Базар-Коргон шаарында “Куран жазы” жарышы старт алды

Базар-Коргон шаарында “Куран жазы” жарышы старт алды

25.09.2021 Выкл. Автор bulut.kg

Булак: BUIUT.KG

Базар-Коргон шаарындагы “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде  «Куран жазы» аттуу Республикалык куран жарышынын жыйынтыктоочу салтанаты өтүп жатат. Салтанатка Кыргыз Республикасынын муфтийи Замир Ракиев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров, жана дин аалымдары, Арабия, Өзбекстан, Казакстандан келген коноктор, Жогорку Кеңештин экс депутаты Талайбек Масабиров, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков,  Президенттин Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаевдин орун басары Ы.Ызабеков, Базар-Коргон районун акими ДЖ.Сатыбалдиев, жана жергиликтүү тургундар катышууда. “Куран жазы” аттуу  Республикалык куран жарышынын эң негизги демөөрчүсү “Бай-Дыйкан” дыйкандарды колдоо борборунун жетекчиси Эрлист Акунбеков. Жарыштын байге фонду 2000000млн сом. Эң негизги демөрчүлүктү мойнуна алган Эрлист Акунбеков сүйлөп жатып, куран жарышты өткөрүүгө демөрчүлүк кылуудан мурда кичи мекенимде өткөрсөк деген кыялдарга баттым деп айта кетти. Кут даарып, кызыр жылоологон бейиштин төрү болгон Базар-Коргон району атагы ааламга тараган устаз, Чубак ажы Жалиловдун да кичи мекени экенин айта кеткибиз келет.