Бишкекте Баткен согушунан көз жумган жоокерлер эскерилди
26.10.2019Баш калаада Баткен окуясынын 20 жылдыгына жана согуш учурунда көз жумган жоокерлерди эскерүү максатында митинг-реквием өттү.
Мындан туура жыйырма жыл мурун, тактап айтканда 1999-жылы Кыргызстанга Өзбекстандын ислам кыймылынын (ӨИК) согушкерлери басып кирген. Кыштактагы бир катар жашоочулар барымтага алынып, жергиликтүү тургундар набыт болгон ошол апаат кийин «Баткен окуясы» деп аталып калды. Анын катышуучулары «Баткен согушу» деп да атап жүрүшөт. 2013-жылы Кыргызстандын Коргоо министрлигинин буйругу менен «26-октябрь — Баткен коогалаңында курман болгондорду эскерүү күнү» — деп белгиленген.
Бүгүн, 26-октябрда, Баткен коогалаңынын башталышынын 20 жылдыгына карата Баткенде курман болгон жоокерлердин эстелигине гүлчамбар коюлду.
Башкы штабдын жетекчилиги, Бишкек гарнизонунун өздүк курамы, ардагерлер уюмунун өкүлдөрү, Баткен жоокерлеринин Республикалык кеңеши, Баткен жоокерлеринин комитети, Бишкек шаарынын мэриясынын, дин өкүлдөрүнүн, коомдук уюмдар жана курман болгондордун жакындарынын катышуусунда митинг-реквием өттү.
Бир мүнөттүк эскерүүдөн соң, асманга үч ирет ок атылды.
Булак: Bulut.kg