Бишкекке жылуулук берилчү болжолдуу күн айтылды
28.10.2019Бишкек шаарынын мэриясы 1-ноябрдан тарта жылуулук берүүнү пландап жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстанга турак жай коммуналдык чарбасын тескеген вице-мэр Мирлан Амантуров билдирди.
Анын айтымында, бүгүн күз-кыш мезгилдерин өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болгон.
«Азырынча буйрук чыга элек, бирок 1-ноябрдан тарта берүүнү болжолдоп жатабыз. Жылуулук биринчи социалдык объектилерге, андан соң шаардыктарга берилет», — деди Амантуров.
Булак: Спутник Кыргызстан