Бишкектеги «Adriano» кафеси жаш баланын манекенин жипке асып… Бул эмне деген шумдук?
31.10.2019Борбор калаабыз Бишкектеги «Adriano» кафеси Хеллоуин майрамына карата айланасын көрктөгөн. Бул тамактануучу жай кесилген ашкабактар менен гана кооздоп чектелбестен, жаш баланын манекенин жипке асып, илип коюшканын «Репортерго» шаар тургуну билдирип, сүрөттөрдү жөнөткөн.
«Менин балам ал асынып турган баланы көрүп, коркуп, ыйлап да жиберди», — деп аталган кафенин кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди.
Мындай ашыкча обу жоктуктун айынан соңку учурда Кыргызстанда Батыштын туура эмес кадамдары кыргыздын жан дүйнөсүнө сиңип кирип, жаштардын аң-сезимин өлтүрүүдө.
Мындай түрү суук кадамдарга ким тыюу салат, азырынча белгисиз. Ал эми чет өлкөлөр каржылаган укук коргоочулар бул көрүнүшкө кандай карайт болду экен ыя?
Кыргыздын кулагына суук угулган Хеллоуин майрамын белгилөөгө өкмөт тыюу салса жакшы болмок. Ансыз да кыйын кезеңде ушул гана жетпей турду эле. Жок дегенде, жаштардын жан дүйнөсүн, аң сезимин таза бойдон сактап калсак келечекке чоң иш жасаган болоор элек.
Бул көрүнүш социалдык тармактарда катуу сынга алынууда.
Тийиштүү органдар «Adriano» кафесинин жосунсуз жоругуна кандай жооп берээрин күтөбүз.
Булак: Bulut.kg