БЕКЕН НАЗАРАЛИЕВ                 КЫЗЫЛ ӨРҮК

БЕКЕН НАЗАРАЛИЕВ КЫЗЫЛ ӨРҮК

30.03.2021 Выкл. Автор bulut.kg

      Атасынын каза болгонун Бектемир түн бир оокумда укту…

Бул сапар ал өнөрканасында сүрөт тартып отурганда бир тууган агасы Мамат телефон чалып, атасынын каза болгонун кабарлады. Ошол күнү бир жамандык болчудай жүрөгү да бир-эки ирет туйлап алган эле. Көрсө…

* * *

Ал өнөрканасында сүрөт тартып жатканда телефон көпкө шыңгырап калды.

Эмнегедир ошол күнү кечкисин Бектемирдин уйкусу качып, өнөрканасында түн бир оокумга чейин сүрөт тартып отурган болчу. Көп жылдардан бери шаардын четиндеги Ала-Арча дарыясынын жээгине жайгашкан сүрөт тартчу өнөрканасында түнү бир убакытка чейин иштегенди адат кылып алган эле. Бош убактысынын көпчүлүгү ушул өнөрканасында өтчү. Шаар ичине караганда бул жак тынч, жалаң чыгармачылык менен алектенүүгө ыңгайлуу орун.

Саатты караса, түнкү үч болуп калган экен. Бектемир чочуп кетти да телефонго жетип барганга шашылды. Мынчалык кеч ким чалып жатат деп тынчсызданып, алганча шаштысы кетти. Телефон да өтө узакка, тим эле жүрөктүн күрөө тамырынан мыжыга кармап, өнөркананын ичин жаңырта өтө ачуу шыңгырады. Буга чейин бул телефондун үнү жумшак эле угулчу. Андан да телефон турган жер ушунчалык узактай көрүндү. Эмнегедир жүрөгү да бир жамандыкты сезгендей «шуу!» дей түштү. Телефонго учуп жетип, эми алганда улуу агасы Маматтын:

— Алло? Ал-ло, Бектемир… — ​деген каргылданган үнү угулду.

— Угуп жатам… Айта бериңиз?

— Мен, Маматмын…

— Мынча кеч телефон чалып? Тынччылыкпы, аке?

— Кайрат кыл, атам…

— Эмне болду?

— Атам азыр эле тилден калып, жаны үзүлдү… Мен Акмандан атамдын үйүнөн чалып жатам…

— Атамбы?

Бул суук кабарды укканда Бектемирдин жүрөгү ток тепкендей «зырп» эте түшүп, турган жеринде селейип катып калды. Сүрөт тартып жаткан кыл калеми колунан шалк этип жерге түштү.

— Ооба, Бектемир, бул жашоодо таянар тообуз, тирүүлүктөгү устундай болгон тирегибизден ажырадык. Ошентип, атабыз да дүйнө салып кетти… Кайрат кыл! Мындай суук кабарды сага угузуу мен үчүн да кыйын болуп турат… — ​деп агасынын тамагы буула, ый аралаш сүйлөгөн үнү телефондон жаңырыктап жатты.

Агасынан атасынын каза болгонун угуп, ички дүйнөсүн бороон-чапкын аралап, жүрөгү сыздай, ааламы тарып, таман алдынан кыян башталып кеткендей туюлду. Өзүн заматта жоготуп, не кыларын билбей, ыйлай албады… Көз жашы чыкпай койду.

— Бечара атам… Ичер суусу түгөнгөн экен да… Кандай өкүнүчтүү… — ​дегенге араң жараган Бектемирдин тамагы буулуп, андан ары айтарга сөз таппай туруп калды.

Бир аздан соң ичине топтолуп бараткан аза кайгысы, ички муңу ашып-ташып кеткендей токтоно албай ыйлап кирди…

— Ыйлап ал, бугуң чыгып кыйла жеңилдеп каласың…

— Ооба…

— Көз жумарда кайра-кайра сени сөз кылды. Уулуңду сурады.

— Качан тилден калды?

— Денеси да муздай элек, дароо эле сага чалып жатам… Азыр эле акыретке жол салды…

— Кайран атам ай… Дагы бир аз жашаса болмок. Эми гана биздин колубуздан иш келип калганда кете берди. Жакшылыгыбызды көрүп, балдарынын төрүндө отурса болот эле. Бул жашоого келгени, ал тургай жаш кезинде деле эмне жакшылыкты көрдү дейсиз. Ошого өкүнүп жатам, атама эч нерсе кыла албаганыма ички дүйнөм өрттөнүп, күйүп баратат. Кандай гана өкүнүчтүү…

— Тез жетип кел… Тууган-уруктун баарысы атамдын үйүнө чогулдук, сени гана күтүп жатабыз.

— Күткүлө… Кечикпей жетип барам…

— Анда тез кел… Айтмакчы, балаңды ала келгенди унутпа, чоң атасы жакшы көрчү, топурак салсын… Кантсе да небереси эмеспи…

— Сөзсүз, уулумду кошо ала барам. Өзүнүн чоң атасына топурак салбаганда кимге салмак эле…

Бул суук кабардан соң Бектемирдин ички дүйнөсү жетимсиреп, ээн калган үйдөй бошоп, ал эми чыгармачыл назик жүрөгү жанчылып, өкүнүч менен армандын учкундары көкүрөгүн көзөп, жебедей сайылып турду…

* * *

Ошентип, бир тууган агасы экөө кыска гана сүйлөшүштү. Бул жалган дүйнө менен азыр эле коштошкон атасы туурасында суук кабарды ушинтип укту. Бычактын мизиндей болгон бул суук кабар анын чыгармачыл назик жүрөгүнүн бир кесим этин «тилип», «шылып» кеткендей болду… Турган жеринде катып, анын ындыны өчө түштү. Телефон коюлган соң, ошол бойдон чырылдабай, анын өнөрканасында кайрадан кулак-мурунду кескен тынчтык өкүм сүрдү. Атасынын каза болгонун угуп, жан дүйнөсү эңшерилип, каңырыгы түтөп, өзөгү өрттөнүп, тулку бою оттой жалбырттап күйүп, көңүлү чөгүп, шаабайы сууп, жүрөгү кайгыны көтөрө албай сыздап турду. Андан соң өнөркананын короо жакты карап турган терезесине жакын басып келип көпкө чейин сыртты тиктеп тура берди. Канчалык өзүн карманса да жашып кетти. Акыры, терезе түбүндө токтоно албай көпкө ыйлап, ичине заматта топтоло түшкөн бугун сыртка чыгарып алды. Башына эч нерсе келбей, өнөрканасынын сүрөт тарткан чоң залында басып жүрдү. Андан соң май боёк менен өзү тарткан атасынын илинип турган сүрөтүнө көзү кадала түштү. Апасы менен атасы экөөнүн сүрөттөрү дайыма жанаша турчу. Түбөлүк өмүр сүрүшпөсө да жок дегенде сүрөттөрү чогуу илинип турсунчу деп ырымдап дубалга илип койгон. Апасынын портретинин фонуна да өзү жакшы көргөн кызыл өрүктү кошуп тарткан эле. Бектемирдин бул эки сүрөтү тең республикалык сүрөт көргөзмөлөрүнө катышып, байгелүү орундарды алышкан болчу.

Ал тургай Москва, Тбилиси, Токио, Ташкент, Нью-Йорк, Каир, Пекин, Алма-Ата, Римдеги эл аралык сүрөт көргөзмөлөрүнүн залдарына илинип, байгелүү кайткан эле. Гүлдөгөн өрүкзардын арасындагы табигаттын кооздугу менен апасынын ак жоолук салынган сулуу ажары, жаштык кезин элестетип, айкалышып турат. Андан да сүрөттүн четтерин тыкан бекитип турган жыгачтан жасалган кооз рамка сүрөткө жан киргизе жарашып, апасынын Ай чырайын ого бетер ачып тургандай көрүнөт. Апасы отуз жаштан өтүп-өтпөй бул жашоодон кеткен эле. Өнөрканасында толуп турган өзү жараткан ошол сүрөттөрүнүн арасынан ушул эки портрети таберик буюмдай ага кымбат көрүнчү. Анткени бул эки сүрөт анын жашоосундагы бөксө тарткан, толуп-толбогон чөйчөктөй болуп турган жерин дайыма толуктап тургандай сезиле берчү. Ал апасынын сүрөтүн көпкө чейин телмире карап:

— Саламатсызбы, апа, бүгүн сизге суук кабарды угузганы турам. Азыр эле атамдын ичер суусу түгөнүп, дүйнө салганын Мамат акемден уктум. Ошол кабарды сизге айтып коюуну туура көрдүм. Азыр эле укканым менен бул кабарга ишенип-ишене албай турам. Бүгүнкү күн, менин өмүрүмдөгү эң кайгылуу күндөрдүн бири болду. Ушунча жылдардан бери таянган тоом, ишенген кеңешчим, бул жашоодогу кубатым, асман тиреген бийик тоом бүгүн түбөлүккө кулап отурат. Эми мындан кийин экөөңөрдүн сүрөтүңөр менен гана сүйлөшүп турам го. Бул өтө өкүнүчтүү, кабыргамды кайыштырган чоң жоготуу экенин эми гана сезип жатам. Айылга да атам үчүн барчумун, баягы эски таягын сүйрөп алдыман жол тосуп чыкчу атакем эми жок. Атам да сиз кеткен кайра кайткыс алыс сапарына чыкты. Тиги дүйнөнүн чындыгы болсо, балким, аркы дүйнөдөн экөөңөр эми жолугарсыңар деп ойлоп кеттим. Атамдын бул дүйнөдөгү ырыскысы түгөнүп, акыретке кеткенин угуп, бала кезим көз алдыма келе түштү…

Сиздин дубалдагы туш кийиздин үстүндө илинип турган сүрөтүңүздү атам алып катып койгондо, ошол күнү мен абдан издедим. Аңтарбаган, карабаган жерим калбады, акыры издеп жүрүп чоңойтулган сүрөтүңүздү таптым. Көрсө, ал кезде мен дагы эч нерсеге акылы жете элек сары ооз балапан кезим экен. Сиздин ошол чүпүрөккө оролуп катылган сүрөтүңүздү чемодандын ичинен таап, кайра дубалдагы мыкка илип коюп атамдан таяк жеген күнүм азыр да көз алдымда турат. Атам ызасына чыдай албай мени колундагы камчысы менен көпкө сабады. Менин денем ачышып, камчынын уусу өтүп, тилинген жерлерим туз себеленгендей ачышып турса да көзүмдөн бир тоголок жаш чыкпады. Анткени сиздин жападан жалгыз сүрөтүңүздү катып койгону үчүн атамдан өч алгандай сүйүндүм. Ошондо, жаман акылым менен атамды жеңгендей кубанган элем. Көрсө…

Азыр ойлосом, бечара атамдын жүрөгүн далай оорутканымды түшүнүп уялып кетем. Ушул чакта өзүм да минтип, ата болгон жашка келгенде гана кетирген күнөөмдү араң түшүнүп отурам. Менин бала кездеги көк бет, айтканын бербеген ошол терс кыялдарымды атам кечирди бекен? Атам кекчил эмес болчу, менимче, кечирсе керек деп азыр ойлоп коём. Бала кездеги акылы жок, айтканын бербеген көк бет, кежир балаңызды кечириңиздер… — ​деп бет маңдайында дубалда илинип турган апасынын сүрөтү менен сүйлөшүп жатып көзүнө жаш алды.

* * *

(уландысы бар)