Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
23.09.2019Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы уюштурулат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш-чара 23-30-сентябрь күндөрү өтөт. Бишкектеги ден соолукту чыңдоо борбору, үй-бүлөлүк медицина борбору менен биргеликте шаар ичинде артериялык кан басымды өлчөгөн пункттарды уюштурат. Анда жарандар кан басымын текшертип, медкызматкерлерден бекер кеңеш ала алышат.
Иш-чара төмөнкү даректерде уюштурулат:
-Бишкек шаарынын мэриясы.
-КТР.
-Октябрь райондук администрация, Калкты тейлөө борбору, Маданият башкармалыгы, райондук билим берүү башкармалыктары, үй-бүлөлүк медицина борборлору, Beta stores-2, «Глобус», «Космопарк» гипермаркеттери, «Бишкек» оптомаркети, Орто-Сай базары.
-Свердлов райондук администрация, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, «Айпери» дүкөнү, «Дордой Плаза», «Аю Гранд», «Мегакомфорт» соода борборлорунда, калкты тейлөө борборлорунда, «Глобус», «Народный» гипермаркеттеринде, «Чынар», «Чолпон», «Аламүдүн» базарларында.
-Биринчи Май райондук акимиаты, «Азиз» рыногу, «Фрунзе» гипермаркети, КРнын социалдык фонду, Биринчи Май ЗАГСы, Бишкектеги сыноо борбору, сертификация жана метрология, Күрөңкеев атындагы музыкалык училище, «Шекер» соода борбору.
-Ленин райондук акимиаты, билим берүү башкармалыгы, «Глобус», «Бишкек парк», «Фрунзе», «Азия Молл», «Народный», «Берекет Гранд» соода борборлору, Ленин райондук аскер комиссариаты, «Солнышко» дүкөнү, Ош базары.
Булак:»Заман.кж»