Бишкекте акы төлөнгөн унаа токтотуучу жайлар пайда болду

Бишкектин бир катар көчөлөрүндө акы төлөнгөн унаа токтотуучу жайлар пайда болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Муниципалитет акы төлөнүүчү жайлардын автоматташтырылган системасы ишке киргенге чейин акы төлөнүүчү убактылуу зоналарды ишке берүүнү чечти.

Тизме:

  • Бейшеналиева көчөсүнүн Москвадан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
  • Токтогул көчөсүнүн Бейшеналиевадан Ала-Арча дарыясына чейинки бөлүгү;
  • Павлов көчөсүнүн Чүй проспектисинен Киевге чейинки бөлүгү;
  • Киев көчөсүнүн Жаш гвардия проспектисинен Бейшеналиевага чейинки бөлүгү;
  • Орозбеков көчөсүнүн Фереден Можайский туюк көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ибраимов көчөсүнүн Москвадан Токтогул көчөсүнө чейинки («Комфорт» соода борбору) бөлүгү;
  • Безымянный көчөсүнүн Юнусалиевден Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгү (Орто-Сай базары);
  • Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Безымянныйдан Сүйөркуловго чейинки бөлүгү;
  • Кулатов көчөсүнүн Ибраимовдон Матросовго чейинки бөлүгү.

Акы төлөнүүчү муниципалдык жайларды жол белгилери аркылуу билүүгө болот. Ошондой эле кызматкерлер «Бишкектин унаа токтотуучу жайлары» деген жазуусу бар саргыч түстөгү атайын чыптамаларды кийип жүрүшөт. Бирдиктүү тариф — 25 сом.

Булак: sputnik.kg