Бектур: «Өзүмдөн 16 жаш улуу айымды жактырып калдым»

Бектур: «Өзүмдөн 16 жаш улуу айымды жактырып калдым»

08.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Bilesinbi.kg анонимдүүлүк шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан окуяларын жарыялап келет.

Бул ирет «Өзүмдөн 16 жаш улуу айымды жактырып калдым»,- деген Бектурдун (аты өзгөртүлдү) баяны айтылат.

Саламатсызбы! Менин атым Бектур, 21 жаштагы студентмин. Көйгөйүм өзүмдөн бир топ жаш улуу айымды сүйгөнүмдө.

Ал ажырашкан, 3 баласы бар, визажист болуп иштейт.

Чачымды алдырайын деп барганда таанышып калгам. Башында жөн эле жазышып жүрдүк. Бара-бара ага болгон сезимдер пайда болду. Билем, туугандарым, ата-энем каршы болот.

Сүйүүмдү билдиргем. Бирок, ал мага турмушка чыккысы келбейт. “Сүйөм, бирок жашооңду талкалагым келбейт. Баш кошкон күндө да бизди тынч жашатышпайт”,-деди.

Досторум, «андан улуурагы жок бекен» деп шылдыңдашат.

Бир жумадан бери сүйлөшө элекпиз. Аябай куса болуп жатам. Үйдүн кичүүсүмүн. Ата-энеме кантип айтсам? Деги эле эмне кылсам болот? Биринчи жолу ушинтип катуу сүйүп калдым.

Тамара Воронцова, психолог

Саламатсызбы Бектур! Учурда сизде сүйүү, кумарлануу болуп жатат. Бирок сүйүү жөн гана каалоо эмес, бул жоопкерчилик! Сүйүктүүңүз жана анын балдары үчүн жоопкерчилик (материалдык, моралдык) ала аласызбы? Балдарды тарбиялап, чоңойтууга, үй-бүлө күтүүгө даярсызбы (муну сөзсүз кыласыз)?

Эркек аял менен канчалык бирге болууну каалабасын, ар дайым акыркы сөз аялда болот! Бул, сунушуңарды айтканда айымдын “ооба” же “жок” деген жообу.  

Жактырган айымыңыздын ички туюмуна ишениңиз, себеби анда балдарынын жана өзүнүн жашоосу үчүн жоопкерчилик бар. Ал эми бирге болуп калсаңар, дагы балалуу болгуңар келет. Кеп жашта эмес, мындай союзда аял менен эркек бир куракта болгон күндө деле башка көйгөйлөр чыгат.  

Эки вариант бар.

Биринчиси, ал макул болсо, жөн гана сүйлөшүп тургула. Кумарлануу (орточо эсеп менен) 1 же 8 айда өтөт. Бул химия, гормон. Анан эмне болот? Анан урмат-сый, камкордук, достук, жоопкерчилик …

Экинчиси, аял мамиле курууга каршы болсо, аны унутуу үчүн башка кыздар менен дос катары сүйлөшүңүз, жактырган жумушуңуз менен алектениңиз. Эң негизгиси, бардык адамдар үчүн маанилүү болуп саналган максатыңызга багыт алыңыз! Иш, окуу, спорт, чыграмачылык жана башкалар дегендей. Бийиктиктерге жетүүгө умутулуңуз! Ийгиликтүү эркектерди аялдар жакшы көрөт.

Колуңуздан келбей жатса психологго кайрылыңыз. Ал тез арада калыбыңызга келүүгө жардам берет.

Баш тартуудан, азап жана кыйынчылыктардан коркпоңуз — булар эркекти күчтүү кылат! Биз менен болуп жаткан нерселердин баары тажрыйба экенин унутпаңыз! 

Сизге ийгилик

Булак: Bilesinbi.kg