Баш калаанын тургуну маршрутка алдында калып каза болду

Баш калаанын тургуну маршрутка алдында калып каза болду

10.01.2020 Выкл. Автор bulut.kg

Бишкек шаардык милициясы эл ташыган маршрутканын алдында калып каза болгон аялдын иши боюнча экспертизанын жыйынтыгын күтүүдө. Бул туурасында Bulut.kg маалыматтык агенттигине ШИИБдин маалымат кызматы кабар берди.

Каргаша 2019-жылдын 25-декабрь күнү Бишкектеги Байтик баатыр менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Күбө жөнөткөн видеодон аял маршруткадан түшүп жатып, тайгаланып кулаганын көрүүгө болот. Дал ошол маалда дароо жүрүп кеткен маршруткага урунган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Жазык кодексинин 297-беренеси («Автотранспорт каражаттарынын кыймылы жана эксплуатациялоо коопсуздук эрежелерин бузуу») менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Маршрутканын айдоочусу кармалган эмес.

http://www.bulut.kg/айбек-нур-жакшы-жашоону-жарыктан-изде/