мүмкүн. Буйруса, эттер муздаткычка салынып, айнек идиште сатыла баштайт.
— Долбоорду кайсыл жерден баштайсыздар?
— Аталган долбоор акимчиликтин шаратынын айланасынан башталат. Ооба, биринчи ирет тосмолор жасалып, көрктөндүрүү иштерин жүргүзөлү деп жатабыз. Себеби, келген адам ошол райондун, борборуна келгендей жакшы сезимде болсун деген ой тилек.
— Алгачкы ишти өз бөлмөңүздөн баштасаңыз керек?
— Мен келип, өнүгүүнү
бөлмөмдөн баштадым. Асма чыракты, желдеткичтерди алмаштырып, айтор, майда-барат нерсеге чейин сатып алып койдум. Жетекчиге кирген адамга жетекчиге киргендей сезим болушу керек. Ошол себептен баарын оңдоп чыктым.
— Өзгөн күрүчүн дүйнө элине таанытуу боюнча кандай иштерди алып баруудасыңар?
— Келечектеги дагы бир башкы максатыбыз өзгөн күрүчү. Өзгөн күрүчү бир гана Кыргызстанда бренд болбостон, дүйнөдө бренд болушу үчүн көп иштерди алдыга максат кылып коюп жатабыз. Күрүчтү каптап, сыртка экспорттоону изилдөөдөмүн. Калориясы күчтүү “Кара кылтырык”, “Ак күрүч” күрүчтөрү эгилбей калган. Муну учурда дыйкандар менен сүйлөшүп, өнүктүрүүгө бел байладым.
— Тарыхый жерлер боюнча айтсаңыз?
— XI кылымга таандык
Кара ханийлер доорунда салынган күмбөздөр, музейлердин айланасын тостуруп, көрктөндүрмөй
болдук. Буйруса, ал жака келген адамдар шашпай олтуруп, суктанып маанайшат көтөрүлсүн
деген максатыбыз бар. Бул районду өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Буга
чейин мүмкүнчүлүккө аракет жок болуп жаткан экен. Учурда айыл аймактарды
кыдырып, мал-жандыктарды, дыйканчылыктарды өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөдөбүз.
Мындан тышкары балык уулоо, жаныбарларга аңчылык кылбай аларды коргоо боюнча түшүндүрмө
иштерди жүргүзүп жатам. Буйруса, жаңы жылга чейин дагы бардык айыл өкмөттү
кыдырып бүтөм.
— Жапайы жандыктарды коргоо боюнча иш баштапсыз да?
— Менин жеке ниетим сууга түшсөң балык бутуңа урунуп, тоого чыксаң кийик үйүр-үйүрү менен чуркап, коён келип бутуңа эркелей турган, кыргоол-кекилик үстүңөн учуп өтүп кеткен мезгилге элди алып келүү. Жапайы жаныбарларыбызды коргобосок болбой калды. Учурда кээ бир аймакта жокко эсе. Бул боюнча айыл аймактарды кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иш баштап жатабыз. Буйруса, күбө болосуздар.
— Өзүңүздүн ишиңизди гана эмес, элдин, мамлекеттин ишин аткарууга бел байлап, баш отуңуз менен киришиптирсиз…
— Телени, журнал-гезитти караба, радиону укпа, айтор, кайда болбосун баары акылдуу, укмуш көрүнүшөт. Бирок, мамлекет оңолуп кеткен жок. Өзгөн районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеп жатканыма аз эле болду. Баардык тарапта чуркап иштөөдөмүн. Мектептерге, спортчуларга , ооруканага барып дегендей… Булар албетте менин ишим эмес, бирок, бул мамлекеттин иши. Эмне үчүн мен мамлекеттин ишин кылбашым керек?!! Эмне үчүн мен колуман келип турган иштен баш тартып, кайдыгер болушум керек?!!
-Ошондо сиз айтып жаткан долбоорлор канча жылда ишке ашат?
— Кудай буйруса, алдыңкы үч жылдын ичинде Өзгөн районун Кыргызстандагы эң өнүккөн району катары көрө аласыздар. Келген инвесторлорго шарт түзүп берем, алардан пайда көрүп калайын деп бир тыйын сурабайм. Мен аларга чуркап иштеп берем. Алар ишканасын ачканча жардам берем, ачкандан кийин салыкты биздин районго төгүшөт. Андагы 85% жумушчу тобу Өзгөн районунун жашоочулары иштесин деген талап менен иштеп берем. Туризм жагын да өнүктүрүүнү пландоодомун.