Бакиров «Ош» базары дагы өрттөнүп кете электе маселени чечүүнү сунуштады
18.04.2019Эл өкүлү өз сөзүндө мэрия парктар менен жолдорду оңдоп жатканы менен башка социалдык маселелер калып жатканын билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты, төраганын орун басары Мирлан Бакиров «Ош» базарынын айланасында акыркы 3-4 күндөн бери болуп жаткан окуяны мэрия тез аранын ичинде чечүүсү керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.
Депутат өз сөзүндө мэрия парктар менен жолдорду оңдоп жатканы менен башка социалдык маселелер калып жатканын билдирди.
Депутат өз сөзүндө «ал жерде дагы өрт болуп же дагы башка социалдык маселелер чыгып кете электе барып кырдаалды жайгаштырсын» деди.
Эскерте кетсек, «Берекет универсал» кичи базарын жаап, ал жерге соода комплексин куруу пландалууда. Буга каршы болгон соодагерлер митингге чыгып, мамлекеттик органдарга кайрылууда. Алар эгер базар жабылса, кайда барабыз деп нааразы. Базар жетекчилиги мурда өрттөнгөн базардын ордуна курулган имараттын ичинен күркө сатып алууну сунуштаган. Бирок соодагерлердин айтымында, анын бир чарчы метри 1500 доллар. Мындан сырткары, күн сайын ар бир чарчы метрине 50 сомдон ижара акысын төлөшү керек. Эгер 10 чарчы метр жерде иштесе, ижарага айына 13 000 сом кетет.
Булак: sputnik.kg