Бала бакча балалыктын башаты
16.09.202115-сентябрь өлкөдө билим күнү белгиленди. Билим күнүн утурлай Жалал-Абад облусуна караштуу, Базар-Коргон шаарында 100орундуу Ак кеме-1 балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бала бакчанын тендердик баасы 24млн.477миң сом. Андан сырткары Бешик-Жон айыл аймагынын Жон айылында да 75 орундуу бала бакчанын ачылуу аземи болуп өттү. Бала бакчаны курууда Бешик-Жон айыл аймагынын жеке казынасынан (местный бюджеттен)22млн сарпталган.


Эске сала кетсек бул эки бала бакчаларды куруу Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын экс депутаты Талайбек Масабировдун демилгеси менен башталган. Базар-Коргондук шайлоочуларынын бала бакча куруп берүү жөнүндөгү өтүнүч арызынын негизинде Т. Масабиров өкмөткө сунуш берип, республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы 30-июнда капсула салынган. Бир күндө капсула салынган эки бала бакча, кайрадан бир күндө пайдаланууга берилгени көңүл кубантарлык иш. Балалыктын башаты болгон бала бакчалардын ишке берилүүсүн элеттиктер кубануу менен кабыл алышты.



Бүгүнкү бала бакчаларды ачуу салтанатына Жогорку Кеңештин экс депутаты Талайбек Масабиров, Президенттин Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Базар-Коргон районунун акими Джанысак Сатыбалдиев жана жергиликтүү тургундар катышты.




Шайлоочуларынын суранычтарын четке какпай, өз учурунда өкмөткө жеткирип, өлкө казынасынан акча бөлдүрүп, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин курууда зор салым кошкон ЖКтин экс депутаты Талайбек Масабировго элет тургундары рахмат айтышты. Андан сырткары өлкө казынасынын тартыштыгына карабай бала бакчаларды курууда республикалык бюджеттен акча бөлгөн өкмөт жетекчилерине да терең ыраазылык билдиришти.
Булак: BULUT.KG