Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн четине унаа токтотууга болбойт. Эвакуаторлор иштейт
11.06.2019Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө байланыштуу 12-июндан 15-июнга чейин Бишкектин борбордук көчөлөрү жабылат. Бул тууралуу бүгүн болгон басма сөз жыйынында Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун уюштуруу башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов билдирди.
Анын айтымында, Чүй областынын трассаларында дагы жол кыймылы чектелет. Негизинен Бишкек- «Манас» аэропорту жолуна чектөө киргизилет.
“Ошондой эле борбордук көчөлөрдүн жээгине унаа токтоткон айдоочуларын машиналарын токтотууга болбойт. Эвакуаторлор иштейт. Жол кыймылдары жол коопсуздугунун кызматкерлери аркылуу менен жөнгө салынат”,-деп айтты Исраилов.
Булак: barometr.kg