Бишкектин батыш тарабында газ 3 жумага өчүрүлөт
27.05.2019Бишкектин батыш тарабында (Ново-Павловка айылы) жаратылыш газын убактылуу өчүрүү пландалууда. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Лев Толстой, Киров көчөлөрүндөгү, Чоң Чүй каналы менен Ала-Арча дарыясынын тегерек-четиндеги үйлөргө газ берүү 27-майдан 14-июнга чейин токтойт. Бул оңдоо иштерине байланыштуу экенин билдиришти.
Маалыматка таянсак, 19 күндүн ичинде оңдоо иштери соңуна чыгып, кайрадан көгүлтүр от үзгүлтүксүз бериле баштайт.
Булак:sputnik.kg