Бекен Назаралиев Кызыл Өрүк

Бекен Назаралиев Кызыл Өрүк

11.05.2021 Выкл. Автор bulut.kg

3-Бөлүк

Ал өнөрканасында отуруп апасын эстеди.

Мындан көптөгөн жылдар мурун Бектемирдин апасы каза болуп, атасы Сапар чиедей төрт баласы менен жалгыз калган. Азыр эстесе, ошол жыл атасына өтө оор жыл болгон экен. Апасы Калбү көз жумгандан үч айдан кийин Сапар баласы Шекенден, андан соң аялынан айрылган. Баласынын каза болушу, аялын жүрөк оорукчан кылды. Бир жыл ичинде удаасы менен келген өлүм-житимден атасы бир топко мүңкүрөп, турмушта өз ордун таппай кыйлага чейин кыйналып, азап чегип да жүрдү.

* * *

Аялы түштөн кийин үзүлдү.

Сапар оорукананын алдында чыдамы кете, ары-бери басып жүрдү. Операция жасаган врач өзү сыртка чыгып:

— Колдон келгенин жасадык, мээсине кан куюлуп кетиптир. Өмүрүн сактай албай калдык. Кечириңиз… — ​деп күнөөлүү адамдай кечирим сурап коюп кирип кетти.

Мындай күтүүсүз суук кабарды укканда Сапардын мууну бошоп өңү кубара, бүт денесин кара тер басып, калчылдай түштү. Ошол көз ирмемде анын айла-амалы түгөнүп, заматта заманасы куурулуп ач кыйкырык салып, ошол жерде башын мыкчыган бойдон туруп калды да:

— Өлбөй кал, Пайизкан, өлбөй кал! Мени ойлодуңбу, чиедей калган балдарыңдын тагдырын ойлодуңбу? Алардын көргөн күнү эми эмне болот, ал жетимдер кантет… Сенин ордуңа мен өлсөм болот эле… Сенден көрө, Кудай мени албайбы… Эми эмне болот… — ​деп заматта ботодой боздоп, буркурап ыйлап кирди.

Ал кыйкырып, өкүрүп жибергенде аялынын агасы Матисак да жетип келди.

— Эмне, тынччылыкпы? — ​деди ал.

Сапар:

— Пайизкан… Аке, Пайизкандан ажырадык, канатым сынып калды…

— Бир боорумдан ажырап калдымбы? — ​деп ал да кучактап ыйлап кирди.

— Айнанайын аке, асылымдан ажырап калдык… Эми эмне болот, чиедей балдарымдын көргөнү курусун…

Аңгыча Матисактан кийинки кайнагасы Аким келип калды. Карындашы Пайизкандан айрылганын билип:

— Байкушум… Бир боорум… — ​деп агасы Матисакты, анан күйөө баласы Сапарды кучактады.

Матисак:

— Күйүп кетем го, күйүп…

Сапар:

— Эми эмне деген жашоо болот? — ​деп улам айтканы эле ушул…

Алар кучакташкан бойдон көпкө чейин ыйлашты. Үчөөнө кайрат айткан эч ким болбоду. Биринен бири өтүп шолоктоп ыйлап жатышты. Бир убакта Пайизкандын улуу агасы Матисак жанына басып келип:

— Сен ушул жерде тура тур. Мен колхоздон машина алып келейин… — ​деп көчөдө турган «Волгасын» көздөй басты.

— Ошентиңиз… — ​деди Сапар.

— Аким, күйөө бала Сапардын жанында бол… — ​деп Матисак машинасына отуруп жатып үн катты.

— Болуптур… — ​деди жакын турган Аким.

Сапар апасыз калган балдарынын эртеңки күнүн эстегенде, бирөө-жарым жүрөгүнө бычак сайып жибергендей ачышып чыкты. Эс-акылынан ажыраган адамдай, өзүн жоготуп койгондой ары-бери басат. Мындай оор учурда андан башка эмне кылмак эле. Акылы мокоп, башына бирдеме кирбей жөн эле ойду-келди басып жүрө берди. Арадан канча убакыт өткөнүн өзү да билбей калды. Бир убакта оорукананын короосуна жүк ташыган машине кирип, ичинен кайнагасы Матисак түштү.

Оорукананын короосуна машинанын келгенин көрүп врач да сыртка чыгып, Сапардын жанына басып келди.

— Аялыңыздын сөөгүн алып кетүүгө даярдап койдук… — ​деди врач.

— Азыр… — ​деп врачтын артынан оорукананын ичине кирип кетти.

Шопур машинасын токтотуп арткы бортун ачты. Сапар ооруканадан аялынын сөөгүн көтөрүп чыкты. Машинанын үстүнө жаңы орулган бедени таштап коюшкан экен. Бир тууган карындашынын сөөгүн көргөн Матисак менен Аким чыдай албай ыйлап жиберишти.

Матисак:

— Аким, сен үстүнө чыгып, Сапарга жардамдаш…

Аким Пайизкандын денесин Сапардын колунан алып чөп үстүнө жаткырды. Сапар өзү да ошол машинанын үстүнө чыкты. Бир аздан соң машинанын борту кайрадан жабылып, машина ордунан козголуп оорукананын короосунан чыгып кетишти. Аялынан ажырагандыктанбы, оорукананын дубалдары көзүнө комсоо көрүндү. Каңырыгы түтөгөн Сапар аялынын башын тизесине коюп тиктеп, машина үстүндө ыйлап баратты. Райборбордон чыккан машина түз эле Акман айылын көздөй бет алды. Бир убакта Сапардын кайгысы ашып-ташып, буркурап токтоно албай ыйлап жиберди:

— Оо, Жараткан! Сен ушунча да таш боор белең? Мени азапка салгыдай эмне кегиң, эмне өчүң бар эле? Айтчы! Энесинен калган чиедей балдарымдын көргөн күнү, тагдыры не болот!? Пайизкандын ордуна мени алып кетсең болбойбу? Эми кантем… Оо, Кудай, таш боорсуң сен! Жүзүң курусун, жүзүң жок сенин… Эгер бар экениң чын болсо, ушундай машакаттуу оор абалда мени чиедей балдарым менен калтырганың үчүн урдум сени! Тү, бетиңди сенин… — ​деп Сапар машина үстүн жаңырта бакырып өкүрүп, токтоно албай ыйлап, Жаратканды да сөгүп баратты.

Көзүнөн аккан жаш аялынын бетине тамчылап жатты… Жол катар, анын көзүнөн мончоктой тизилип аккан көз жашы тыйылбай койду. Ботодой боздоп ыйлаганын машинанын үнү угузбай келет.

— Эми кантем! Бул эмне деген кордук ыя. Алтыным Пайизкан, сенсиз менде кайсыл жыргаган жашоо болот? Кана айтчы, чиедей балдар менен куурадым го… Көрөр күнүм не болот…

Сапар эми аялын аяр карап баратты. Аялы суналып уктап жаткандай көрүнүп кетти… Ошондой болсо кана эле… Райондун борборунан чыккан машина Фрунзе-Ош чоң трассасынан чыгып, Кайырмага келгенде сол жакка бурулуп Жараке тарапка кетти. Жолдун эки жагына тигилген катар-катар теректер менен тыттар артта калып барат. Үйүнө жакындап калганда гана ал өзүн карманып, ыйлаганын токтотту. Бирок чычаладай кызарып чыккан көзүнөн аккан жашы басылбады.

* * *

Бектемир сүрөт өнөрканасында отуруп, качанкы окуяны эстеп чыдай албай мууну бошой түштү. Бала кезде башка балдардай болуп апасына эркелеп чоңойбогон Бектемир апасын сагынганын эми гана түшүндү. Заматтын ичинде анын жан дүйнөсүндө өжөрлөнгөн албуут куюндай баарын асманга сапырган бороон-чапкын башталып, айлана заматта чаңып, сезими дүрбөлөңгө түшкөндөй сезилип кетти. Өткөндү эскерүү, ансыз да тырмактайында ападан эрте калып, бала кезинде жараланып калган жүрөгү үчүн оор келди. Атасынын каза болгону туурасында кабар келгенден кийин, башынан өткөн күндөрүн эстебей коюуга айласы да калбады.

Ал кезде өзү да бели ката элек жаш бала болчу. Өтө эле жаш эле…

* * *

Өнөрканасында отуруп балалык кездеги дагы бир окуя эсине келди.

Бектемир апасынын талаада жыгылып түшкөнүн эстеди. Анда атасы, апасы, бир туугандары болушуп Зайир акенин үйүнүн артындагы катар өскөн тыт катарда пахта терип жатышкан. Пайизкан кичинекей кызын эмизип коюп көпкө чейин көрүстөн жакты карап туруп калды. Он үчкө чыга элек баласы Шекендин каза болгонун эстеп кетти. Чынында ошол баласын бөтөнчө көрчү. Сабагынан мыкты окуган, зээндүү, дайыма өзүнө жардам берип келген баласы көз алдына тартыла түштү. Заматта кан басымы көтөрүлүп, башы айланып, көзү чымырап караңгылап барып жерге жыгылды. Кызы да чочуп кетип, чыркырап ыйлап жиберди. Апасынын кулап түшкөнүн кичине баласы Бектемир көрүп:

— Ата, апам жыгылып түштү! — ​деп кыйкырып жиберди.

Атасы, чоң баласы Мамат болуп алды жакта пахта терип атышкан. Кыйкырыкты угаары менен Сапар да ошол үн чыккан жакты карады. Чын эле жерде эстен танып жыгылып жаткан аялын көрүп, баласы экөө жанына чуркап жетип келишти.

— Пайизкан, сага эмне болду? Көзүңдү ач! — ​деди жетип келген күйөөсү аялынын колун кармап.

Жооп кылбады… Аялы эси ооп, оозунан ак көбүк атып жыгылган боюнча эсине келе албай көздөрү аңтарылган бойдон жерде жата берди. Күйөөсү бөтөлкөгө суу алып келип, бетине чачты. Андан деле жардам болбоду, ошондо жата калып жүрөгүн тыңшады эле согуусу начарлап, алсыз гана болор-болбос кагып жатканын укту. Ал аялын жерден так көтөрүп алды да үйүн көздөй шашыла басып жөнөдү. Артына бурула берип чоң баласы Маматка карап:

— Карындашыңды көтөрүп, инилериңди алып үйгө бара бер… — ​дегенге араң жарады.

Калган төрт баласы бири-бирин жетелеп үйгө жөнөштү. Терилген пахта чогулбай талаада калды. Сапар аялын көтөргөн бойдон үйүнө келди да сөрүгө жаткыра коюп, коңшусунун үйүнө чуркады.

— Тынччылыкпы? — ​деп энтиге чуркап келген Сапарды көрүп, коңшусу коркуп кетти.

— Пайизкандын абалы оор, талаада эси ооп жыгылды. Ооруканага жеткириш керек… — ​деди Сапар.

— Мен азыр, — ​деди да дароо эле машинасын жүргүзүп Сапардын үйүнө келе калды.

Атасы коңшусунун машинасы менен апасын ооруканага алып кеткенин угушту. Козу абанын кызы Жумакан аларды карап көз салып турду.

Уландысы бар