Барымтадагы башкарманын баласы

Барымтадагы башкарманын баласы

20.06.2019 Выкл. Автор bulut.kg

Б

Түн бир оокумунда чарылдаган телефондун үнүнөн башкарма ойгонуп кетти. Ал уйку-соонун ортосунда трубканы кулагына төшөгөндө:

— Барсыңбы, башкарма?… Сага баланын кереги жок экен да… – деген чоочун үндү угуп:

— Кай жакка чалып жатасыз?.. Жаңылыш түшүп калган жоксузбу?.. – деди сылык сыпаа.

— Дал өзүңө түштүм да…- деп телефондун трубкасын буту колу байланып, оонап жаткан уулунун оозуна такады эле:

— Ата… ата бу псих мени өлтүрөт!.. Алып кет… – деген Кенженин жан далбас кылганын угузуп:

— Уктуңбу? Психмин… өлтүрүп коюшум мүмкүн…- деди кекээрлүү.

— Ай жигит, кимсиң өзү?! – уйкусу умачтай ачылган башкарма ордунан атып турду.

— Менби?.. Мен байлыгы, бийлиги жок, баягы селсаякмын… Эжем сени бир уйдун пулуна сатып ала албады эле, эми уулуңду дүйнө мүлкүңдү сатып бошотуп кет… Болбосо ишиң чатак… Мен деген Шаамирмин!

— Шаамирсиңби? Айланайын, Шаамир бул эмне кылганың?.. Ушундай да болчу беле?..- деп кайсалыктап айтарга сөз таппайт.

— Болот… Давай, көп сүйлөбөй жүз миң даярда, сасып уктабай… Бала керекпи сага?! – деди да,  Шам байланышты үзүп койду. Күйөөсүнүн тынчсызданганынан жаман жышаанды сезген аялы:

— Эмне болуп кетти, ботом? — деди жакасын кармап түкүрүнө.

— Баягы Шаамир Кенжени барымтага алып акча доолап атат… Жүз миң дейт… – Башкарма алка-шалка тер баскан жүзүн аарчып, тунжурады.

— Алда, атаны шорум ай, дагы мине дейт… – деп аялынын үнү каргылдана көзүнөн жашы агып: — Ошондо эле айткам. “Шу жетимдердин убалына калбайлычы” дегем. Эми эмне болот, а?.. Эми эмне болот а?.. —  Кенжем кантти?.. – деп солкулдап ыйлап жиберди. Башкарма былк эткен жок. Санаадан тили буулду. Аңгыча телефондун үнү кайра жаңырды. Үйдүн ээси үнүн түзөп:

— Алло, угуп жатам… – деди.

— Ии, эсиңе келдиңби?..  Эгер менттерге билдирсең оюндан чыгасың. Уулуңдан айрыласың, убада берем… Сөзгө келсең, иш башка… Жүз миң тап… өзүм байланышка чыгамын… Башкарма умтула сүйлөгөнчө байланышты дагы үзүп койду.

Таңдын атышы түйшүк болду. Уулунун кордук тарткан абалын элестеткен энесинин сай-сөөгү сыздайт. Күчүн ыйга чыгарды. Башкарма таң эрте шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Муталибовдун үйүнө барды. Таң атпай келген коногунун сабыры суз экенин байкаган начальник:

— Жол болсун, Тилек Темирович… Жөн  жай элеби?.. – деди орундуктан жай берип.

— Жөн жай болбой, курусун… Иш чатак, Туке… Баламды барымтага алып акча доолап атышат…-  көзүнө жаш тегерене, улутуна – Деги не деген заман болуп баратат? – деди манайы пас.

— Кимдер? Билесизби?

— Билем… Шаамир Жарашбаев деген… Уулумдун классташы эле… Тентектик кылып эки жолу отуруп чыккан. Мени кектеп атат, Туке…

— Кандайча?..

— Биринчи жолкусунда уулумду сабап кесилген. Эки жолу отурган бала жакшы болмок беле… Зөөкүр жигит…

— Эмне сурап атышат?…

— Жүз миң…

— Жүз… миң… Мына сага! Мага жолукканыңызды билишеби?..

— Милийсага айтпа деген… Анан кимге айтам?..

— Да-аа, чатак экен… Бир аздан кийин жумушка барып, териштиремин. Муну көзөмөлгө алабыз. Сураганына жок дебеңиз. Не десе бизге билдирип туруңуз…- деп көңүлүн жубатып узатты.

Турат Муталибович шаардык бөлүмдөн Шаамир Жарашбаев жөнүндө канааттанарлык маалымат ала албады. Сырттан келгенин билди. “Гастролер болсо, демек, жолун бууганга шанс бар” деди начальник ичинен. Атайын оперативдүү топ түзүп, өзү жетекчилик кылмай болду. Башкарма жаңы эле үйүнө келип, орундуктан жай алганда телефонго жан киргендей шыңгырады. Калчылдаган денеси селт этти. Ал трубканы алганда:

— Жакшы эмес, башкарма… Шертти буздуң, ментке барып… Сага сооп жок турбайбы… Эми эки жүз миңди мага өткөрөсүң, балаң колуңа тиет…

— Кантип табам?.. Ал оңор акча эмес… Айланайын, Шаамир убакыт берчи… – деп жалынып-жалбарып жибере жаздады. Арыда “аталаган” уулунун үнүн телефондон уккан башкарма, мууну бошоно: — Шаамир, балам. Ушунчалыкка барат белең?.. – деп сөзүн улаганча, анын кебин бузуп:-

— Эртең түшкө даярда.. Сөз бүттү… – деп Шам телефонду коюп койду. Башкарманын буулуккан дүйнөсү жарылгандай, столду муштагылай өксүп ийди. Аялынын жүрөгү кармап тез жардам алып кеткен. Заманасы куурулган башкарма акча таппаска аргасы жок эле. Бир эсе начальникке барганына өкүнүп калды. Ишти ырбатканына ызаланды. Андай суммадагы акча кассасында жок эле. Тааныштарынан сурап турууну ылайык көрдү. Блокнотунан ар кимдин дайын дарегин барактап олтуруп, “чу” дегенде эле Банкирдин телефонуна көзү чалдыкты. Тиреген тоосун тапкандай сүйүнүп кетти. “Мен ага эмне үчүн ай сайын “үлүш” берип жүрөм?.. Кылмышкерлер анын алдында танцага түшөт эмеспи…” деп  жандана түштү. Чыны кримавторитет Банкирдин бул шаарда “бийлиги” өлчөөсүз болчу. Бизнесменмин дегендин баары Банкирди “мыйзамын” сыйлагандыктан, анын да саламы түз эле. Башкарма аны менен сүйлөшкөндө эмнегедир “Шеф” деп сүйлөшчү. Ал  телефон чалып өзүнүн чоо-жайын калчылдап түшүндүрө албай жатты. Экөө болжошкон жерде жолугушкандан кийин  Банкир башкарманын кейиштүү кабарын угуп олтуруп, Шаамир жөнүндө кыскача маалымат алды. Анткен менен буга чейин андай баланы тааныбастыгын, деги эле укпагандыгын танган жок. Ал Тилек Темировичтин абалын түшүнүп:

— Камтама болбо, аксакал… Ал чычым акчаңы алган күндө да чыпчыргасын коротпой алып берем, — деди.

— Рахмат, шеф… Сен турганда милийсага барганымы карасаң… Көзүм чачырап калды да, шеф…

— Эч нерсе эмес. Алар деле өз линиясы менен иштей беришсин… Милдети да… Бирок… Бирок жанагы  Шамин беле…

— Жо-жо, Шаамир… — деди анын сөзүн оңдоп.

— Атаны жаман, ай. Жаман иттин аты Бөрүбасар деп койчу эле. Шаамир болгонун кара… Кимдин кароосуна келгенин билбейт экен да. Ал бөлтүрүктү адебин бериш керек, — деп башкарманы узатып жатып: — Мен балдарды жиберем… Кайда качмак эле, — деди.

Фара менен Макс башкарманын баскан-турганын көз жаздымда калтырбай акмалап жүрүштү. Банкир менен болгон жолугушуусуна чыны Фара катуу тынчсыздана баштады. Банкирдин  жөн-жайын Макска кенен түшүндүрүп, Шамга айтып башкарманын баласын эртерээк чыгарып жиберүнү макул көрдү Фара. Анткен менен Шам буга көнбөсүнө Макска дайын эле. Ал Шамдын баштаган ишинен кайра артка кайтканын көрө электигин, ошого тете өжөрлүгү бар экенин эбак эле билип бүткөн эле да. Ошондуктан Фаранын сунушуна көнгөн жок. Алар көпкө талашып-тартышып жүрүштү. Бирок, бул талашка Шам гана чекит коёру бышык эле. Ушундан улам аны менен кездешип, такташып алууга жөнөштү. Фаранын тынчсызданган түрүн көргөн Шам мандемдүү жүзүнө суроолуу тигилди. Фара:

— Шам, от менен ойноп атабыз. Башкарма Банкир менен жолугушту. Ал бизди эки чайнап бир жутат. Айтты-койду дейсиң Банкирдин балдары артыбыздан түштү…

— Ал гана эмес менттер да акмалап жүрөт… – деди Шам анын сөзүн дагы да тастыктагандай.

— Мына көрдүңбү, Шам, эки оттун ортосунда калганы турабыз. Баланы коё берели. Башкармадан өч алуунун башкача деле жолдору бар. Кааласаң аны мен мойнума алайын. Банкирдин колуна түшкөндөн сактасын…- деп ынандырууга жан далбас кылып жатты. Макс болсо сөзгө аралашкысы келбегендей, эмнегедир оолак олтурду. Шам досунун тынчсызданганына түшүнгөндөй, ойлуу жер карап:-

— Фара, сен мага баарын ойдогудай жасап бердиң. Ушунуңа да рахмат. А эгер биз көздөгөн иш чын эле кооптуу деп ойлосоң, мен сага каршы эмесмин. Аралашпай эле кой, досум. А Банкирди да көрө жатарбыз. Мен бирок, башкармадан алчуумду аламын. Көрөсүң, Фара, бирге тойлойбуз,- деди ишенимдүү жылмая. Фара башка ашыкча сөз сүйлөгөн жок. Жөн гана сыртка чыгып кетти. Шам Макстын кийинки кадамы кандай болор экен деген кыязда көз кырын таштады. Ал ордунан туруп, “ Убакыт өтүп атат, Шам, тездетели…” деди да, аны кубаттагандай далысынан таптап койду. Алдыда кандай пландар бар, Шамдан башкасына караңгы эле. Макс анын айтканы менен гана болуп келатты. Демек, мындан аркы ишти Макс колуна алмак болду. Башкарма менен сүйлөшүү, жолугушуучу жайды болжолдоо жөнүндө Шам кеңири түшүндүрүп, шашылыш жолго чыкты. Ал өзү жашаган баракка барып, баягы кошуна пенсионерге жолугуп, зарыл иштери бар экенин айтып:

— Аба, эртең мага бирөө ири суммада акча алып келет. Сизге берет. Сизди аяш атам болот деп койдум, — деп олуттуу сөз козгоду.

— Мейли, балам… Канча?- пенсионер эч нерсени этибарын албай, балага кайрылды.

— Эки жүз миң…

— Оп-пей, кожок… Мине дейт?..- деп карыя чочугандай селт этти. Шам анын жанына ыктай олтуруп:-

— Чоң бизнести баштаган атам, аба… Бир аз түнт, корс киши. Ага көңүл бурбаң. Акчаны берсе, шашпай санап  алың.- деди.

— Аны качан санап бүтөм?…

— Пачкасын эле санап коесуз… Анан акчаны – деп бөлмөнүн ичин карап издемиш болуп, — мобу шкафтын тартмасына салып коюң… Мени азыр келет дең. Келип калам. Аба, ушу өтүнүчтү аткарып берсеңиз миң сом берем… Иш жүрүшсө дагы болот, — деди пенсионерге үмүт арта.

— Мейли, балам, мейли… Качан келет дедиң?..- ал акчаны укканга кудуңдап сүйүнүп калды.

— Өзүм телефон чалам… Азырынча мобуга чай ичип коюң, — деп акча сунуп, чыгып кетти.

Башкарма эки жүз миңди дипломатка салып, Шаамирдин буйругун күтүп олтурду. Ал начальник  Турат Муталибавдун түзгөн оперативдүү тобунун планы боюнча гана иштөөгө макул болду. Көнбөскө не чара. Өзү арызданып барган. Аргасы канча. Анткен менен Банкирден да үмүтү чоң эле. Банкир үчүн да бул иш кызык көрүндү. Окуядан четте калгысы келбеди…

Башкарманын бөлмөсү. Турат Муталибович жанында. Кылмышкердин талабын өз кулагы менен укса иштөөгө жеңил экенин туюп, тымызын келген. Телефондун үнү жаңырганда, Муталибов да угуучу апаратын даярдап, “Ала бер” дегендей ишарат кылды.

— Кулак сал… – деген үндү уккан башкарма башын ийкеп унчукпай укту:- Оюн көрсөтсөң, жаңылышасың… Акчадан да балаңдын өмүрү кымбаттыр…

— Акча кара жерге кирсин… Баламды көргөзчү… – деди үнү кардыга башкарма.

— Оп, бали… Аз калды, көрөсүң… Азыр үйүңдөн чыгып Ленин көчөсүндөгү барак үйгө барасың… Артыңдан менттин изи көрүнсө, ишиң бүттү дей бер.

— Жок, андай болбойт…

— Угуп тур!.. Барактын он экинчи квартирасына кирип акчаны бересиң. Ал санап алат, билип кой… Толук болсо уулуң колуңа тийет. Алдасаң, анда өзүңдөн көр… Түшүндү…

— Түшүндүм, — деди башкарма начальникке жалдырай карай.

Начальник Муталибов кылмышкердин бул тумандуу талабына ишенип-ишенбей, бүдөмүк ойго арбалды. Ал рация менен барактын алды артына, чатырына бирден экиден жөнөкөй кийимчен опертоптун балдарын коюну буйруду. Башкарма өзүнүн машинасы менен айткан дарекке жөнөдү. Анын артында “Жигулиде” начальник баратты. Коргондун ичиндеги баракты уккан Банкир “Байкуш балапан, капасты тандаптыр” деп ал да акмалап артта келатты.

Дипломатты мыкчый кармаган Башкарма эки жагына уурдана каранып, барактын ичине кирип он экинчи батирдин тушунда туруп калды. Саамга ойлоно, терең дем ала, каалганы такылдатты. Эртеден бери акчалуу болуп каларын эстеген пенсионер мулуңдап сүйүнүп, күтүп олтурган. Бул учурда Шам өзүнүн жалдаган барактагы батиринде бугуп жаткан эле.  Пенсионер каалганы ачып: —

— Келиңиз, кириңиз, — деди сылык-сыпаа.

— Кана?.. – деп мойнун созо бөлмөгө көз жүгүрттү Башкарма.

— Азыр келет… Алып келдиңизби?..- деди карыя болжошкондой.

— Ооба…

— Анда кириңиз, — деп дипломатты колунан алып, каалганы жаап, ашканага кирип олтурушту.

— Мен муну санашым керек…- деп пенсионер тиги кишиге кайрылды.

— Менин көзүмчө санаңыз, — деди Башкарма туталана.

— Кабатыр болбоңуз…- деди пенсионер,-  “Ох-хо!.. – деп алаканын шак чаап, пачкасын үнүн чыгарып санап жатты. Санап бүтүп дипломатты жаап:

— Туп-туура экен. Мен муну мобу жерге коюп турайын, — карыя энтеңдей ордунан туруп, шкафын ачып, суурмасын тартып салып койду да, — Азыр келип калат… Балким чай, ичерсиз… Же жүз грамм…- деп кепке тартууну көздөдү.

Башкарма көз кырын таштап олтуруп, акчанын дайындуу жерге коюлганын көрүп, көңүлү жай ала түштү. “Сыртта бир эмес эки катар күзөтчү турганда кайда качмак эле…” деди өзүнчө. “Келип кана көрчү…” кыжынып олтурду. Ал пенсионерге көңүл бурбай каалгадан көзүн албай күтүп жатты.

Шам пенсионердин бөлмөсү менен туташ жайгашкан дубалдан шкафтын ошол суурмасынын тушунан өзүнө ыңгайлуу кылып мурда эле тешип койгон эле. Ошол жерден акчаны акырын алып, сумкасына толтуруп, дипломатты кайра ордуна коюп, кынтыксыз бекитип койду. Анан коргондун ичиндегилер үчүн ың-жыңсыз болгон чолок көчө аркылуу жылт койду.  Бул жол начальник Муталибовдун опертобунун жети уктаса түшүнө кирбес жол эле. Баш багып келген эле адам болбосо анда киши жашайт деп ойлой турган жай эмес болчу…

Ким эле канынан бүткөн баласы бирөөгө кордукка салып берсин. Кенжесин күнөөсүз азапка батырган ушул эки күндөн бери башкарманын өмүрү тозокко айланып, бар байлыгы бир тыйынга арзыбай турду. Маңдайындагы кылмышка кылтак коюп, мулуңдап олтурган чалга канча ызырынбасын, ашыкча сөз айтуудан айбыгып, анын айтканына көнүп, баласынын аманчылыгын гана тилейт. Аңгыча шыңгыраган телефонду тыңшаган үй ээси:

— Бул сизге экен… – деп трубканы сунду. Ал унчукпай кулак төшөдү.

— Сөзгө бек экенсиң, Башкарма… Баары жайында… Эми уулуңду, шаардын четиндеги эски сарайдан тосуп ал. Курсагы ток, кийими бүтүн… – деп байланышты үздү. Башкарма таң кала үйдүн ээсине карап, шкафка жетип барып суурмасын тартып дипломатын ачып тиктеген бойдон катты. Пенсионерге ичи бош дипломатты көргөзгөндө ал да ийнин куушура унчукпады. Башкарма колунан момпосуюн жулдурган баладай эшикке чыкканда Муталибов кооптоно опертоптун баарын батыл-шай турууга команда берди. Ал начальниктин жанына келип:

— Кереги жок… Бекер убара болушпасын… Ал мени кактап кетти. Мен уулума барышым керек, — деп шаардын четине шашты. Чыны эле уулу бүтпөй калган эски имараттын ичинде буту-колу байлануу, оозун капшыра таңылып жаткан эле. Ал уулунун онтогон өңүн көрүп, эреркей жалынып-жалбарып чече баштады.

Турат Муталибович мына ушунда биринчи ирет Шамдын кылмышына бет келип, куулугуна аргасыз таңданган. Албетте, бул окуя Банкирди жөн эле шок кылды. “Камырдан кыл сууругандай” жасаган ишине суктанды. Кандай болбосун бул баланы табуу керектигин эп көрдү. Жо, жазалаш үчүн эмес. Анткени, кызык эле. Банкирге керек болчу, мындай талант.

Шам башынан өткөн ушул окуяларды эстеп олтуруп, кеч кирип калганын да билбей калды. Дачадагы бейпил күндөр да аягына чыгып баратты.

Президенттин уулунун тентектиги

Шам таң эрте туруп машыгып, өз формасын сактап жүрүнү адатка айландырган. Тамактанууну унутса унутат, бирок машыгууну жаздым калтырчу эмес. Дачага келгени тоо боорун аралай чуркап, көк кашка сууга чайынып сергек жашоосун улантып жатты. Түйшүгү мол турмуштан арылып, тоолор менен сырдашып, табияттын миң кубулушуна суктануу үчүн келген эле мында. Канчалык көңүлүн көтөрүп, көксөөсү канганча сайран курайын дегени менен олигархтын алдында, бүткүл братванын алдында сөзгө сындырган Сапердун саткындыгы санаасынан кетпей койду. Миллиондон үмүт кылган эски досунун мерт болгонун угуп, “өзү кылган иш, өз башына муш” деп, алдыдагы иш пландарына башы катты. Албетте, мында олигархтын тагдыры да катылуу эле. “Баарын бир чөгөлөтөм” деген өжөр кектенүүнүн деми өчө элек болчу. Шамды шайлоо деле көп түйшөлткөн жок. Буга караганда көпөстүн “көзүн ачуу” маанилүү эле. Басса-турса ушул ойлор. Баса…

Баса, Шамдын депутат болушуна эң оболу президенттин эрке баласы Айдан кызыктар болгон. Эгер ал эл өкүлү болуп калса, экөө дагы да көп ишти жасоого жетишерин кексе бала сезгендей, жанын койбой көндүргөн. Депутаттын иш-таржымалын билип алгандан кийин олигархты багынтууга болоруна көзү жетип жүрдү. Айдан атасына жолуктуруп фбатасын алып бергенден кийин шайлоого ишенимдүү киришкен. Шам шайлоо жөнүндө ойлонуп олтуруп, Айдан менен алгачкы таанышкан күндөрү көз алдына тартылды…

…Ага чейин президентке деле көп маани берчү эмес. Ар ким өз ишин жасайт деген принцибине ишенчү. Бир күнү президенттин эрке баласы казиного келип бар пулун уттуруп, тополоң салып, эртеси күнү бир топ чиновниктердин коштоосунда уттурган акчасын эки эселеп өндүрүп кетти деген сөз тарады. Мындай кеп деле көңүлүнүн сыртында калган. Президентти бир башкача элестетчү. “Адамдардын тазасы, тунугу Президент болот” дечү. Ошого суктанчу. Ушундан улам анын баласынын жоругуна ишенген жок. Андан көп өтпөй Президенттин баласынын тентектиги жөнүндө өзүнүн жан-жөөкөрлөрүнөн угуп, анын шердигин өз көзү менен көрүүгө кызыкты.

Казино чыны бирөөнүн кылыгына көңүл бура турган жай эмес. Ал жерде өзүн кармай албагандарга орун жок. Мыйзамы ошондой. Уттурдуңбу тагдырыңа тан бер. Билегиң жоон болсо, анда башка кеп. Аны да сынай турган жай бар. Баары өз орду менен болуш керек. Шамдын түшүнүгү боюнча ушундай. Анан тополоң-тоз салып, акчасын өндүрүп кеткен Президенттин эркесинин жоругун жолдо калсын. Баланын казиного келерин күтүп олтуруп, ушундай ойго чырмалды.

Президенттин баласын жандап келген алибеттүү, дене-мүчөсү чың, төрт жигитти көргөн Шам кубаттай турган көрүнүшкө кабылды. “Кантсе да падышанын уулу эмеспи” деди ичинен сакчысы менен жүргөнүнө ынанып. Келишимдүү кийине, күлмүңдөгөн бу жигиттен жаманчылыкты күтүп болбос эле. Жайдары мүнөзү Шамга жакты. Ал анын кыймыл-аракетин кылдат тиктейт. Баары менен тегиз ымаласы бардай, саламынан жазбайт. Алдына арак-шарап коюлуп, сый көрсөтүлө баштады. Ичимдикти тандабай ичерине көзү жетти Шамдын. Кайдан-жайдан жанына кыздар пайда болду. Казинодогу тейлегендер чарк айлана кызмат көрсөтүп  жатышты. Шам үчүн бул сыноонун башталышы эле. Ошондуктан шашпай назар салып олтурду. Кумарын арттырган казинодогу оюнга көңүл бурбай, кыздардын кылыгына элжиреген президенттин уулу тез эле кызып бараткандай, күлкүсү топ жарат. Селкилердин төшүн ачып өпкүлөп, тегерегиндегилерди көзүнө илбей, бирисинин мамагынан соро баштаганда, өзүн оңтойсуз сезген кыз ордунан тура качты. Бала анын олоң чачын колуна бурай кармап, чыңырта сүйрөп, тепкилей баштады. Столду тегеректей турган төрт жигит эч кимди жакын жолотпой чеп болуп турду. Жан бүткөндүн баары үтүрөйө тиктешкени —  кыз менен бала. Шамдын чыдамы кетип:

— Токтот, акмак!.. – деп кыйкырганда, залдын ичи заматта тынчттыкка бөлөндү. Бала Шамдын жүзүнө күлө карап:

— Ким, акмак?!. Менби?.. Ойлонуп сүйлөдүңбү?.. Тартипке чакырып койгулачы муну…- деп сакчыларына кайрылды. Анын кызарган көзүнөн бир нерсе тартып алганын байкады Шам. Баланын сакчылары аш-паш деп жылганча Шамдын баш кесерлери куюндай чимириле төртөөнү төрт жерге жыга тээп, эч нерсе болбогондой жайынан орун алышты. Тизелей жер таянган кыздын кыңшылап ыйлаган үнү гана угулбаса, баары ордунда катып калгандай тым-тырс.

— Балакай, биринчи жана акыркы эскертүү…  Эсиңе кел, чычым!.. — деп Шам чыгып кетти. Президенттин уулу нес болду да, калды.

Бул окуя эч кимди кайдыгер калтырган жок. Шамдын калыстыгын жактаган бизнес элитанын өкүлдөрү да ыраазычылыгын билдирип жатышты. Анткени, Президенттин уулу майлуу-сүттү, бутуна туруп калган бизнеске көзүн артып, куугунтуктай баштаган. “Эми эмне болор экен?..” “Шамдын ишканалары текшерүүдөн башы чыкпайт го?.. деген түркүн сөз тарады. Бирок, эл ойлогондой андай коркунуч деле болбоду. Анткен менен ал  кандай күрөш болбосун баарына даяр болчу. Арадан көп өтпөй президенттин уулу Шамдын алдына барып, кеңири пикир алышууга үлгүрдү. Президенттин уулу кылмыш дүйнөсүнө өзүнүн тийгизе турган таасири жөнүндө сөз жүргөндө Шам анын  кебин бөлө тартып:

—  Айдан, сен атаңа ишенип, кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамына үстөмдүк жүргүзө албайсың. Ушуну билип кой… Айтпады дебе… Атаң экөөңө жазып берген мыйзам бар, ошонун чегинен чыкпасаң өркүнүңөр өсөт, — деп өкүм сүйлөдү. Айдан ашепки сөз сүйлөп койгонун сезип, мамилени бузуп албаска аракет кылып, алгачкы ыңгайсыз жолугушууну эске салгысы келди окшойт. Сыпайы сөз баштады:

— Чекилик кимден кетпейт. Ичкилик итчиликке алып барат дегени чын экен… Баягыда казинодо өзүмдү кармай албай калдым. Мен деле пендемин да… Тополоң салса эле президент атасына ишенип атат деген болбогон кеп. Жаштык мастык болуп аткандыр… — Шам бу жигиттин чет өлкөдөн билим алып дүйнөгө көз карашы терең болсо керек деп жүрсө, эми анын өтө куу экенин да байкап олтурду. Айткан сөзү орундуу, “токумун жеген” тулпардай, кыраакылыгы бөтөнчө. “Буга чейинки бизнесмендерге жасаган кордугун “жаштык-мастыкка” шылтап жүрө берчү болсо кууратат го элди” деген ой келди. Ал негедир Шам менен чечиле сүйлөшкүсү келип, удулун таппай жаткандай эле. Шам да ага көңүлү сүйбөгөндөй мамиле жасап, суроосуна кыска, үзүл-кесил жооп берип жатты.

— Сенин көк жалдыгыңды, жигитчилигиңди баалаймын, — деди Айдан анын жүрөгүн жибитер сөз табууга далалат кыла.

— Рахмат, комплиментиңе…

— А балким кызматташабыз… Кандай дейсиң?..

— Ким кимге кызмат кылат, ошондо…

— Экөөбүз биригип элге кызмат кылабыз…

— Гениалдуу сунушуң бар экен…

— Шам сен авторитетсиң… Көбү сени угат…

— Аны танбайм… Ток этер жерин айт…

— Эмне кылсам, сага жардамым тиет…

— А мен сенин жардамыңа муктаж эмесмин, балакай…

— Кандай десем… Сен жөнүндө жүрөк жылытарлык жакшы сөздөрдү көп уктум. Эркекче кол алышып, кызматташсак жаман болбос эле деген ой келди. Өзүң бил…

— Дагы кайталайм… Атаң экөөң кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамына үстөмдүк кыла албайсыңар… Кол берип аткара албай калсаң жаман болосуң… Агер мага чын эле ниетиң түз болсо анда көрөлү, — деп кнопканы басып, “Эдикти чакыр” деди. Ал кирип келгенден кийин, Айдан менен тааныштырып:

— Бизди сыйлабаган атайын кызматтын, менттердин, следактардын тизмесин берчи, таанышып көрсүн… Азыр чыгып сага жолугат, баарын түшүндүр… Бошсуң… – ал Эдилди узата тиктеп:

— Кетиргенге жардам бер. Өзүбүздүн адамдарды коелу… Биринчи ушул ишти ойдогудай орундатсаң, анан көрө жатарбыз…

— Ошондо эмне болот?.. — бала кызыга сурады.

— Казинолорго барып акча издебейсиң, акча сени издеп калат…

— Чын элеби?.. – деп көздөрү жайнады.

— Ал сенин аткарган ишиңе жараша… Айдан, мага капа болбосоң, сыйлуу адам келмек эле…- Шам шашкандай саатына карап койду. Президенттин уулу сыртка чыгып кеткенден кийин коопсуздук кызматын тейлеген Саперды чакырып: “Тиги жигиттен көзүңдү алба. Тыңчы кой… Ийге келсе ишибиз оңолот… Түшүндүңбү… Карыш басканын мага билгизип тур” деди.

(уландысы бар)