Бишкекте жеңил унаанын айдоочусу жаш балдарды багажына салып ташыган
12.10.2021
Бишкекте S0854AC мамлекеттик номурлуу Toyota Ipsum унаасынын айдоочусу жол эрежелерин одоно түрдө бузуп, багажда балдарды ташып бара жаткан. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттигине окурман билдирди.
«Мен буга 9 -октябрда Абдрахманов көчөсүндө, Фрунзе көчөсү менен кесилишинен алыс эмес жерде күбө болдум. Балдар жолдо жыгылып калбаганы жакшы. Айдоочу тиешелүү жазасын алат деп үмүттөнөм жана адамдардын жашоосу баарынан маанилүү экенин түшүнөт », – деди ал.
Белгилей кетсек, Carcheck.kg порталынын маалыматы боюнча, бул унаада жол эрежесин бузгандыгы үчүн жалпы 22000 сомго 18 төлөнбөгөн айып пул бар.